Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

“Ата-Журт” менен “Республика” ажырашканы калды


"Республика-Ата-Журт" партиясынын курултайы. 20-октябрь, 2014-жыл.
"Республика-Ата-Журт" партиясынын курултайы. 20-октябрь, 2014-жыл.

Быйылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоого “Ата-Журт” жана "Республика" партиялары өз алдынча катышары белгилүү болду.

“Республика Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул тууралуу аталган партиянын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев макулдашып, чечим кабыл алынды.

Нурлан Шакиевдин айтканына ынансак, “Ата-Журт” партиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоого өз алдынча барары тууралуу “Республика Ата-Журт” партиясынын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев сүйлөштү жана бир чечим кабыл алынды:

- “Ата-Журт” партиясынын жер-жерлерде активдүү шайлоочулары, бир топ жергиликтүү кеңештерде “Ата-Журт” фракциялары бар да, ошолор ушундай маселе менен Камчыбек Ташиевге кайрылган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго “Ата-Журт” өзүнчө барышы керек деген талап коюшкан. Анан бул чечим дароо эле кабыл алынган жок. Оң-солун баарын таразалап көрүп, ошого токтолдук. Лидерлер бул теманы сүйлөшкөн, маселе чечилген.

Бирок партиянын бөлүнүүсүнө каршылар да бар экени белгилүү болду. Жалал-Абаддын Аксы районундагы “Республика Ата-Журт” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Шекербек Камчыбек уулу буларды айтты:

- Аксы районундагы партиянын Мамбеталы Изаканов деген активдүү мүчөсү партиянын курултайында сөз сүйлөп, Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевге "эгер кийин бөлүнүп кетсеңер, эл караган бетибизди жер каратасыңар" деп айткан. Себеби, Аксыда экөөнүн биригип жатканын жакшы кабыл алышкан. Биз партиянын өкүлдөрүнүн экиге бөлүнүшүнө каршыбыз. Бизде, дагы башка райондордо жергиликтүү кеңештерге бөлүнүп алып барабыз деген сөз жок. Эгер башынан бөлүнсө, анда кийин биздин бөлүнгөнүбүз туура болмок. Бирок андай болбой жатпайбы. Биз бирбиз. Эгер шайлоого “Ата-Журт” менен өз алдынча барабыз дегендер чыкса, анда аларга биздин арабыздан орун жок. Анда алар башка партия менен жергиликтүү кеңештерге шайлоого бара берсин. Биз бөлүнбөйбүз, кудай буюрса күздөгү шайлоого чогуу барабыз.

“Республика Ата-Журт” партиядагы ажырым тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек. Партиянын теңтөрагасы Өмүрбек Бабанов "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал арада 5-февралда партиянын саясий кеңеши жыйынга чогулуп, айрым ички маселелерди жабык талкуулай турганы маалым болду. Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев партия бөлүнгөнү жатат деген маалыматты тастыктаган жок, бирок маселе саясий кеңештин жыйынында караларын билдирди:

- Азыр андай көрүнүш жок. Мына азыр фракция жыйынында чогуу отурабыз, отурум болуп атат. Болгон маанилүү маселелердин баарын ар аптанын жума күнү чогулуп, талкуулап жатабыз. Жакында саясий кеңештин жыйыны болот. Нурлан Шакиев ошол саясий кеңештин мүчөсү, бүгүн кеңеш жыйынга чогулса сурап билели.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

2014-жылы октябрда “Республика” жана “Ата-Журт” партиялары биригип, “Республика Ата-Журт” партиясын түзгөн болчу. Жаңы партиянын теңтөрагалары Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев бул биригүүнү саясатчылардын эмес, саясий күчтөрдүн кошулуусу деп аташкан. Ошондо эле бул биригүүнүн бекем болорунан күмөн санагандар чыккан.

Талдоочу Эмил Жураев бул партиялар бириккенде регионалдык фактор негизги роль ойногонун белгиледи. Жогорку Кеңешке шайланып келгенде негизинен “республикачылар” үстөмдүк кылып жатканына токтолду:

- Прагматикалык жактан алып караганда, бириккени менен эки партиянын өз кызыкчылыгы бар. Жергиликтүү кеңештерде эки партиянын тең жеңишти камсыздап бере ала турган, өз-өзүнчө колдогон өкүлдөрү, тарапташтары бар. Ошондуктан жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго бирге баруунун анчейин деле зарылдыгы жок болуп турат. Жогорку Кеңеште “республикачылардын” үстөмдүгү байкалып, “атажуртчулардын”, айрыкча лидерлеринин кызыкчылыгы басылып калды. Албетте, парламентте “атажуртчулар” отурат, бирок баары алар ойлогондой болбой калды.

“Республика Ата-Журт” былтыр күзүндө парламенттик шайлоого катышып, экинчи болуп келген. Партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевди добуш берүүгө саналуу гана күн калганда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу укугунан ажыраткан эле. Буга "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Абдыманап Абдыбахаповдун "Ташиев сабады" деген дооматы негиз болгон.

Маалыматка караганда, ушул тушта Камчыбек Ташиев мурдагы партиялашы, Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков менен кайра биригип жатат.

Шайлоого чогуу барып, кайра ажырашкан партиялар буга чейин да болгон. Былтыр жыл этегинде "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиялары бөлүнүп кеткенин, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго өз алдынча барарын жарыялашкан. "Бүтүн Кыргызстанды" Адахан Мадумаров, "Эмгекти" болсо белгилүү ишкер Аскар Салымбеков жетектейт.

"Азаттыктын" архиви: "Республика Ата-Журт" партиясынын теңтөрагалары Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев. 21-август, 2015-жыл
Бабанов: Анттын текстин Ташиев экөөбүз жазганбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:24 0:00

XS
SM
MD
LG