Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Шайлоо жыйынтыгы: кимдер депутат болот?


Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен жалпы 7 пайыздык жана аймактык 0,7 пайыздык босогодон өткөн алты партияга мандаттарды бөлүштүрдү.

Биринчи орунга КСДП партиясы чыгып, экинчиде "Республика-Ата Журт" турса, калган орундарды “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары ээледи. Саясий күчтөрдүн мындай салмак орду айрымдарды таң калтырса, кээ бирлери буга чейинки жалпы божомолдон чоң деле айырмачылык болбогонун айтышууда.

Күтүлгөн күтүүсүздүктөр

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 4-октябрь күнү кечинде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, катышкан шайлоочулардын жалпы добушунун жети пайыздан жогорусун алган КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары аймактык босогодон да өтүп, алдыга чыгышты. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча калган сегиз партия жети пайыздык чектен аша албады.

Жалпы эсеп боюнча жетинчи орунда калган “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров күтүүсүз жыйынтык болгонун белгиледи:

- Кээ бир жерлеринде таптакыр түшкө кирбеген нерселер болуп жатат. Бирок эми добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгын күтөлүчү. Шайлоо протоколдору бардык жерлерден келип түшө элек. Биз түнү менен өзүбүздүн протоколдор менен БШКнын маалыматтарын салыштырып, анан жыйынтык чыгарабыз. Митинг-пикеттер менен маселе чечилбейт. Биз күткөн жыйынтык чыкпай калса, жер тепкилеп ыйламак белек. Эл добуш бербей койду деп эле айтыш керек.

Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча утуп чыккан алты партиянын ортосунда мандаттардын бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй болду.

КСДП шайлоочулардын 27,48% добушу менен 38 мандатка, “Республика Ата-Журт” 20,13% добуш менен 28 мандатка, “Кыргызстан” 12,75 пайыз добуш менен 18 мандатка ээ болот. “Өнүгүү-Прогресс” 9,32% менен 13 орун алса, “Бир Бол” партиясы 8,44% добуш менен 12 орунга жетишет. “Ата Мекен” 7,76% добуш менен 11 мандатка ээ болору болжолдонууда.

Шайлоочунун “татыктуу” тандоосу...

“Жаңы муун” жаштар кыймылынын өкүлү Адил Турдукулов жаңыдан чыккан алдыңкы үч партиянын шайлоодогу ийгилиги таң калычтуу болгонун айтты:

- Жаңыдан түзүлө калып эле шайлоого аттанган партиялардын алдыга өтүп кетиши аябай таң калычтуу болду. “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Бир Бол” партиялары алган жыйынтык чынында өзгөчө болду. Бирок соңку үч-төрт күндө добуштарды сатып алуулар катуу жүргөн деген маалыматтар бар. Бул шайлоодо моюнга ала турган нерсе - акчанын күчү канчалык чоң экенин көрсөттү.

Бул жолку шайлоодо шайлоочулардын добуштарын жапырт сатып алуу тенденциясы мурдагыга караганда дагы күчтүү болгону белгиленүүдө. Буга саясий партиялардын шайлоочуларды автомашиналар менен ташуу фактылары мисалга алынды. Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жыйынтык боюнча мындай деди:

- Эл кандай добуш берсе, ошондой жыйынтык чыкты. Демек элдин тандаганы ушундай экен. Шайлоо таза өттү деп айтыш кыйын. Бирок анын жыйынтыгын чыгаруу адилеттүү болду. Бардык партияларга мүмкүнчүлүк берилди. Кайсы партиялар ири өлчөмдөгү акча менен шайлоо өнөктүгүн өткөрсө, ошого жараша жыйынтык чыкты. Сыртта ага кандай таасир этүү болбосун, шайлоочуларда кабинага киргенден кийин өзүнүн жогорку аң-сезими менен добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок алар эмнеге карап добуш бергенин өздөрү көргөздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргени боюнча, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, расмий шайлоочунун тизмесине киргизилген 1 млн. 335 722 жаран парламенттик шайлоодо добуш берген жок. Буга азырынча шайлоочулардын добуш берүү жараянына кайдыгер караганы себеп болгондугу айтылууда. Бирок айрым саясий партиялар жана байкоочулар шайлоочулар тизмеде бар болсо да, алардын аты-жөнү катталган жериндеги участоктун тизмесинен эмес, башка жактан чыгып жатканын белгилеп, буга БШКны жана аймактык шайлоо комиссияларын айыпташууда.

Расмий маалыматтарда шайлоочулардын 60% жакыны гана добуш берген.

Өкмөт башчы Темир Сариев добушканалар жабылгандан кийинки маалымат жыйынында өлкөдө шайлоону биринчи жолу таза өткөрүүгө саясий эрк жетти деп билдирди. Анын айтуусунда, бул жолу шайлоо өнөктүгүндө бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүп, шайлоо мурда болуп көрбөгөндөй таза өткөн.

