Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Азербайжанда укук коргоочу жубайлардын иши сотто


Азербайжан -- Укук коргоочу жубайлардын сотуна кире албай турган журналисттер. Баку, 27-июль, 2015.
Азербайжан -- Укук коргоочу жубайлардын сотуна кире албай турган журналисттер. Баку, 27-июль, 2015.

Азербайжанда тыңчылык жана бир канча экономикалык кылмыштар боюнча айыпталган адам укугун коргоочу жубайлар Лейла менен Ариф Юнустун соту жүрүүдө.

Азербайжанда тыңчылык жана бир канча экономикалык кылмыштар боюнча айыпталган адам укугун коргоочу жубайлар Лейла менен Ариф Юнустун соту жүрүүдө. Бакудагы кечээки сот жараяны да жарым-жартылай жабык өтүп, ага айрым өкмөтчүл журналисттер гана киргизилди. Соттолуп жаткан укук коргоочулар өздөрүнө тагылган айыптоолорду саясий негизде деп четке кагып келет.

Оор кылмыштар боюнча Баку сотундагы бул жараянга эртелеп келгенине карабай журналисттер, эл аралык уюмдар менен чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү киргизилген жок. Сотко өкмөтчүл АРА жаңылыктар агенттиги менен virtualaz.org сайтынын кабарчылары гана киргизилди. Ал залда орун жоктугу менен түшүндүрүлдү. Бирок кийинчерээк адвокат Эльчин Гамбаров залда 15тей орун бош турганын кабарлады.

Ошентип жарым-жартылай жабык өткөн иштин жүрүшүндө сот айыпталуучу Ариф Юнусту ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү дароо четке каккан.

“Азаттыктын” азери кызматынын жазышынча, айыпталып жаткан укук коргоочу Лейла Юнус прокурор менен күбөлөрдү жасалмалулук, жалганчылык боюнча айыптап, бул иште өздөрүнө каршы күбө өткөндөрдү өмүрүндө көрбөгөнүн айтып чыкты. Ошондой эле ал күйөөсүнө тагылган айыптоолорду нонсенс деп атаган.

Азербайжандагы белгилүү укук коргоочу, 59 жаштагы Лейла Юнус былтыр июлда, 60 жаштагы күйөөсү Амри Юнус андан бир айдан кийин, августта камакка алынган эле. Ошондон бери алар абакта өз-өзүнчө кармалууда.

Лейла жана Ариф Юнус
Лейла жана Ариф Юнус

Аларга мамлекеттик чыккынчылык, алдамчылык, жасалма документ колдонуу, салыктан качуу жана мыйзамсыз ишкердик кылуу боюнча айыптар тагылган. Өлкөнүн башкы прокуратурасы жубайлар Азербайжанга кошуна жана кас өлкө - Арменияга жашыруун маалыматтарды берүүгө аралашканын билдирген. Укук коргоочу жубайлар өздөрүнө тагылган мындай айыптарды саясий негизде деп, четке кагып келет.

Буга чейин 15-июлдагы баштапкы сот жараянында адвокат Афган Мамедов ал жактап жаткан Ариф Юнустун аракеттеринде алдамчылык жоктугун, ал башка бирөөнүн мүлкүн ишенимге кирип, кыянаттык менен ээлеп албаганын, иштин материалдары ал кимдин мүлкүн ээлеп алганы айкын эместигин көрсөткөнүн айтып, ишти кыскартууну өтүнгөн эле. Бирок анда да ал өтүнүч кабыл алынган эмес. Лейла Юнустун адвокаты Рамиз Мамедов да ушундай эле өтүнүч келтирип, аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну же күрөөгө бошотууну суранган. Ал эки көзүнө тең операция жасаткан Лейла Юнустун саламаттыгы начар экенин, кант диабети жана гепатит С илдети менен жабыркарын жүйө келтирген.

Мындай өтүнүчтөр четке кагылган соң Лейла Юнус сотту бийликтин буйругун аткарып жатат жана сүйлөө укугумду бузду деп күнөөлөгөн.

Тыныгуу учурунда болсо ал журналисттерге күйөөсү Арифтин ден соолугу начар экенин, башындагы шишик рак болушу ыктымалдыгын айткан. Ошондой эле абакта физикалык кысмактоолорго кабылып, былтыр 23-сентябрда Ягубов деген майор ага кол көтөргөнүн билдирген.

Бул соттук териштирүүлөр Азербайжанда 12-28-июнда өткөн Европа оюндарынан кийинки айга туш келди. Укук коргоочунун кызы Динара Юнус буга чейин анын апасы былтыр авторитардык өлкөлөргө мындай ири спорттук иш-чараларды өткөрүүгө укук берилбеши керектиги тууралуу ачык кат жазгандан эки күндөн кийин камакка алынганын айткан эле. Ал ошондой эле ата-энесинин экөөнүн тең ден соолугу начар экенин, тез арада сырттан дарыланууга муктаждыгын кошумчалаган:

- Адам укуктары жаатында мен Азербайжанда абал жакшы жагына өзгөргөнүн көрбөй турам. Мындай болгон учурда ата-энемди эми тирүү көрөм деген үмүтүм да өчүп баратат. Мен аларды эркиндикке чыгаруу эле эмес, өмүрү коркунучта деп коңгуроо кагам. Өмүрүн сактап калуу үчүн алар чет өлкөдө дарыланууга муктаж.

Лейла Юнус бийлик каттоодон өткөрбөй койгон Бакудагы Тынчтык жана демократия институтун негиздеп, аны жетектечү. Адам укуктарын коргоо маселесинде өлкө бийлигин катуу сындап келген. Күйөөсү Ариф Юнус тарыхчы жана Кавказдагы чыр-чатактарды изилдеп жүргөн окумуштуу катары белгилүү. Изилдөө иштеринде негизинен армяндар байырлаган Тоолуу Карбактагы чатакка да көңүл бурган. Тоолуу Карабакта 1990-жылдагы согуштан бери маселе чечилбей, ошондон бери Азербайжан менен Армения ортосундагы абал жакшы эместиги белгилүү.

Укук коргоочу жубайлардын камалышын АКШ, Европа Биримдиги жана Human Rights Watch, Amnesty International сыяктуу укук коргоочу эл аралык уюмдар да айыптап, Азербайжан бийлигинен аларды токтоосуз бошотууну талап кылып келет.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG