Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Жеңилген партиялар да шайлоону тааныды


Добушкана. Москва шаары
Добушкана. Москва шаары

Кечээки шайлоодо парламентке сегиз партия өткөн жок. Бирок, 6,15% добуш алган "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясы дагы бир топ тилкелердин добушу эсептеле электигин эскертип, мандат алып калабыз деген үмүттөрү өчө элек.

Партиянын теңтөрагасы Адахан Мадумаров добуштарды жана бюллетендерди кол менен санаганда кандайдыр бир башкача жыйынтык болуп калабы деп үмүт кылып жаткандай:

- Кээ бир жерлерде кол санак деп айтып атабыз. Аны күтүш керек. Анан кээ бир жерлерде, алыс кетпей Бишкектин Ленин районунан 4 миңге чукул добуш алсак 1,5 миңдей деп берип атат. Ушуга окшогондор толтура. Мисалы, Ноокаттан да 1,5 миң деп атышат. А биз эки жигиттин тилкесинен жыйнаган добуш эле 4 миңден ашып түшүп атат.

Бирок Адахан мырза өздөрүнө берилген добушту Борбордук шайлоо комиссиясынан мурда кандайча эсептеп алганын айткан жок. Ал эми мындан аркы кадамы тууралуу:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

- Кээде пикет-митинг жасап, көчөдө кыйкырганга караганда унчукпай жек көрүү аябай катуу күчкө ээ болуп кетиши мүмкүн, - деп кошумчалады.

Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо да ит жыгылыш менен жеңилип калган.

Учурда чет өлкөлөрдөгү 36, интернети начар же жок 22 тилкеден добуш берүүнүн жыйынтыктары келе элек. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров алар азыркы жыйынтыкка таасир этер-этпесин мындайча түшүндүрдү:

- Кээ бир байланышы жок майда айылдардан бюллетендер толук келе элек. Эми алардын кээ бирлеринде 100-150 добуштар келет. Ушул саттарга карата бизге келип түшкөн добуштардын негизинде жети пайызды аныктап атабыз. А тиги добуштар келсе база да өзгөрүп, пайыздын салмагы да башкача болот.

Генералдардын утулушу

Кийинки орундагы партиялардын добуштары кыйла аз. "Замандаш" 3 пайызга жакын, "Улуу Кыргызстан" 1,5, калган 5 партиянын алгандары бир пайызга да жетпейт. Башында Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Артур Медетбеков сыяктуу генерал саясатчыларды, Курманбек Осмонов, Бөдөш Мамырова, Турсунбай Бакир уулу сындуу 5-чакырылыштын депутаттары баштаган “Азаттык” партиясы кантип акыркы орунга чыгып калганын Исаков мындайча жоруду:

Исаков: КСДПнын ордуна биз болушубуз керек болчу. А булар аны атайылап жасап коюшту.

"Азаттык": Бирок, жүз миңдеген добуштарды азайтып коюу мүмкүнбү?

Исаков: ​Ээ, иним, булар азыркы техникалык каражаттардын баарын атайылап жасашкан. Эгер антпесе, биз сөзсүз биринчи орунга чыкмакпыз.

"Азаттык": Андай болгон күндө кол менен да эсептейбиз деп атпайбы. Анда добуштарыңарды ошол жактан эсептеп алсаңар болот да, өлкө боюнча байкоочуларды коюп?

Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

Исаков: ​Бизде аларды толук көзөмөл кылганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анын баарына каражат керек.

Анткен менен “Азаттык” партиясынын лидерлери саясаттан кетпей, оппозиция катары күрөштү уланта беришерин баса белгилешүүдө. Аталган партиянын "Азаттык" радиосуна эч байланышы жок экенин айта кетели.

"Улуу Кыргызстандын" жеңиши

Ал эми “Улуу Кыргызстандын” өкүлү Максат Касенов бир катар тажрыйбалуу партияларды артка калтыруу менен жеңилип, бирок биринчи жолку шайлоо экенин эске алганда уттук деген ойдо турат:

- Бул шайлоону утуш деп койсок болот биз үчүн. Анткени, биз башка партиялардай акча короткон жокпуз. Бизге чуркаган балдарга бир дагы акча берген жокпуз. Алар чын жүрөктөн, эл үчүн, келечек үчүн деп, чын дилинен чуркап беришти.

Касенов мындан ары да саясаттагы жүрүштөрүн уланта беришерин кошумчалады.

Саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев бул шайлоодо акча зор роль ойногонун, бирок эл салыштырмалуу жаш лидерлерди тандаганын баамдаган.

Өмүрбек Текебаев жетектеген “Ата Мекен” уткан партиялардын катарында акыркы болуп марага келди. Ал да мунун себебин акчага байланыштырып, парламентке өткөнү менен күткөн натыйжасына жетпей, утулуп калганын кошумчалады. Ошондой эле Текебаев "Улуу Кыргызстан" партиясынын жыйынтыгына таң калганын жашырган жок:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Жеңилсе да өзүн көргөзө алды. Жаңы генерациядагы, улутчул позициядагы күчтүн өзөгү калыптанып атканынын белгиси. Орусия, Бажы биримдигине кошулгандын терс жагы ачыкка чыгып, оң жагы элге таасир этпесе, улутчулдук маанай мындан кийин акырындап өсүп отурат. Ошондо бул "Улуу Кыргызстан" саясатта өз ордун алат, керек болсо оппозициялык топтун өзөгүн түзүшү ыктымал.

Анткен менен бул партия арасына диндар адамдарды топтоп, ага жараша көп добуш ислам динине ыктагандардан келгенин саясатчы белгилеп өттү.

Жеңилген партия лидерлеринин дээрлик баары шайлоодо добуш сатып алуу, адамдарды шайлоо участкаларына ташуу болгонун айтып чыгышты. Бирок, азырынча эч кимиси бул фактыларды топтоп, сотко бере элек. Ал эми "Ар-намыс" да добуштар сатылганын белгилеп, арийне жеңген партияларга ийгилик каалады.

4-октябрдагы Жогорку Кеңеш депутаттарынын шайлоосуна 14 партия ат салышты. Жыйынтыгында биринчи орунга КСДП партиясы чыгып, экинчиде "Республика-Ата Журт" турса, калган орундарды “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” жана “Ата Мекен” партиялары ээледи.

XS
SM
MD
LG