- Бардык саясий партиялар бийлик менен өкмөт тең салмак мамиле кылганын айтышты. Алардын баарына ММК жана теле аркылуу бирдей мүмкүнчүлүк берилип, шайлоочулар менен кенен жолуга алышты. Бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгы – шайлоочулардын каалоосу.

Премьер-министр шайлоочулардын катышуусу бүгүнкүдөн көбүрөөк болот деп күтүлгөнүн кошумчалады. Ошондой эле анын айтуусунда, эл аралык байкоочулар Кыргызстанда 4-октябрда өткөн шайлоону жогорку деңгээлде өттү деп белгилешүүдө.

Бул күнү Кыргызстандагы шайлоого чет мамлекеттен келген 611 байкоочу көз салды.

Деген менен шайлоого катышып, бирок тиешелүү добуш ала албай калган партиялар шайлоо таза өткөн жок деп баа беришүүдө. Маселен, Феликс Куловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, "Ар-намыс" партиясы шайлоочуларды сатып албаганы үчүн утулуп калды. "Ар-намыстын" лидери шайлоо таза өттү деген пикирден алыс:

- ИИМге түшкөн 10 миң арыз шайлоонун таза өтпөгөндүгүнө далил боло алат. Биздин партия айрыкча кошумча түзүлгөн 39 шайлоо участкасында утулуп калды. Ал кошумча участкалар эмнеге түзүлгөнү баарыбызга белгилүү.

Ушундай эле пикирди “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков да айтууда. Анын оюнча, бул парламенттик шайлоо башынан эле мыйзам бузуулар менен башталган. "Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өзү баш болуп, Социал-демократтар партиясына үгүт жүргүзүп жүрдү" дейт Исаков:

- Партия болсо президентти колдойлу деп ураан чакырды. Биз бул боюнча БШКга кайрылганыбыздан натыйжа чыккан жок. Баягы эле бийликтин партиясы үчүн бийликтин машинасы аябай иштеди. Таза шайлоо болот деген – иллюзия. Мына, Алайга Оштон унаалар менен элди ташып жүрүштү.

Шайлоого «Азаттык», «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Кыргызстан элдеринин конгресси», «Улуу Кыргызстан», «Замандаш», «Аалам», «Республика - Ата-Журт», КСДП, «Мекен Ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан - Эмгек», «Ар-намыс», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс» партиялары - баары 14 партия катышты.

Тизмедеги болочок депутаттар

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) 27,47% добуш менен 38мандатка,

“Республика Ата-Журт” 20,13% добуш менен 28 мандатка,

“Кыргызстан”12,79 пайыз добуш менен 18 мандатка ээ болот.

“Өнүгүү-Прогресс” 9,29% менен 13 орун алса,

“Бир Бол” партиясы 8,44% добуш менен 12 орунга жетишет.

“Ата Мекен” 7,76% добуш менен 11 мандатка ээ болушу болжолдонууда.

Ал эми жогорудагы партиялардагы талапкерлердин тизмеси боюнча ала турган болсо, анда алдын ала мандаттар төмөндөгүдөй бөлүнөрү айтылууда. Бирок партиялар өз чечимдери менен бул тизмеге өзгөртүүлөрдү киргизиши толук мүмкүн.

КСДП - 38 мандат

1. Турсунбеков Чыныбай Акунович
2. Жээнбеков Асылбек Шарипович
3. Аттокуров Данияр Бексултанович
4. Скрипкина Галина Анатольевна
5. Аманкулов Марат Аскерович
6. Маннанов Ильхом Абдукахарович
7. Акаев Жанарбек Кубанычович
8. Кодуранова Асел Союзбековна
9. Мискенбаев Мээрбек Жайлообаевич
10. Бекешев Дастан Далабайевич
11. Өмүркулов Иса Шейшенкулович
12. Строкова Евгения Григорьевна
13. Рыспаев Кожобек Жайчыбекович
14. Примов Улан Бердибаевич
15. Артыков Анвар
16. Мусабекова Жылдыз Аманбековна
17. Айнакулов Мухтарбек Айнакулович
18. Зулпукаров Төрөбай Закирович
19. Исаев Тилектеш Каримович
20. Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна
21. Касымбеков Нурбек Айтыевич
22. Момбеков Рыскелди Чыныбекович
23. Каримов Нодирбек Тохтосинович
24. Молдобекова Гүлкан Сакиновна
25. Жылкыбаев Узарбек Казиевич
26. Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович
27. Матраимов Искендер Исмаилович
28. Халикова Ашэра Леджебовна
29. Жетигенов Бакытбек Дженишбекович
30. Арапбаев Азамат Абдуллажанович
31. Мадеминов Мурадыл Ганыевич
32. Орозова Карамат Бабашевна
33. Жураев Сайдолимжон Маруфович
34. Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович
35. Кадыркулов Искендер Анарбекович
36. Алтыбаева Айнуру Тойчиевна
37. Кулбараков Абтандил Илдузович
38. Султанов Акылбек Шакирович

