Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:10

Дүйнө

"Бафта" мыктыларды атады

Лондондо Британиядагы кинонун мыктыларын тандаган “Бафта” сыйлыгы тапшырылды. Анда “Жылдын мыкты тасмасы” деген башкы номинацияда америкалык режиссер-айым Кэтрин Бигелоунун “Кырдаалдын эгеси” деген фильми утту.

Кэтрин Бигелоу "Бафтада" өзүнүн мурдагы күйөө Жеймс Камеронду да артта калтырды
Текст көлөмү - +
“Кырдаалдын эгеси” деген тасмага, андан сырткары, мыкты режиссердук иш, оригиналдуу сценарий, мыкты үн, мыкты оператордук эмгек жана эң жакшы монтаж үчүн да сыйлыктар берилди.

Режиссер Кэтрин Бигелоу: "Фильмдин айтайын деген оюу адамдардын жүрөгүнө жеткен окшойт. Мен муну ушул конфликттин аягына жеткенинин башталышы деп билгим келет".

"Аватардын" атасы Жеймс Камерон "Оскардын" негизги каарманы болоору күтүлүүдө
Айтмакчы, Бигелоу - Америкадагы режиссер Жеймс Камерондун мурдагы аялы. Камерондун “Аватар” тасмасына эки номинация боюнча сыйлык тийди (спецэффект жана декорация үчүн).

“Бафтада” “Жылдын актеру” деген наам британиялык актер Колин Фертке берилди. “Жылдын актрисасы” деп “Билим” деген тасманын башкы каарманы Кэри Маллиган табылды.

Британиялык 73 жаштагы актриса Ванесса Редгрейвке "Кинематография искусствосуна кошкон үлкөн салымы үчүн" Академиянын атайын сыйлыгы ыйгарылды. Аны топтолгондор туруп, кол чаап тосуп алышты.

"Бафтанын" дүйнөлүк киносынактарынын арасында өзгөчө оорду бар. Анда ким жеңсе, анын кийин “Оскарды” алууга шансы көбүрөөк болот деп эсептелет. Голливуддун киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгы 7-мартта тапшырылмакчы.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)