Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Аялдардын ачуусуна тийген үч талак


Иллюстрация
Иллюстрация

Эл аралык басма сөзгө баяндама (24-31-август).

Индиядагы мусулман аялдар эркектердин “талак” деп оозеки үч ирет айтып ажырашуусун тыюу талабы менен демонстрацияларга чыгышууда. Бул тууралуу The Independent гезити жазып чыкты.

Исламдын шарты боюнча мусулман киши аялы менен үч жолу “талак” сөзүн айтып ажыраша алат. Бирок индиялык мусулман аялдардын 92 проценти мындай оозеки ажырашуу ыкмасын жоюуну суранышууда.

Индиядагы Бхаратия Муслим Махила Андолан аттуу укук коргоочу уюму 10 штаттагы 5 миң аялды Facebook, Skype жана WhatsApp аркылуу сурамжылаган. Аялдардын укугу корголбой жатканын айтуу менен аялдардын дээрлик бардыгы “талак” берүүнү токтотуу керектигин айтып чыгышты. Ошентсе алардын бул талабын Индиянын Мусулмандар башкармалыгы ишке ашырган жок. Индиядагы жалпы Мусулман укугу уюмунун Маулана Халид Рашид Фиранги Махали аттуу өкүлү: “Чакан сурамжылоо үчүн исламдын шартын тыя албайбыз. Диний мыйзамдар элдин каалосуна карай өзгөрө бербейт”, - деген Channel News Asia гезитине.

Палестинанын президенти кымбат ак сарай салдырууда

Палестинанын президенти Махмуд Аббас өлкөсү каржылык каатчылыктын тушоосунан бошоно албай жатканына карабай Рамаллага 13 миллион доллардык президенттик ак сарай салдырганы жатат деп кабарлайт Newsweek журналы.

Президенттик Сурда Мейман Сарайы деп аталган долбоорду Палестинанын экономикалык өнүгүү жана кайра куруу кеңеши жактырды. Эки жылдын ичинде курулуш иштери аяктайт деп пландалууда. Сарайдын жалпы аянты 4 миң 700 чарчы метр. Палестина 2015-жылы каржылык кризиске бардык жагынан тушалып жатат. Март айында өкмөт чет элдик донорлордон 5,4 миллиард доллардык жардамды ала албай убара тарткан. Бириккен улуттар уюмунун палестиналык качкындар менен иштеген агенттиги да өлкөдөгү экономикалык абалды абдан кооптуу деп эскерткен. Буга карабай Аббастын жаңы долбооруна 13 миллион доллардай акча сарпталат деп жазат Newsweek.

10 миңдеген мигранттар Европаны сактап калат

The Washington Post гезитинин аналитиги Ишан Зарур Сириядан качкан он миңдеген мигранттар Европаны жок болуудан сактап калат деп жазып чыкты.

“Европада азыр Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле эң орчундуу качкындар менен мигранттардын кризиси башталды. Британия, Германия, Болгария Европадан бейиш издеген миңдеген мигранттардын толкунуна туш болду. Сербия Жакыңкы Чыгыштын мигранттарынын Европага өтүшү үчүн башкы өтмөк ролун аткарууда. 2002-жылдагы согуштук аракеттерден кийин Сербиянын калкы 5 процентке азайып кеткен. Эми мигранттардын жардамы менен көп жылдан бери чечилбей келген демографиялык көйгөйүн чечип ала алат. Сербиянын теңчиликти коргоо боюнча комиссары Бранкика Янкович Сербиянын бош турган жерин жылына Жакынкы Чыгыштын 100 миң мигрантына берүү ниети бар”, - деп жазат Ишан Зарур.

Жер ресурстары түгөндү

"2015-жылы жердин ресурстары толук бүттү, мындан ары келечектин ырыскысын түгөтө баштайбыз" деп жазат La Stampa гезитинин журналисти Лука Меркалли.

Табияттын бузулбай турган миңдеген жылдык токойлору кыйылып, уулуу заттар атмосферага толуп, климат улам өзгөрүп барат. Акыркы ирет адамзаты мындай ресурстарды сактап калууну 1970-жылы ишке ашырган. Анда дүйнө калкынын саны болгону 3 жарым миллиард эле. "Акыркы 45 жылдын ичинде адамдын энергия жана буюмга болгон талабы укмуштуудай артып, акыркы изилдөөлөр боюнча, жердин биосферасы миллиондогон жылдар бою заряддалып жаткан ири батареядай болсо, азыр тез эле заряды өчүп баратат" деп жазат La Stampa.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG