Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”


Раимбек Матраимов (ортодо)
Раимбек Матраимов (ортодо)

Өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу менен Райымбек Матраимов 25-августта Бажы кызматынын жетекчи орун басары болуп дайындалды.

Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.

Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун тымызын жаздырылып алынган телефондогу кайым айтышуусу да ушул Матраимовдун айынан чыккан.

Ал такай көмүскөдө жүрөт жана эл арасында “Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал.

Райымбек Матраимов бул тармакка Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси, Оштун Кара-Суу районунан чыккан Муратбек Малабаев аркылуу келгени айтылып жүрөт. "Кыргыз Ата" партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаевдин билдиришинче, ишин алгач айдоочу болуудан баштаган деген эл арасында сөз бар:

- Ошол кездеги Бажы кызматынын жетекчи орун басары Муратбек Малабаевдин шоопуру болуп жүргөнүн уккам. Кыргызстанда белгисиз адамдардын бийликке келишине таң калуунун деле кереги жок. Чынында ал эмнеге “Райым миллион” деген атка конгонун билбейт экем. Кыргызстанда таза, чынчыл, жакшы адамдар бийликке келет деп күтпөй деле койсо болот. Баягы Ак үйдөгү аттуу-баштуу таасирлүү жетекчилеринин тымызын жаздырылып алынган телефон сүйлөшүүлөрү ачыкка чыгып, анын кантип Бажы кызматына жетекчи болгонунун жашыруун сырлары коомчулукка жарыяланып кетпедиби. Ошол боюнча иликтөө жүргөн жок. Бирок бул эртеби-кечпи ачыкка чыгат. Азыр Кыргызстанда таза иштеп, маңдай тери менен карьера жасаган адам бийликке келбейт.

Атамбаев менен Бекназаровду айтыштырган бажычы

Төлөгөн Келдибаев апрель ыңкылабынан кийинки Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун тымызын жаздырылып алынган телефон сүйлөшүүсүн кеп кылып жатат. Анда Атамбаев менен Бекназаров кадр маселелери, тактап айтканда, Бажы кызматынын түштүктөгү жетекчисин дайындоо тууралуу кайым айтышканы белгилүү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:39 0:00
Түз линк

Азимбек Бекназаров кийинчерээк сөз Райымбек Матраимов тууралуу болгонун тастыктаган. Ал ошол сүйлөшүүнүн таржымалын “Азаттыкка” айтып берди:

- Аны Бажы кызматынан революционерлер, азыркы губернатор Сооронбек Жээнбековдор кууп чыгыптыр. Ордуна башка баланы коюптур. Анан алар мага “биз ушул баланы койсок, Матраимов Бишкекке барып 400 же 700 миң доллар берип, кайра буйрук чыгартып алыптыр, бул эмне кылганыңар” деп арызданып, Сооронбай ыйлаган. Мен анан Атамбаевге чалып, Сооронбай ыйлап атат, мындай болбойт да дегем. Ошол боюнча эле анан иштеп калбады, эми бул жакка орун басар болуп келди. Албетте, мунун баары акчанын күчү менен. Кийинчерээк ал баланы бир жолу көрдүм. Бою кичинекей эле бала экен. Ал бала өмүр бою эле “капчык” болуп, пул менен ишин бүтүргөн неме экен.

Бардык бийликтин тилин тапкан, канча өкмөт алмашса да ордунда бекем отурган, ташы өйдө кулап, кирешелүү кызматында жогорулаган Райымбек Матраимовдун ийгилигинин сыры акчада деген пикирлерге Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бегалы Наргозуев да кошулат:

- Ал жакынкы күндөрү күтүп турсаңар Бажы кызматынын төрагасы да болот. Анын ийгилигинин жалгыз сыры эле - ал дайыма президенттердин чөнтөгүн толтуруп жүрөт. Мурун Бакиевдин учурунда да, азыр Атамбаевдин учурунда да ушундай. Болгон сыры эле ушул. Бийлик өзгөргөнү менен салыктар көбөйгөн жок. Болгону бажы салыгы гана соодагерлердин эсебинен көбөйтүлдү. Бул тармактагы мурунку коррупциялык схемалар ошол боюнча калды.

Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагында жетекчи кызматтарда иштеген Райымбек Матраимов бир дагы жолу интервью берген эмес жана дайыма көмүскөдө жүрөт. Биз дагы байланышып, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ал тууралуу Бажы кызматынын мурунку маалымат катчысы, бул тармакта бир топ жыл иштеп кеткен Абдылда Малдыбаев айтып берди. Ал кызматынан алууга бир канча аракеттер болгонун, далай текшерүүлөр жүргөнүн, бирок Матраимов баарына туруштук бергенин кеп салды:

- Апрель окуясында, ага чейин деле бардык нерсеге туруштук берди. Кылмыш топтор анын ордун алабыз, басып алабыз деген учурлар болду. Ошолордун баарына туруштук берди. Өкмөт алмашкан сайын ошол кызматты алууга аракеттер болду. Бул бала ошол жерге колун матырган жери жок. Анын жүк ташуучу ишканасы бар. Өзүнүн кызматкерлерине, Эркеч-Тамга барып, мага муну-тигини алып келип бергиле деп, салык салган фактылар жок. Органдагы адамдар анын ишинен кемтик табууга бир канча жолу аракет жасашты. Бирок майнап чыккан жок. Анын кызматына көз арткандар көп болду. Ошонун баарына чыдады. “Алгыла кызматыңарда, мен тоюп кеттим” деп кетип калган жок. Мен ошонусуна таң калдым.

