Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Партиялар катарын жаштар менен толуктоодо


"Жаңы муун"
"Жаңы муун"

Шайлоого барары тууралуу БШКга маалымат берген саясий партиялардын ичинен башкаруу коалициясындагы “Ата Мекен” партиясы оппозициялык “Жаңы муун” кыймылы менен кызматташарын, ал эми оппозициядагы “Республика Ата-Журт” партиясы либерал жаштардын “Реформа” партиясы менен бириккенин жарыя кылды.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жаштардын "Жаңы муун" кыймылы менен кызматташуу меморандуму кандайдыр бир соодалашууга негизделбегенин айтты:

- "Жаңы муун" кыймылы менен келишим түзөбүз дегенде көбү алар эмне сурап жатканына кызыгышты. Мен айтып койоюн, алар эч нерсе сураган жок. Тизмеден орун да, кийин өкмөттөн кызмат да сураган жок. Тескерисинче, оппозицияда болуп калсак, бүт кыйынчылыктарда чогуу күрөшөлү деген жүктөрдү алып отурат.

“Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Мавлян Аскарбековдун айтымында, бул топтогу жаш саясатчылар Кыргызстанда системалык өзгөрүүнү, криминал менен коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштү жактагандыктан, дал ушул көз карашты бөлүшкөн партия деп “Ата Мекенди” тандап алышты.

"Жаңы муун" кыймылынын мүчөлөрү
"Жаңы муун" кыймылынын мүчөлөрү

Анткен менен эксперт Бороон Жаанбаев “Жаңы муун” кыймылынын "Ата Мекен" менен кол кармашуусунда саясый соодалашуу бар деп эсептейт:

- "Жаңы муун" бардык добуштарын берип, депутаттарды жалгыз "Ата Мекенден" чыгарууга макул эмес болушу керек. Саясатта бардык эле чындык айтыла бербейт. Саясый оюндар көшөгөнүн артында жүрөт эмеспи.

Дымактуу дагы бир партия “Республика Ата-Журт” болсо, парламенттик шайлоону утурлай жаш либерал саясатчылардын "Реформа" партиясы менен биригип, шайлоого чогуу барарын ачык жарыялады.

“Реформа” партиясынын лидерлеринин бири Азамат Акелеевдин айтымына караганда, реформачылардын башкы максаттарынын бири парламенттик шайлоо тизмесине кирүү. Бирок Акелеев “Республика Ата-Журт” акчасына таянып, “Реформаны” өзүнө буруп алды деген пикирлерди төгүндөдү:

- Бир да тыйын төлөгөн жокпуз, бизге дагы төлөнгөн жок. Бул жерде биздин негизги кызыкчылыгыбыз ар дайым сунуштап келген реформаларды ишке ашыруу.

"Реформа" партиясы "Республика Ата-Журт" менен биригүүдө
"Реформа" партиясы "Республика Ата-Журт" менен биригүүдө

Саясатчылар элдин ишениминен алыстап, аргасыздан жаштарды катарына тартып жатканын журналист-серепчи Төлөгөн Сулайманов айтат.

Эгемендүүлүктү алгандан бери ар кызматтарда иштеп келген саясатчылардан майнап чыкпасын эл билип калды деген Сулайманов, жаштарга болгон ишеним коомчулукта бар экенин айтат. Натыйжада жаш муундун артына жамынып шайлоодо добуш алуу аракети жүрүүдө:

- Мурдагы саясатчылар өздөрүнүн ордун бериш үчүн, же жаш кадрларды өстүрүү үчүн эмес, булар жаштардын атынан жеке саясый кызыкчылыктарына жетүүнүн амалын көрүп атышат. Бабанов, Ташиев деле элдин ишенимин актай алган жок. Ошондуктан жаштардын бир тобуна биригүүгө муктаж болуп турушат.

"Реформа" партиясы 2008-жылы түптөлүп, либерал жаштарга басым жасап келген. 2012-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып, 8-орунду алган эле.

Ал эми "Ата Мекен" менен кол кармашкан “Жаңы муун” кыймылы азыркы бийликке оппозициялык маанайда. Кыймыл жаштары ар дайым бийликтин терс аракеттерин сындап, өз пикирлерин ачык айтып келгендери менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG