Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Маликовго кол салгандар Түркияда кармалды


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Маликовго кол салгандар Түркиянын Газиантеп шаарында Интерполдун жардамы менен кармалды. Укук коргоо органдарынын айтымында, алар "Ислам мамлекети" тобунун жактоочулары экени аныкталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги биргелешип жүргүзгөн иш-чаранын негизинде дин таануучу Кадыр Маликовго кол салгандар эл аралык "Ислам мамлекети" террорчул уюмунун мүчөлөрү экендиги аныкталды.

Шектүү катары Нарын шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Тилек уулу Алибек, 1986-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Ырыскул Бейшеналиев саналууда. Аларга эки күн мурда эл аралык издөө жарыяланган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жогорудагы адамдар окуя болгон күнү эле Казакстанга, андан кийин Түркияга учуп кетишкен. “Азаттыкка” УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буларды билдирди:

- Алдын ала маалыматтарга караганда, аты аталган жарандар окуя болгон күнү эле Казакстанга, андан кийин Түркияга учуп кетишкен. Ыкчам-иликтөө иштеринин негизинде кылмыштуу топко көмөк көргөзгөн эки жаран кармалды. 29-ноябрда алар жашаган жер тинтүүгө алынып, экстремисттик мазмундагы адабияттар, бычак, ок-дары сыяктуу курал-жарактар табылды.

Ал ортодо Ички иштер министрлиги Маликовго кол салгандар Түркиянын Газиантеп шаарында Интерполдун жардамы менен кармалганын билдирүүдө. Бул тууралуу ИИМ бүгүн саат 3тө Бишкекте чукул маалымат жыйынын өткөргөнү жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

- Шектүү жарандар Интерпол аркылуу Түркиянын Газиантеп шаарында кармалды. Алар кармалган аймак Сириядан 40 чакырым гана алыс экен. ИИМдин өкүлдөрү кылмышка шектүү жарандардын изин суутпай Түркияга учуп барган. Алар кармалган жарандары алып келишет.

26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар аны менен чырлашып, жаагына жана колуна бычак сайышкан. Маликов муну радикал топтордун өз өмүрүнө кол салуу аракети деп атаган.

Алгач милиция окуяны турмуштук чыр-чатак деп билдирип, “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иш козгогон. Буга нааразы болгон Маликов жана анын жакындары милицияны айыптап, аталган маселеге олуттуу көңүл бурбай жатат билдиришкен.

Коомдук ишмер кол салуу артында диний радикалдуу топтор турганын жана ал түздөн-түз ишмердиги менен байланыштуу экенин айтып чыккан.

Ошондон кийин гана, атап айтканда эки күндөн соң милиция кылмыш ишин “коомдук же мамлекеттик ишмердин өмүрүнө кол салуу” беренесине өзгөртүп, кол салгандарга эл аралык издөө жарыялаган.

Кадыр Маликов кол салуу атайын уюштурулганын жана бычак, электрошокер менен кол салгандардын максаты аны өлтүрүү болгонун билдирген.

Кадыр Маликов кол салуудан кийин ооруканада
Кадыр Маликов кол салуудан кийин ооруканада

- Мен унаама барганда аны кара түстөгү терезелери караңгылатылган БМВ үлгүсүндөгү унаа тороп алыптыр. Алар мени унаасына отургузуп алгандан кийин мени электрошокер менен сабай башташты. Бычак менен моюн тушка саюуга аракет кылышты. Кол салгандар экөө болчу жана “Аллоху акбар” деп кыйкырып жатышты. Мен да аларга жооп кылып “Аллоху акбар” деп кыйкырып, каршылык көрсөтө баштадым. Алар мени унаанын арткы орундугуна түртүп отургузууга аракет кылып жатканда качып чыкканга үлгүрдүм. Канжалап жанымдан өтүп бараткан унаалардан жардам сурай баштадым.

Кол салуу болгон күнү эле дин таануучуга Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунунда операция жасалган. Дарыгерлердин айтымында, бычак анын бетине жана колуна сайылган. Кадыр Маликов өзү да бул кол салуунун артында “Ислам мамлекети” террордук уюмун колдогон радикал топтор турат деп божомолдогон. Анын билдиришинче, буга чейин эскертүүлөр, артынан аңдуу болгон:

- Ушул жылдын жай айында Сириянын Ракка шаарындагы “Ислам мамлекетин” колдогон террорчул топтор мени жана Казакстандагы дагы бир дин таануучуну өлтүрүү боюнча чечим чыгарышканы тууралуу менде маалымат бар болчу. Бул жүз пайыз тастыкталган маалымат. Ошондой эле жайында мени өлтүрүү үчүн үйүмдүн жана мен намазга барып турган мечиттин жанында топтор аңдып турган. Ошондуктан мен “Ислам мамлекети” тууралуу пикиримди айтуудан убактылуу карманганга мажбур болгом. Кечээги окуя “Ислам мамлекети” жана такфир идеологиясына каршы чыккандардын баарынын өмүрү коркунучта экенин көрсөттү.

Дин таануучу жана коомдук ишмер Кадыр Маликов “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборун жетектейт. Ал жергиликтүү жана эл аралык диний экстремисттик топторду, радикал, террорчул уюмдарды катуу сындап келе жатканы менен белгилүү. Ошондой эле ал такфиристтерге, диний экстремизмге каршы чыккан аалымдардан.

43 жаштагы коомдук ишмер жана ислам таануучусу Иордания улуттук университетинин ислам укук таануусу факультетин жана Испаниядагы Мадрид университетин аяктаган.

Ал эми жогоруда кылмышка шектүүлөрдүн Бишкектин 8-кичирайонундагы участкалык милиционерди өлтүрүүгө катыштыгы текшерилүүдө.

19-ноябрда кечки сегиздер чамасында белгисиз эки жаран 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда кол салып, атып кетишкен.

Милиция аны өлтүрүүгө шектелген адамдардын фотороботун түзүп, кылмышкерлер тууралуу маалымат бергендерге бир миллион сом сыйлык жарыялаган.

XS
SM
MD
LG