Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:20

Азербайжандык журналист эл аралык сыйлыкка татыды


Хадижа Исмаилова
Хадижа Исмаилова

Азербайжандык журналист Хадижа Исмаиловага ПЕН борборунун сөз эркиндиги боюнча сыйлыгы ыйгарылды.

АКШдагы бейөкмөт уюмдун маалымдашынча, журналистке сыйлык азербайжан чиновниктердин жемкорлугун иликтегени үчүн берилген.

Апрель айында Хадижа айым Швециянын улуттук басма сөз клубунун Сөз эркиндиги үчүн сыйлыгын жеңип алган.

5-майда Хадижа Исмаилованын Баку шаарындагы абакта отурганынын алтынчы айы башталды. Бирок ушул убакка чейин журналистке сот өкүмү угузула элек. “Азаттык” радиосу менен кызматташып жүргөн Хадижа кесибине байланыштуу абакка түшкөнүн айтып келет.

1922-жылы Нью-Йоркто түптөлгөн Америка ПЕН борборунун аткаруучу директору Сюзанн Носселдин айтымында, журналист Азербайжан жетекчилигине коррупцияга аралашканын жазганы үчүн жапа чегүүдө:

- Хадижа Исмаилова Азербайжандагы көкжал репортер, ал жогорку деңгээлдеги коррупцияны иликтеген, - деп журналистке баа берет Сюзанн Носсел.

Америка ПЕН борборунун сыйлыгы өзгөчө оор кырдаалда калган калемгерлер менен абийир туткундарына ыйгарылат.

Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда "жаранды өзүнө кол салгыдай абалга жеткирген" деп айыпталып, камакка алынган. Айыпкер Турал Мустафаев кийинчерээк арызын кайтарып алып, журналистке эч кандай дооматы жок экенин айтып, прокуратурага кайрылган. Андан кийин Азербайжан бийликтери Исмаилованы "салык төлөгөн эмес жана өзүнө мүлк ыйгарып алган" деп күнөөлөп, жаңы айып тагышкан.

Хадижанын өзү жана анын тарапкерлеринин оюнча, ал президент Илхам Алиевдин, үй-бүлөсүнүн жана жогорку өкмөттүк чиновниктердин коррупцияга байланыштуу деп шектелген ишмердигин иликтегени үчүн айыпталууда. Ушундай эле пикирин “Азаттык” радиосунун Азербайжан бөлүмүнүн директору Кенан Алиев айтып, Исмаиловага коюлган айыптоолорду куру жалаа деп атады:

- Ал коррупциялык иштерди талыкпастан изилдеп, алардын президент Илхам Алиевдин үй-бүлөсү менен байланышканын көргөн. Анын иликтөөлөрү президентти нааразы кылганына мен ишенем. Хадижа ошон үчүн абакта отурат.

38 жаштагы Хадижага тагылган айыптар боюнча сот жараяны баштала элек. Бирок тергөө абагында кармоо мөөнөтү эки жолу узартылды. Ошентсе да февралда жабык өткөн сотто Исмаилова бирөөнү каралаган деп айыпталып, ага 2500 манат (2400 доллар) айып салынган. Андан тышкары абакта отуруп, өз адвокаты аркылуу маалымат каражаттарында түрдүү билдирүүлөрдү жасаганы үчүн дисциплиналык жазага тартылган.

Америка ПЕН борборунун “Эркин жазуу” сыйлыгынын негиздөөчүсү Барбара Голдсмит айткандай, Хадижа Исмаилова азыр да абакта отурганына карабай кат менен кайрылуусун токтоткон жок:

- Ал иликтөөсүнүн аягы оор бүтөрүн билген. Абакта отуруп да кат жазганды токтоткон жок.

“Сен Азербайжанда журналисттик иликтөө жүргүзсөң, аягында өмүрүң менен жооп беришиң ыктымал”, - дейт Хадижа Исмаилованын санаалашы, бакулук блоггер Эмин Милли.

Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Хадижа Исмаилованын сот ишин Азербайжандагы жарандык коомду кысмакка алуунун бир бөлүгү деп баалашат. Алардын ырасташынча, өлкөдө жүз чакты журналист жана жарандык активист саясий негизде күнөөлөнгөн. Бул тизмеде былтыр июлдан бери камакта отурган көрүнүктүү укук коргоочулар Лейла жана Ариф Юнус бар.

Хадижанын апасы Элмира айым Америка ПЕН борборунун сыйлыгы кызымдын эркиндикке чыгышына жардамдашып калар деп тилек кылат.

XS
SM
MD
LG