Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Адам өлтүрүп абактан качкандар изделүүдө


Кылмышкерлер качкан №50 абак жай
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Кылмышкерлер качкан №50 абак

№50 абак жайдан үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып качкан коркунучтуу кылмышкерлер тобу изделүүдө.

Абактан качып чыккан тогуз адамдын бешөө кармалып, алардын бири жарадар болгон. Жазаларды аткаруу кызматы абактан качкандар “Жайшул Махди” тобуна таандык терроризмге айыпталып соттолгон жана иши тергөөдө турган коркунучтуу кылмышкерлер экенин жарыялады.

“Жайшул Махди” тобу 2010-жылы мыкаачылык менен жасалган бир катар кылмыштарга тиешеси бар деген негизде террорчул уюм катары табылган.

Канга забын болгон качкындар

12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Алга айылында жайгашкан №50 абак жайынан тогуз адам качып чыккан. Аларды токтотууга аракет жасаган үч аскер кызматкери муунтуп өлтүрүлүп, бирөө оор жаракат алган. Ошол эле кезде качып бараткандардын арасынан бирөөнө күзөтчүнүн огу тийип, жарадар болгон.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат катчысы Эленора Сабатарова абактан качкандар оор кылмышка айыпталган адамдар экенин белгиледи:

- Тогуз киши качып бараткан учурда аларды токтотууга аракеттенген үч кызматкер набыт болду. Бирөө оор жаракат алып, учурда ага операция жасалууда. Качкандардын бешөө кармалып, төртөө издөөдө. Бирөө жарадар экени тууралуу маалымат берилди. Булардын бардыгы өтө коркунучтуу кылмышкерлер. Алар буга чейин терроризм жана экстремизм боюнча соттолгон. Айрымдарынын иши тергөөдө болчу.

Жазаларды аткаруу кызматы бул окуядан кийин түзүлгөн кырдаал тууралуу бардык күч түзүмдөрүнө кабар берип, кылмышкерлерди кармоого колдоо көрсөтүүнү сураган. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында рейд жарыяланып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Кылмышкерлердин “тажрыйбалуу тарыхы”

Издөө иштеринин жүрүшүндө ички иштер органдары кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жарымын кармаган. Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев өтө коркунучтуу деп саналган калган төртөө учурда изделип жатканын билдирди:

- Бул кылмышкерлер бараткан машинени жол көзөмөл жана жол кайгуул кызматтарынан турган түнкү милиция бригадасы кармаган. Алар башында токтобой коюп, анан ок атыла баштаганда машинени токтотуп, колго түшүп беришкен. Алардын ичинен төртөө качып кетүүгө үлгүргөн. Учурда аларды издөө иштери уланууда.

Изделип жаткан кылмышкерлер
Изделип жаткан кылмышкерлер

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча изин таптырбай жаткан төрт кылмышкердин экөө мурда террордук ишке катышы бар деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Калган экөө да ошондой эле мүнөздөгү кылмышка шектелип иши тергөөдө турган. Булар: 29 жаштагы Эдил Абдрахманов жана 39 жаштагы Данияр Кадыралиев. Алар 2010-жылы күзүндө катталган бир катар террордук актыларга катышы бар деп табылган “Жайшул Махди” уюмунун активдүү мүчөлөрү катары 2013-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

2009-жылы маркум депутат Санжар Кадыралиевге кол салууга тиешеси бар деген шек менен мурда камалып, кийин бошоп чыккан Алтынбек Итибаев быйыл Бишкекте 16-июлдагы террордук топ менен атайын кызматтын куралдуу кагылышуусуна байланыштуу кармалган.

Булардын эң жашы - 28 жаштагы Азамат Мүсүралиев да “Жайшул Махди” уюмунун активдүү мүчөсү катары кармалып, иши тергелип жаткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов аларды качырууга сырттан колдоо болгон деп шекшийт:

- Бул окуянын бардыгын абактын ичинен даярдоо өтө эле кыйын. Бул качууну уюштурууга сырттан түз же кыйыр колдоо болушу мүмкүн. Ошон үчүн аларга качан жана кантип качуу керектиги боюнча нускама берилип, күзөтчүлөр туурасында тиешелүү маалыматтар айтылып, машине менен сыртта күтүп турган адамдар да болушу ыктымал. Анткени булардын башынан эле кайсы бир тараптар менен идеологиялык байланыштары бар болгону белгилүү эле. Булар Саид Бурятский дегендин китептерин окушуп, дисктерин көрүп, идеологиялык жактан сугарылган. Ошондой эле алар кезинде Өзбекстан ислам кыймылынын өкүлдөрүнө интернет аркылуу байланышка чыгып, аларга кошулууну көздөшкөн. Бирок ал жактан аларга кошулуу үчүн өзүңөрдү көрсөткүлө деген сыноо болгон. Ошондо булар жардыруу түзүлүштөрүн үйрөнүп, 2010-жылы бир катар жардыруу актыларын жасашкан.

Бул топ 2010-жылы күзүндө Бишкектеги Спорт ордосунун алдында жана синагоганын короосунда коркутуу максатындагы жардырууларды жасаган деп шектелген. Мындан башка бир нече карактоолорго аралашкан бул топ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында кезектеги жардырууну уюштуруу учурунда кармалган.

Террорчул топтун калган бөлүгү Беш-Күңгөй айылындагы атайын операция учурунда жок кылынган. Бул окуя боюнча кийин жалпысынан он бир адам кармалып, алардын үстүнөн соттук териштирүүлөр эки жылдан ашуун созулган. Бул адамдар мүчө болгон “Жайшул Махди” уюмун 2013-жылы сот террорчул топ катары тааныган.

XS
SM
MD
LG