Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Жанара: Дубайда кара жумушта иштебейбиз


Janara Mig
Janara Mig

Араб Эмираттарына алгач эс алганы барып, кийин туруктуу жашап калган Жанара Миг учурда эки жеке компаниянын ээси. Журтташыбыз ар кандай майрамдык кечелерди уюштуруп, кыймылсыз мүлк саткан агенттикти жетектейт.

Каарманыбыз Жанара Миг Дубай шаарына беш жыл мурун Кыргызстандан кесиптештери менен эс алууга барган. Ысык чөлгө курулган заманбап шаар Жанараны биринчи көргөндө эле өзүнө арбап алган.

- Мен бул жерден таптакыр башкача жашоого күбө болдум. Эс алуум бүткөндөн кийин эле иштегени келдим. Алгач тил билбегендиктен, виза алуу үчүн өзүмдүн компаниямды каттоодон өткөрдүм. Айдоочунун күбөлүгүн дароо эле алдым. Анткени Эмираттарда мындай күбөлүк абдан керек. Тил үйрөндүм, анан бир жыл өткөндөн кийин кыймылсыз мүлк саткан агенттикке риелтор болуп орноштум. Негизинен орус тилдүү кардарлар менен иштешем. Бул кесиптен тышкары өткөн жылы өзүмдүн эки бизнесимди ачтым. Анын бири - Араб Эмираттарында майрамдык кечелерди, концерттерди, тойлорду уюштурат. Ал Silk road UAE деп аталат. Экинчиси - Дубайда туристтерге, чет элдиктерге ижарага батир таап берип иштейт. Азыр ушул иштеримди өркүндөтүү үчүн чуркап жүрөм, - дейт Жанара. Анын айтуусунда, чоочун өлкөдө мындай иштерди баштоо оңойго турбайт.

Жанара Дубайдагы кыргыздардын чогултуп, майрамдарда ар кандай концерттерди, кечелерди уюштурат.
Жанара Дубайдагы кыргыздардын чогултуп, майрамдарда ар кандай концерттерди, кечелерди уюштурат.

Өзгөчө алгачкы эки жыл тил, жергиликтүү калктын менталитетин жетишерлик билбегендиктен кыйын болгонун бүгүн дагы эстейт.

- Башында үй-бүлөмдү, уулумду сагынып кыйналдым. Негизи эле Эмираттарда бала-чакасын, үй-бүлөсүн алыста калтырып, аларды багам деп иштеп жүргөн кыз-келиндер көп. Бирок бардыгын мекенде калган бир туугандарың, ата-энең, балдарың үчүн жасап жатканыңыды сезгенде көздү жуумп, чыйралып, алдыга карай умтуласың. Кыйынчылыктардын бардыгы убактылуу, анын үстүнө бул жерде көп мүмкүнчүлүктөр бар. Жашаганга, бизнес жүргүзгөнгө бардык шарттар ылайыкташтырылган. Азыр эми кудайга шүгүр, уулум жанымда. Бул жактан мектепке барып атат, ага да Дубай жагат. Айтор, көңүлүм тынч.

Жанара жеке ишинен тышкары Дубайдагы кыргызстандыктардын башын кошуп, майрамдарда концерт-кечелерди уюштуруп келет. Алгач жаңы жылдык кече уюштурушса, эми андай иш-чаралар үзгүлтүксүз болуп турат. Кыргызстандан ырчыларды чакырып, алыста жашаган мекендештердин көңүлүн көтүрүп турушат.

- Башында Омар, Нурбек Сабитахуновду, кийин Азия MiX Квн командасын, быйыл Гүлнара Тойгонбаеваны чакырдык. Кийин башка улуттар дагы ушундай кечелерге кызыга баштаганын байкадым. Ошентип алар үчүн да Орусия, Казакстандан КВНчилерди чакырып жүрүп, экинчи бизнесимди ачып алдым. Биз бул жактагы Кыргызстандын Башкы консулдугу менен тыгыз иштешебиз. Жакында эле мекендештер үчүн ачык асман алдында жолугушуу уюштуруп, дасторкон жайдык. Айтайын дегеним, биздин мекендештер активдүү эмес. Ошол эле жолугушууларга, концерттерге келишпейт. Айрымдар акчаларын үнөмдөшөт, башкалары жөн эле каалашпайт. Кээде ушундай жолугушууларды убара болуп өткөрүүнүн кажети барбы деп да ойлоп кетесиң.

Жанара Орусия, Казакстандан КВНчилерди чакырып жүрүп, экинчи бизнесин ачууга жетишти.
Жанара Орусия, Казакстандан КВНчилерди чакырып жүрүп, экинчи бизнесин ачууга жетишти.

Жанаранын баамында, Дубайда бейрасмий маалыматтар боюнча 5 миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Алардын көбү соода-сатык тармагында дүкөнчү болуп иштешет. Башка өлкөлөрдүн жарандарына салыштырмалуу Дубайга келген кыргыздар билимдүү, тилди тез өздөштүрөт деп белгилейт каарманыбыз.

- Ошондой эле кыймылсыз мүлк тармагында иштеген бир нече мекендешибизди билем. Үч-төрт адамдын бул жакта жеке бизнеси бар. Бул жакка келиш үчүн англис тилин билүү талап кылынат да. Көптөрү жогорку билимдүү. Маселен, бул жакта курулуш тармагында, кара жумушта иштеген кыргыздар жок. Мындай айлык акыга негизинен Индия, Пакистандан келгендер иштешет. Соңку айлары Орусиядагы кризиске байланыштуубу Дубайга келүүнү көздөгөн кыргызстандыктардын саны өстү. Айрымдары англис тилин билбей эле келип иштейм дешет. Бирок чындыгында тил билбей туруп бул жактан жумуш табуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошол себептен мен Дубайга келип иштейм дегендерге сөзсүз түрдө англисче үйрөнүп келгиле деп айтар элем.

Биздин каарманыбыз Жанара ушул тапта Дубайда баштаган ишин андан ары өнүктүрүп, өзү гана эмес мекендештерине дагы пайда алып келип, рахат тартууласам деген аруу тилеги бар.

XS
SM
MD
LG