Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Улуттук банк: алып-сатууну сомго өткөрөбүз


Кыргыз сому
Кыргыз сому

Улуттук банк Кыргызстан ичиндеги алып-сатуулардын бардыгын сом менен жүргүзүүнү сунуштады. Башкы банктын ишениминде, бул долларга болгон суроо-талапты азайтып, улуттук валюта - сомду турукташтырат.

Жыл башынан бери сомдун АКШ валютасына карай 28 пайызга арзандашы жарандарды да, өкмөттү да бушайманга салды. Улуттук банк бир жыл ичинде 25 жолу интервенция кылып, баш-аягы 250 млн. доллардан ашык акчаны сатыкка чыгарганына карабай, 1 доллар 58 сомдон 75 долларга жетти. Башкы банк доллардын токтоор чеги кайсы жерде экенин айтылбай турган чагы. Ошондуктан элдин колундагы сакталып турган АКШ акчасын жүгүртүп, доллар таңкыстыгын жоюунун жолдорун караштырып жатат.

Улуттук банк: үй алсаң да сомго ал

Алып-сатууларды сом менен жүргүзүү демилгесин сунуштаган Улуттук банк мамлекеттик сатып алуудан баштап, жеке секторду да бир гана сомго байлоону чечти. Бирок башка мамлекеттик органдар демилгени колдон-буттан албаса, Улуттук банк алсыз экенин төрага Толкунбек Абдыгулов моюнга алды.

- Мисалы, үй сатып алып жатканда алды-сатты сом менен жүрүп жатат деген банктын тастыктамасы болмоюнча Мамлекеттик каттоо кызматы документтерди каттабашы керек. Мамлекеттин ичинде трансакциянын бардыгы сом менен болушу зарыл. Ал эми сомго саткандан кийин ал акчасын долларга же фунтка алмаштырабы - өз иши.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов мыйзамга өзгөртүү киргизип, ага ылайык жарандарды сом менен сатып-алууларды жүргүзүүнү таңуулоо керектигин кошумчалады.

- Бизде сатып алуулар сом менен жүрсүн деген мыйзам мурда эле бар болчу. Бирок жүргүзбөй койгон учурда эч кандай жазалоо механизми каралган эмес. Биз эми ушул айыпты кошобуз. Сом менен эмес доллар менен сатып алуу жүргөн болсо, мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыла тургандай кылышыбыз керек.

Абдыгулов 26-ноябрда доллардын күтүүсүз кымбаттоо себебин айтты
Абдыгулов: Долларды кымбаттаткандар табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:23 0:00

Демилге жакшы, бирок иштебейт

Улуттук банк сунуштап жаткан мыйзамдык өзгөртүүлөр жакынкы арада Жогорку Кеңешке берилет. Бирок депутаттар деле мыйзамдын иштеп кетерине ишенбей турат. Депутат, экономист Эмил Токтошевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мамлекеттик мекеме-органдарга алып-сатууларды сом менен жүргүзүүнү таңууласа болот, ал эми жеке сектор мындай жолду аттап өтүүнүн ар кыл жолдорун таап алат.

- Бул мыйзамдуу келишимдерге эле иштейт. Келишим менен банк аркылуу үй ала турган болсо, же мамлекет кандайдыр бир нерселерди сатып алып жатса, сом менен жүргүзсө болот. Ал эми көмүскө экономикада таасирсиз кала берет. Мисалы, жөнөкөй жаран унаасын сата турган болсо ал кандай валюта менен сатып жатканын көзөмөлгө алуу кыйын. Сомго элди байлаганда деле сатып алуучу менен сатуучу ич ара сүйлөшүп, “сомго алып атам” деп коё берет.

Сом менен эсеп-чот жүргүзүүгө өтүүнү баштоо тапшырмасы 27-ноябрдагы өкмөттүн отурумунда премьер-министр тарабынан Улуттук банкка берилген. Ага ылайык жарнамалардагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудагы көрсөткүч сом менен көрсөтүлүшү керек.

Экономист Искендер Шаршеев эркин экономикада таңуулоо менен сомду гана калтыруу демилгеси, тескерисинче, коррупцияны күчөтөт деген ойдо: ​

- Сатып алуу келишиминин бардыгын жарандар сом менен жүргүзгөнүн далилдеш үчүн банктан тастыктама ала турган болсо, бул бизнеске айланат. Банкка барып тастыктама сатып алуу жаман өнөкөткө айланышы мүмкүн. Эмне үчүн мындай өзгөртүү киргизип жатканы түшүнүксүз болуп турат. Себеби эч нерсе өзгөрбөйт. Ансыз деле мамлекеттик сатып алуулар көп учурда сом менен жүрүп жатпайбы.

Улуттук банк сомдун кунун бекемдөө максатында валюта рыногунда чайкоочулукка жол берген ишкана, мекемелерге айыптын санын 1,5 миң сомдон 150 миң сомго чейин көтөрүү демилгесин караштырып жатат. Мындан ары жеке акча алмаштыруучу жай же банктар туура эмес курсту көрсөткөнү үчүн азыркыдан жүз эсе көп айыпка жыгылышы мүмкүн.

Учурда Улуттук банктын каржы резервинин көлөмү 1 млрд. 700 млн. АКШ долларына жетип, жыл башынан бери 234 млн. доллар же 12 пайызга азайган.

XS
SM
MD
LG