Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Тажикстанда түрк лицейлери жабылат


Тажик студенттери
Тажик студенттери

Тажикстанда түрк лицейлери таланттуу балдар мектептерине айландырылат. Мунун алдында Түркиянын президенти бир нече өлкөдөн, анын ичинде Тажикстандан "Хизмет" кыймылына караган түрк мектептеринин ишмердүүлүгүн чектөөнү суранганы кабарланган.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги быйыл күздөн тарта бардык тажик-түрк лицейлери "таланттуу балдар үчүн" мектеп болуп иштей баштарын бышыктады. Бул лицейлер Фетхулла Гүлендин "Хизмет" кыймылына карашат.

Жаңы мектептерде түрк тилин окутуу токтотулат. Бул окуу жайларда билим берүү мурдагыдай эле ата-энелердин эсебинен болмокчу.

Тажикстандын билим берүү жана илим министри Нуриддин Сауд "Азаттыктын" тажик кызматы менен маегинде билдиргендей, бардык тажик-түрк лицейлеринин ишин тейлеген "Шалола" ишканасы менен тийиштүү документтерди даярдоо тууралуу макулдашуу жетишилди.

Министрдин айтымында, "Шалола" компаниясы билим берүүнүн сапатын мурдагыдай эле түркиялык деңгээлде сактап калууну көздөп жатат:

- Биз лицейлерде табият таануу, физика, химия, математика өңдүү сабактарды окуткан Түркиянын жарандары менен келишим түзөлү деп жатабыз. Ал тургай Бангладештен, Пакистандан жана Орусиядан орусча, англисче сабак бере турган мугалимдерди да ишке алууну каалайбыз.

Тажик-түрк лицейлерин "таланттуу балдардын мектептерине" айлантуу тууралуу маалыматты "Шалола" компаниясынын өкүлдөрү азырынча бышыктай элек.

Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Абдыжаббот Алиевдин айтымында, мурда окуттуу эки тараптуу болгондуктан түрк тилин үйрөтүү милдеттүү болгон, азыр эми мындай зарылчылык жок болуп калды.

19-майда түркиялык Daily Sabah басылмасы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бир нече өлкөнүн, анын ичинде Тажикстандын жетекчилигинен "Хизмет" кыймылына тиешелүү болгон түрк мектептеринин ишмердүүлүгүн чектөөнү суранганын жазган эле. Гезиттин ырастоосунда, Эрдоган бул сураныч менен Азербайжандын, Сенегалдын, Габондун, Косово, Конго, Казакстан, Сомали, Жапониянын да жетекчилерине кайрылган.

Эрдогандын өтүнүчүнө бардык өлкөлөр макул болгон эмес. Алардын арасында Албания да бар. Ошол эле убакта Габон менен Сенегалда бул лицейлер жабылып калган.

Учурда АКШда жашаган Гүленди түрк бийликтери мыйзамсыз ишмердүүлүгү жана бийликти кулатуу аракети үчүн айыптап келет. Былтыр жыл соңунда Стамбул соту аны камакка алууга буйрук чыгарган. Прокурор ошондой эле Түркиянын Юстиция министрлигине Гүленди Интерполдун кара тизмесине киргизүүнү сунуш эткен.

Бул лицейдин Тажикстанда болушунун өзгөчөлүгү "Хизмет" кыймылы пантүркизмди шыкактайт деп саналат, ал эми Тажикстан тарыхый жана геосаясий көз караштан алганда пантүркизмдин алкагында болгон менен, элинин көбү фарсы тилине караган тажикче сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG