Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Түркия-Орусия: кайым айтышуу күчөдү


Орус президенти Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган
Орус президенти Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган

Атып түшүрүлгөн учактын айынан араздашкан Түркия менен Орусиянын лидерлери тил табыша алабы деген суроо эл аралык саясаттын башкы темасына айланууда.

Саясат талдоочулардын баамында, эки тарап тең кырдаалды курчутууга барбастыгын айткан менен, бул чатактын чыгышына бири-бирин курч мүнөздө айыптаган келишкис позицияга өтүп алышты.

Эксперттер Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын мүнөзүндөгү империялык дымакка негизделген окшоштуктар аларды чоң карама-каршылыкка алып келбегени менен жакынкы болочокто мунасага келип, тил табыштырбасын белгилешүүдө.

Кайым айтыштын толкуну

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын лидери Владимир Путин Москвада француз лидери менен жолугушууда ага карата айткан комментарийин орунсуз деп атады. Анткени Путин Түркиянын жетекчилиги учактын атып түшүрүлүшү үчүн Орусиядан кечирим сурап, келтирилген зыянды төлөп берүүгө тийиш деген талап койгон. Бирок Эрдоган кечирим сурабай турганын айтып, эгерде Түркиянын аба мейкиндиги экинчи ирет бузулса, аскер аба күчтөрү аны коргоо үчүн дагы деле мына ошондой аракет кыларын белгиледи. Эрдоган тескерисинче, бул окуя үчүн Орусия кечирим суроого тийиш экенин айтты.

Орус авиациясы “Ислам мамлекети” террордук тобун эмес, Сириянын түндүгүндөгү түркмөндөрдү бомбалаганын айткан Режеп Тайип Эрдоган Орусияны "от менен ойнобоого" чакырды:

- Мамлекеттин чек арасын коргоо үчүн бардыгын жасоого туура келет. Биздин мамлекеттик чек араны коргоо укугубузга башкалар сый мамиле жасашы керек. Биз өзүбүздүн жерибизди террордон тазалоо ниетиндебиз. Орусиялык учак атып түшүрүлгөн аймакта этникалык түркмөндөр жашайт. Ал жерде “Ислам мамлекети” жок. Ошон үчүн бири-бирибизди алдаганды токтотуу керек. Бизге Асаддын жана аны колдоочулардын планы белгилүү. Алардын “Ислам мамлекетинин” изи дагы жок аймакты бомбалоосу Асаддын режимин кайра бутуна тургузууну гана көздөйт. Биз өзүбүздүн түркмөн боорлорубузду коргойбуз.

Буга чейин Түркиянын Башкы штабы Орусиянын аскер учагы анын аба мейкиндигин бузуп кирип келген кезде беш мүнөттүн ичинде он жолу эскертүү жибергенин жарыялаган. Бирок ага жооп болбогон соң Орусиянын Су-24 учагы атып түшүрүлгөнү белгиленген болчу. Орусиянын Коргоо министрлиги учак Түркиянын аба мейкиндигин бузбаганын жана учкучтарга эч кандай эскертүү берилбегенин билдирген. Бирок Түркия ошол эле күнү эскертүү берилген тасманы алып чыккан.

Москвада француз лидери менен жолугушууда Владимир Путин Түркияны “Ислам мамлекети” террордук тобунан мунайды арзан сатып алуу үчүн кызматташат деп айыптаган:

- Биз ири өлчөмдө тартылып алынган мунайзат Түркиянын аймагына кирип жатканын мурда эле каттоого алганбыз. Ошол жерден Сириядагы куралдуу топторду ири өлчөмдө акчалай камсыздоо болуп турат. Эми минтип террорчулук менен күрөшүп жаткан биздин аскерий учакты атып түшүрүү менен далыга сокку урду. Бул окуя абадагы ар кандай кокустуктарды алдын алуу боюнча америкалык өнөктөштөр менен макулдашууга кол коюлгандан кийин болуп жатат. Ушул эле Түркия АКШ эл аралык терроризмге күрөшө турган коалициянын катарында турат.

"Падыша" менен "султандын" окшоштуктары

Владимир Путиндин бул айткандарын жокко чыгарган Режеп Тайип Эрдоган андан тиешелүү далилдерди талап кылды.

“Эгерде Сириядагы ал террордук топту кимдер колдоп, каржылап жатканын билгиңер келсе Асаддын режими жакты карагыла” деди Режеп Тайип Эрдоган.

Түрк лидери 30-ноябрда Парижде өтө турган саммиттин алкагында Путинге жолугууга аракет кыларын айткан. Бирок Путиндин жардамчысы Түркия расмий кечирим суроодон баш тартканы үчүн аны менен жолукпай турганын билдирген. Эрдогандын декабрь айына дайындалган Москвага сапарынын болор-болбосу дагы азыр туюк бойдон калды.

Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын кайым айтышкан риторикасын талдаган аналитиктер экөөндө тең авторитардык-улутчулдук сапаттар күчтүү өнүккөнүн белгилешкен. Мурда ал окшоштуктар алардын жакшы тил табышуусуна өбөлгө түзүп, достук маанайды жаратса, эми минтип ал кадимки кастыкка айланган учур. Эки лидер тең бийликте көп отуруп калгандыктан экөөндө тең өздөрүн алмашкыс сезген абсолюттук мүнөз калыптанган.

Ошондой эле аналитиктер Путинде Советтер Союзуна, Эрдоганда Осмон империясына карата эңсөө бар экенин жана экөөндө тең империялык дымак күчтүүлүк кыларын байкашкан.

Талдоочулар Путинден орто кылымдардагы орус "падышасынын", Эрдогандан болсо түрк "султанынын" кылыктарын табышкан. Мындай өзүнүкүн бербеген өжөрлүк менен айтканы айткандай болушун каалаган тайбастыкка шерденген бул эки саясий лидер жакында тил табышууга бара алабы деген суроонун башы азырынча ачык бойдон турат.

XS
SM
MD
LG