Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Орусия: Сирияга ракеталар уча баштады


Сириялык активисттер орус учактарынын бомбасы тийди деген жерде. Идлиб, 7-октябрь, 2015-жыл.
Сириялык активисттер орус учактарынын бомбасы тийди деген жерде. Идлиб, 7-октябрь, 2015-жыл.

Орусия Сириянын аймагына аба соккулардын артынан кемеден ракеталар менен ата баштады. Алгачкы ракеталык атуулар кечээ АКШ, НАТО жана Түркия Орусиянын Сириядагы аскерий операциясы “Ислам мамлекети” тобуна гана каршы багытталганынан мурдагыдай эле күмөн санап жаткан кезде жасалды.

Орус коргоо министри Сергей Шойгу кечээ президент Путин менен Сочиде жолуккан учурда билдиргендей, Каспий деңизинде турган төрт аскерий кемеден 26 канаттуу ракета атылды.

Шойгу ырастагандай, ал ракеталар дээрлик 1500 чакырым учуп, Сириянын батышындагы мурда мерчемделген буталарга тийди.

Бирок орус коргоо министри ракеталар Сирияга жеткенге чейин Ирактын, Ирандын же Түркиянын аба мейкиндигин басып өткөнүн ачык айткан жок.

Каспийдеги орусиялык кемелер.
Каспийдеги орусиялык кемелер.

Ракеталар кандай траекторияда учканын Орусиянын Генштабы да айтпады.

Генштабдын өкүлү Андрей Картаполов кабарчыларга маалымдагандай, кемелерден атылган “Калибр” ракетасынын маршруту эл жашабаган аймактар менен өттү.

Орусия Сирияда аба соккуларын 30-сентябрда баштаган эле. Анын буга чейинки жыйынтыктары тууралуу коргоо министри Сергей Шойгу президент Путин менен жолуккан кезде төмөнкүлөргө токтолду:

Путин жана Шойгу. 7-октябрь, 2015-жыл.
Путин жана Шойгу. 7-октябрь, 2015-жыл.

- 30-сентябрдан бери азыркыга чейин 112 объектиге сокку урулду. Аба соккулардын ыргагы күчөөдө. Андан бери 19 командалык борбор, ок-дары сакталган кампалардын 12си, брондуу техниканын 71 даанасы, жардыруучу зат жасай турган устакана, алты завод жана башка нерселер жок кылынды.

Президент Путин операциянын жыйынтыгы тууралуу айтуу азырынча эртелик кыларын, бирок буга чейин жасалгандар оң баага арзырлык экенин белгиледи. Коргоо министрине бул маселеде Кошмо Штаттар, Түркия, Сауд Арабия, Иран, Ирак, Сириянын өзү менен кызматташууну тапшырды.

Бирок АКШ менен Түркиянын Орусиянын Сириядагы аракеттерине ичи чыкпай, ошондон ортолук кызматташтык маселеси арсар калууда.

"Ислам мамлекети" тобунун Сириядагы турумдарына былтыр сентябрдын соңунан бери сокку уруп жаткан АКШ коргоо министри Эштон Картер кечээ Римде жүргөн жеринен Орусия менен кызматташтыктан баш тартуунун себебин мындайча чечмеледи:

- Мен мурда эле айткам, биз Орусиянын стратегиясы туура эмес деген ишенимдебиз. Алар “Ислам мамлекетине” тиешеси жок эле буталарга сокку урууну улантып жатат. Бул фундаменталдык ката. Орусиялыктар эмне айтканына карабай, биз аны менен кызматташтыкка макул болгон жокпуз. Алдыда жасай турган нерсебиз - Сирияга учуп жаткан учкучтарыбыздын коопсуздугу боюнча техникалык гана талкууларды жүргүзүү. Болгону ушул нерсе. Биз сүйлөшүү каналын ачык калтырабыз, анткени бул учкучтарыбыздын коопсуздугуна байланышкан нерсе. Бирок алардын (Орусиянын) стратегиясынын алкагында кызматташтыкка даяр эмеспиз, анткени алардын жасап жатканы туура эмес, трагедиялык ката.

АКШ коргоо министринин бул сынына орус коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков “ИМ” тобуна каршы Вашингтон баштаган коалиция деле аба соккуларында “такай эле террорчуларды” бутага алып жатпаганын айтып, жооп кайтарды.

Орусия, Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна чабуул баштабай жатканын Түркия да ырастоодо. Расмий Анкара орус учактары алардын аба мейкиндигин бузганына да нааразы.

Түрк премьер-министри Ахмед Давутоглы кечээ буларды айтты:

- Биз Орусия менен тирешүүнү каалабайбыз. Бирок Түркия Орусиядан анын аба мейкиндигин, чек араларын, Сириядагы кызыкчылыктарын урматтоону күтүүгө укуктуу. Орусиянын бул маселелерди сүйлөшүү сунушун колдойбуз. Бирок ал сүйлөшүү Анкарада өтүшү абзел. Орусиянын аба соккулары “Дайешке” ("Ислам мамлекети" тобунун арабча аты) каршы багытталган жок. Орус аскер-аба күчтөрү жасаган 57 аба соккудан биздин маалымат боюнча экөөсү гана “Даештин” турумуна тийген. Эгер күрөш “Даешке” каршы жүрсө, биз муну бирге ишке ашыра алабыз. Эгер аба соккулар жайкын калкка, Түркия менен чек арага жакын аймактагы байистүү оппозицияга каршы багытталса, качкындардын жаңы толкунун жаратуусу мүмкүн. Бизде талкуулай турган олуттуу маселелер бар.

Орусиянын Сириядагы талаштуу аскерий операциясы бүгүн Түркия мүчө НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынында талкууланары күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG