Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

Мэрликти мелжеген Албек Ибраимов ким?


Албек Ибраимов
Албек Ибраимов

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 27-февралга белгиленди. Мэр болот дегендердин арасында Албек Ибраимовдун аты көп аталып жатат.

Албек Ибраимов Алмазбек Атамбаев менен “Кыргызавтомаш” ишканасында чогуу иштеген, президенттин ишеничтүү адамы катары сыпатталат жана 2010-жылдан бери майлуу-сүттүү кызматтарда жүрөт.

Албек Ибраимовду коомчулук негизинен былтыр жазында “Манас” аба майданындагы чуудан улам таанып калды окшойт. Айрым маалымат каражаттар “Манас” эл аралык аэропортунун башчысы Албек Ибраимовдун Адылбек Султанов аттуу кеңешчисинин айлыгы 160 миң сомдон ашарын жазып чыгышкан эле. Буга нааразы болгон аэропорттун кызматкерлери, жумушчулары митинг өткөргөн.

Митингге чыккандар менен жолугушууда Ибраимов кеңешчисинин олчойгон айлыгы тууралуу маалыматты ушак деп атаган жана "жалган маалымат тараткандарды таап туруп атып салыш керек" деп билдирген жайы бар.

Митингге чыккандар аба майданды эки жылдан бери жетектеп жаткан Албек Ибраимовдун өзүнө да нааразылыгын айтып чыккан. Карапайым жумушчулардын маянасынын аздыгы, формаларынын сапатсыздыгы, ашканада уйдун эти 700 сомдон сатылары, сыйлыкка берилчү акчаны тандалган гана адамдар алаары, мындан улам жамаат “сүйгүнчүктөр” жана “сүйгүнчүктөр эмес” деп экиге бөлүнүп калган маалым болгон.

Бул чуудан кийин “Манас” аба майданын 2013-жылдан бери жетектеп келген Ибраимов кызматтан кеткен, бирок дароо эле аба майдандын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

Бишкек шаарынын мэри болушу мүмкүн деп жаткан 49 жаштагы Чүйдүн кулуну Албек Ибраимовдун 2010-жылга чейинки ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жокко эсе. Анын резюмесин интернеттен таба алган жокпуз. Болгону убагында Алмазбек Атамбаев менен анын “Кырзызавтомаш” ишканасында чогуу иштегени боюнча азыноолак жазылган.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин келген Убактылуу өкмөттүн тушунда Ибраимов “Бишкек” эркин экономикалык аймактын башчысы болгон. Бир жылдан кийин эле “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалган. 2012-жылы президенттик аппараттын жетекчи орун басары болуп иштеген.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Мухтарбек Айнакулов Албек Ибраимов менен “Бишкек” эркин экономикалык аймакта чогуу иштешкен. Ал Ибраимовду мэрлик кызматка татыктуу экенин айтып мактап жатат:

- Чарбачылык жакты жакшы билген, бизнес жагын дагы караган, жетекчиликти мыкты өздөштүргөн, эл менен карым-катнаш түзө билген, бой көтөрбөгөн жигит. Бишкек СЭЗде көп иштерди кылган. Азыр эми кылган иштерин эстей албайм, бирок көп нерсени оңдогон. Анткени Бакиевдин тушунда СЭЗ каралбай, унутулуп калган. Албек Ибраимов барып алып көп нерсени өзгөрткөн. Ал иштей турган жерине эмне кыларын так аныктап, максат коюп барат. Кээ бирлер болсо аны-муну алсам, тигини бул жакка дайындасам, муну бул жакка берсем деп барат да. Анын андай алдым-жуттум ою жок. Өзүнүкү өзүнө жеткен, тың жүргөн жигит.

Биз Айнакуловдон Ибраимовдун ишкерлиги тууралуу сураганыбызда, асыл тукум жылкы багарын, курулуш тармагында бизнестери бар экенин айтып берди.

“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов Албек Ибраимовду такай сындап келет. Анын айтымында, Ибраимов жетектеген тармактарда киреше кескин азайган, каржылык мыйзам бузуулар катталган, бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес:

- Кадрларды дайындаганда анын адистигине басым жасабай, өздөрүнүн ишенген адамдарына чоң кызматтарды берип жатканы саясий системанын бир адамга байланганын көрсөтүп турат. Албек Ибраимов президент Алмазбек Атамбаев менен “Кыргызавтомаштан” бери чогуу иштешкен. Ал президент болгондон кийин бир топ майлуу-сүттүү кызматтарга дайындалган. Бирок кызматтарынан негизи ызы-чуу менен эле кеткен. Мисалы, “Бишкек” эркин экономикалык аймактын Нусубалиев деген жетекчисине бир топ доомат айтылбады беле. Бирок көп кемчиликтер Ибраимовдун тушунда болгон. Ал “Манас” аэропортунун башчысы болгондо айрыкча тендер өткөрүү, мамлекеттик сатып алууларда каржылык мыйзам бузуулар болгон. Укук коргоо органдары президенттен көз каранды болгондуктан мындай көрүнүштөргө реакция болгон эмес.

Негизи мэр болушу мүмкүн дегендердин арасында Социал-демократтар партиясынын бир канча өкүлдөрүнүн аты аталып жаткан. Бийликтеги ишенимдүү булактардын билдиришинче, алардын ичинен Албек Ибраимов эң чарбачыл деген критерий менен тандалып алынды. Айрым байкоочулар болсо талапкердин президентке канчалык жакын жана ишенимдүү экени негизги роль ойной турганын айтууда.

Албек Ибраимов былтыр парламенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын тизмесине кирген жана 42-орунда турган. Эгер мэр болбой калса, депутат болууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Анткени социал-демократ депутаттардын кимдир бирөө мандатын тапшырса кезек Ибраимовго тиймекчи.

XS
SM
MD
LG