Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Жалал-Абаддын эки тургуну террорчулукка шектелүүдө


Сириядагы согушка катышкандыктардын арасында борбор азиялыктар да аз эмес
Сириядагы согушка катышкандыктардын арасында борбор азиялыктар да аз эмес

Жалал-Абадда эки жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан деп соттолууда.

Бул соттук териштирүү укук коргоочулардын тынчсыздануусун пайда кылууда. Алар УКМКнын кызматкерлери шектүүлөрдү кыйноо жолу аркылуу далилсиз жагдайларды мойнуна алдырып жатышы мүмкүн деп кооптонушат. Камактагы жарандардын жакындары да коюлган айыптарды жалган деп, аларды бошотууну талап кылып жатышат.

Шаардын эки тургуну, 23 жаштагы Шухратбек Иминов жана Минажидин Ханазаров Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан жана башкаларды үгүттөгөн деп айыпталып жатат. УКМКнын облустук башкармалыгы берген маалыматка караганда, аларга Кылмыш кодексинин 375-беренесинин негизинде иш козголуп, ушул жылдын апрель айында камакка алынган.

"Балам Сирияга барган эмес"

Шухратбектин атасы Улукбек Иминов баласына коюлуп жаткан айыптарга макул эмес. Анткени уулу 2014-жылдын октябрь айында Стамбул шаарына иштегени кетип, бир жумадан соң жумуш жоктугунан Орусияга жөнөп кеткен. Дайыма ал менен байланышта болуп жүргөн ата баласы согуштук аракеттерге барды дегенге ишенбейт.

- 2014-жылдын 29-октябрында досу менен Стамбулга иштегени кеткен. Ал жактагы заводдо жумуш жок болуп калгандыктан балам мага чалып, Москвага кетип жатканын билдирген. 2014-жылдын 7-ноябрында уулум Москвага учуп кеткен. Москвада кондитердик цехте жана эс алуу борборлорунда иштеп жүрдү. Кийин үч айдан соң кайра Ошко учуп келгенде, 2015-жылдын 8-январында өзүм тосуп алгам. Кийин эле УКМК кызматкерлери көчөдө кармап кетип, ушул айыптарды коюп жатышат. Баламды кармап кеткен соң бизге да дайынын билдирбей жүрүштү. Биз милицияга балам жоголгондугу тууралуу кайрылып, алар да издеп таба албай коюшкан. Кийин камакта кармалгандыгын билдик.

Ал эми камакта жаткан Минажидин Ханазаровдун жакындары да ага коюлган айыптарга кошулбайт. Ата-энеси чет жакта миграцияда жүрүп, Минажидин чоң энесинин колунда болчу. Бирок ал Стамбулга баргандан кийин бир айдан соң Уфа шаарында иштеп жүргөн ата-энесине барган. Үйлөнүү тоюна акча жыйнаганы иштөө үчүн кеткенин чоң энеси Кыйматхан Халматова айтат.

- Биринчи ал сыртта иштеп келейин дегенде мен каршы болгом. Кийин бул кошуна менен сүйлөшүп, каршылыгыма карабай кетип калды. Телефон аркылуу сүйлөшүп эле жүргөнбүз, Стамбул шаарына барып, бир айдан соң ата-энесинин жанына Уфага кеткен. Ал жакта да ата-энесинин кароосунда иштеп жүрдү. Быйыл жаз айында апасы менен бирге Кыргызстанга келген. Мен балама коюлуп жаткан айыптарга такыр ишене албайм. Силерден суранам, мына, камакта жатканына 8 ай болуп жатат, бошотуп бергилечи.

УКМК: Бул эки адам Сирияда машыгып келген

УКМКнын облустук башкармалыгы берген маалыматка караганда, бул экөөн Стамбулдан Аброр деген киши күтүп алып, 2014-жылдын ноябрь айында аларды Сириянын Алеппо жана Идлиб шаарына жөнөтөт. Алар террордук уюмдардын базасында машыгуудан өтүп, аларга курал-жарак берилген. Андан соң экөө Кыргызстанга кайтып келип, Жалал-Абаддын эки тургунун Сирияга жөнөткөндүгү аныкталган.

"Тергөө амалдары жүрүп жаткан кезде бул жарандар күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Бирок азыркы учурда жоопкерчиликтен качуу үчүн мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып жатышат", - деп билдиришти УКМКдан.

Кылмыш ишти Жалал-Абад шаардык соту ушул жылдын июль айында кароого киришкен. "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун өкүлү Абдуназар Маматисламов сотто УКМК далилдүү фактыларды көрсөтпөгөнүн айтты. "Ошол эле учурда балдардын чек араны кесип өткөнү тууралуу тастыктамалар да берилген эмес. Ал эми тергөө учурунда алар кыйноого кабылган", - дейт.

- Мен бул иштин документтерин карап чыктым. Балдар Стамбулга, Москвага барганда интернеттеги социалдык тармактарга өздөрүнүн сүрөттөрүн жайгаштырышкан. Ал жерде алардын Москвада болгондугу такталып турса да, тергөө ишине бул далилдер кошулган эмес. Анын үстүнө балдардын колунда авиабилеттер да турат, ал эми Сирияга киргени тууралуу, чек арадан өткөн деген документ жок. Булар башка жакта эле иштеп, кайра Кыргызстанга келип жатпайбы. Сирияга кирген жаран оңой менен кайра кайтып келбейт. Алардын документтерин алып коюшат, же майып болот, же каза болушат. УКМКнын диний экстремизм жана терроризм багытында алып барып жаткан иштерин колдойбуз. Бирок далилсиз фактылар менен адам укугу бузулуп жатпайбы. Буларга каршы көрсөтмө берген да эч ким жок. Бир гана айыптоочу - УКМКнын өкүлү. Демек балдар соттон акталышы керек. Алардын айткандарына караганда, тергөө учурунда кыйноого алышкан.

Дагы бир жагдай, ушул жылдын август айында Жалал-Абад шаарынын Максут аттуу жаранын Орусияга кетип жаткан жеринен Талас облусунун аймагынан УКМКнын облустук башкармалыгынын кызматкерлери кармап келишкен. "Справедливость" коомдук укук коргоо борборунун маалымдашынча, ал сурак учурунда ук-токмокко алынып, жогорудагы эки жаранга каршы көрсөтмө берүүгө үндөшкөн. Бирок укук коргоочулардын кийлигишүүсүнөн улам кайра коё берилген.

Расмий маалыматтарга караганда, облус боюнча учурда Сирия мамлекетине чыгып кеткен 90го чукул жаран бар. Анын он төртү каза таап, алты жаран Кыргызстанга кайтып келген.

XS
SM
MD
LG