«Республика – Ата-Журт» - 28 мандат:

1. Бабанов Өмүрбек Токтогулович
2. Кылычбаев Алтынбек Таирович
3. Нифадьев Алексей Владимирович
4. Өмүрбекова Алтынай Сейтбековна
5. Мамытов Талант Турдумаматович
6. Жамангулов Акылбек Жекшенович
7. Сабиров Максат Эсенович
8. Асымбекова Гүлнара Үмөтовна
9. Тиллаев Таабалды Гапырович
10. Казакбаев Руслан Айтбаевич
11. Зулушев Курманкул Токторалиевич
12. Исаева Динара Шертаевна
13. Турускулов Жыргалбек Куручбекович
14. Сыдыков Бактыбек Усенович
15. Бокоев Кенжебек Сатымкулович
16. Түмөнбаева Рада Мураталиевна
17. Саматов Жыргалбек Алимбаевич
18. Кузиев Рустам
19. Абжалиев Алиярбек Токобекович
20. Исмаилова Аида Жекшенбаевна
21. Макеев Керимберди Жакыпович
22. Тулендыбаев Пархат Розымович
23. Батыров Акбарали Таштанович
24. Мавлянова Махабат Эргешовна
25. Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич
26. Чолпонбаев Улан Сапарбекович
27. Артыков Шамил Жусупович
28. Каратаева Уулкан Сатыбаевна

«Кыргызстан» - 18 мандат:

1. Исаев Канатбек Кедейканович
2. Турсунбаев Азизбек Атакозуевич
3. Алимбеков Нурбек Каарыевич
4. Султанбекова Чолпон Аалыевна
5. Калмаматов Жыргалбек Айтиевич
6. Тентишев Эркин Саткынбаевич
7. Жумабеков Дастанбек Артисбекович
8. Орозалиева Гульмира Кожошовна
9. Ишенбеков Урмат Ишенбекович
10. Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович
11. Макеев Нурланбек Кадыкеевич
12. Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна
13. Муратбеков Канатбек Камбарбекович
14. Асылбек уулу Дамирбек
15. Нурматов Кубанычбек Советович
16. Эсенаманова Чолпон Замирбековна
17. Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович
18. Маметов Медетбек Раимбердиевич

«Өнүгүү-Прогресс» - 13 мандат:

1. Төрөбаев Бакыт Эргешевич
2. Жунус уулу Алтынбек
3. Масалиев Исхак Абсаматович
4. Асылбаева Гүлшат Кадыровна
5. Шайназаров Тынчтык Урайымович
6. Султанов Абдыкапар Маданбекович
7. Назаралиев Эсенбек Сейдилдаевич
8. Сабирова Хулкарпаша Имамалиевна
9. Бакиров Мирлан Исакбекович
10. Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович
11. Жолдошбаев Камчыбек
12. Машрапова Гүлай Эгемназаровна
13. Жамалдинов Зиядин Исламович

«Бир Бол» - 12 мандат:

1. Абдылдаев Мыктыбек Юсупович
2. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич
3. Чудинов Игорь Витальевич
4. Жакупова Чолпон Идиновна
5. Жапаров Акылбек Усенбекович
6. Шадиев Аскарбек Алимбаевич
7. Бакчиев Жаныбек Абдукапарович
8. Мамытова Лунара Улукбековна
9. Пирматов Исхак Айтбаевич
10. Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович
11. Акматов Алмасбек Жумабекович
12. Эсенбаева Бакыт Үсөнбековна

«Ата Мекен» - 11 мандат:

1. Текебаев Өмүрбек Чиркешович
2. Шер-Нияз Садык
3. Салянова Аида Женишбековна
4. Никитенко Наталья Владимировна
5. Оторбаев Жоомарт Каипович
6. Сапарбаев Жоомарт Рахатович
7. Сулейманов Бахадыр Искакович
8. Мамашова Айсулуу Турусбековна
9. Нышанов Сайдулла Канболотович
10. Шыкмаматов Алмамбет Насырканович
11. Токтошев Эмил Токтакунович.

Ал эми төмөнкү 8 партия 7 пайыздык чектен аша албады:

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” - 6,15%,

“Замандаш” – 2,75%,

“Улуу Кыргызстан” - 1,51%,

“Ар-намыс” – 0,79%,

“Мекен ынтымагы” -0,79%,

Кыргызстан элдеринин конгресси – 0,60%,

“Аалам” - 0,41%,

“Азаттык” – 0,34%.

XS
SM
MD
LG