Абдылда Малдыбаев Райымбек Матраимовду мыкты уюштургуч, берешен жетекчи деп мактады:

- Анын уюштуруу деңгээли мыкты. Кээ бирлер саймедиреп сайраганы менен ишти алып бара албайт. Анын кемчиликтеринин бири орус тилинде мыкты сүйлөп, жаза албайт. Эми ал деле түшүнүктүү, Оштун Кара-Суусунда чоңоюп, ошол жакта кыргыз мектепте окуган. Бажы кызматына ар кандай долбоорлор боюнча келген чет өлкөлүк конокторду тосуп алганды, аларды жайгаштырганды, "үшүгөн жоксуңарбы" деп кам көргөндү билет. Ошол эле апрель окуялары, июнь окуялары боюнча өкмөттүк комиссия келген сайын алардын баарын жайгаштырып, бүт баарын даярдап, тааныбаган кишилерди деле көчөгө калтырбайт, кыргызча айтканда, дасторкону кенен киши.

Иш жолун кантип баштаган?

Бажы кызматынын кызматкерлер менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Чолпон Батаеванын билдиришинче, ал иш жолун 1997-жылы жөнөкөй инспектор болуу менен баштаган жана 2004-жылдан баштап кызматы боюнча көтөрүлөт.

- 2004-жылы Кирешелер боюнча комитет түзүлгөндө аны түштүк региону боюнча жеке курам менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси кылып дайындашкан. Бир жылдан кийин эле Ош бажысынын жетекчи орун басары болуп көтөрүлгөн жана бул кызматта 2007-жылга чейин турган. 2007-жылдан 2013-жылга чейин Ош бажысын жетектеген. 2013-жылы Бажы кызматында структуралык өзгөрүүлөр болуп, Ош, Баткен жана Жалал-Абад бажылары биригип, Түштүк-батыш башкармалыгы түзүлгөн жана ага Матраимов башчы болуп дайындалган. Эми болсо Бажы кызматынын жетекчи орун басарлыгына келди. Ал бул кызматка капыстан эле келе калган жок, акырындап өсүп отуруп, ушул деңгээлге жетти.

Чолпон Батаева Райымбек Матраимов бир дагы жолу сөгүш албаганын айтып, кынтыксыз иштеди деп кошумчалады.

Бирок айрым байкоочулар Райымбек Матраимов Ош бажысын бир канча жыл жетектеп турганда коррупция тыйылбаганын, бул тармак оңолбогонун белгилеп жүрүшөт.

Карасуулук Матраимовдор ким?

Матраимовдордун үй-бүлөсү Ошто абдан белгилүү. Анын Мамлекеттик кадр кызматынын түштүктөгү башкармалыгын жетектеп келген бир тууган агасы Искендер Матраимов Социал-демократтар партиясынын тизмесинде 27-орунда шайлоого баратат. Иниси Тилек Матраимов Кара-Суу районунун акими. Оштогу жергиликтүү журналисттеринин биринин айтымында, Матраимов журналисттик чөйрө менен такыр байланышпайт:

- Негизи Матраимов деген фамилияны көп эле угабыз. Алар көп бир тууган, баары жетекчи кызматтарда иштейт. Абдан таасирлүү. Иш тажрыйбаларын мен жакшы деп айта албайм. Коррупциялык иштерге аралашканы, айрыкча Тилек Матраимов бир айыл өкмөтүн жетектеп иштегенде жерлерди сатып, ушундай иштерге аралашкан деген маалыматтарды окуганбыз. Тилек Матраимов өзү да орой, одоно сүйлөгөн киши. Мыйзамдуу кызмат укугу жетпеген жерди күч менен алган киши катары тааныйм. Акимчилик орунга деле бир топ ыр-чырга карабай отуруп албадыбы. Бирок Тилек Матраимов интервьюдан качпайт. Ал аким болуп дайындалганда агасы кийлигишти деген сөз чыкканда агасы Искендер Матраимов маалымат жыйын өткөргөн. Анын бир эжеси санитардык-эпидемиологиялык кызматта көп жылдардан бери башкы дарыгер болуп турду. Коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык абалды оңдогон жок. Мен журналист болуп он жылдан бери иштейм, бирок Райымбек Матраимов маалымат жыйын өткөрүп, Бажы кызматындагы жаңылыктарды айтып, ушундай иштерди кылганын бир да жолу уккан эмесмин.

Райымбек Матраимовго байланыштуу чуулуу окуялар да жок эмес. 2012-жылы Оштогу “Транс-Ордо” автожүк ташуучулар бирлигинин теңтөрагасы Мырзамат Чынгараевге кол салуу болгон. Анда жабырлануучу бул окуянын артында Ош бажысынын жетекчиси Райымбек Матраимов менен Эркеч-Там бажы көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Зафар Айдаров турат деп айтып чыккан. Ал аймактагы Бажы кызматындагы эбегейсиз коррупция, кыңыр иштер тууралуу айтып чыкканы үчүн сабалганын билдирген.

2008-жылы Райымбек Матраимовдун үйү каракталган жана ири суммадагы акча жана алтын буюмдар уурдалган. Бул окуя тууралуу жазып чыккан жергиликтүү басылмаларды коомчулукта мынча байлыкты кайдан жана кантип топтогон деген ашыкча суроолор жаралбасын деген таризде Матраимов тарабынан коркутуп-үркүтүү болгонун айтып чыгышкан.

Матраимовдун Ош шаарында жана Кара-Суу районунда спорт клубдары жана билеги күчтүү жоон топ балдары бар экени да кеп болуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG