Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Балкандыктар Ирак жана Украинада жалданып согушуп жүрүшөт


Косовонун полициясы бүткүл өлкө боюнча рейд жасап, 60тай айыл-шаарды кыдырып, исламчыл радикализмге шектелген 40 адамды кармады.
Косовонун полициясы бүткүл өлкө боюнча рейд жасап, 60тай айыл-шаарды кыдырып, исламчыл радикализмге шектелген 40 адамды кармады.

Балкан өлкөлөрү Сирия, Ирак жана Украинада жүрүп жаткан согушка жөнөгөн жарандарынын агымын токтото албай убара.

Сербия, Босния жана Косово бийликтери тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, акчага жалданып кеткен экстремисттерге каршы чараларды көрүшүүдө.

8-августта босниялык Эмрах Фойница аттуу жаран «Ирактагы Ислам мамлекети жана Левант» (мурдагы ИЛИМ) радикалдык кыймылы кезектеги согуштук операциясын баштаганда өзүн-өзү жардырып жиберди.

Бир нече күндөн кийин Косовонун полициясы бүткүл өлкө боюнча рейд жасап, 60тай айыл-шаарды кыдырып, исламчыл радикализмге шектелген 40 адамды кармады. Алар Сириядагы жана Ирактагы экстремисттик операцияларга катышкан деп шектелүүдө.

Сербия бийликтери ондогон сербдер Украина чыгышындагы куралдуу кагылышта эки тарапта тең согушуп жатканын билдирет.

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Милорад Миятович "согуштук аймактарга жөнөгөндөр, албетте, ондоп саналат”- деп, алардын так саны белгисиз экендигин айтты.

Лондондо жайгашкан диний радикализмди иликтеген эл аралык борбордун отчетуна ылайык, Ирак менен Сирияда согушуп жүргөн чет элдиктердин 6% балкандыктар. Косово бийлигинин маалыматына караганда, жалпысынан 200дөй жараны Жакынкы Чыгыштагы уруш талааларына кетсе, 16сы ошол жакта набыт болду.

Сербиянын премьер-министри Александр Вучичтин айтканына караганда, ондогон сербиялыктар Украинада орусиячыл жикчилдер тарабында болсо, башкалары өкмөттүк күчтөрдү колдоп, согушуп жүрөт. “Алардын 99% акчага жалдангандар”,- деди премьер Вучич.

Акчага жалданып башка өлкөгө кетүүнү кылмыш деп тааныган мыйзам жакында Боснияда кабыл алынды. Ушундай эле мыйзам Косово парламентинде биринчи окуудан өттү. Серб депутаттары дагы мыйзам долбоорун талкуулоодо. Ошол эле маалда мындай укуктук чаралар четтеги уруштарга кетип жаткандарды токтото албайт деген сындар айтылууда.

Стивен Вукоевич Сербиядагы Chetnik Movement деген кыймылдын өкүлү. Бул уюм Украинадагы жикчилдерге кошулууну каалаган ыктыярчыларды согушка жөнөтөт. Вукоевич анын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам кабыл алынса дагы, өз ишин уланта берерин айтып: "Chetnik Movement кыймылынын Орусияда такай иштеген адамдары бар. Алар Сербиясыз эле ошол жактан жөнөй беришет”,- деди эч камырабай.

Байкоочулардын айтымында, Боснияда абал бир аз кооптуураак. Анткени Сирияга жана Иракка жөнөгөн согушкерлердин көбү экстремист ваххабиттердин таасиринин алдында. Өлкөнүн түндүгүндөгү мурда террорчулук менен байланыштагы “Горня Маоца” ваххабит коомчулугу азыр деле бар.

Экстремизмге каршы күрөшүүдө тажрыйбалуу саясатчы Босния парламентинин депутаты Мехмед Брадарич Маглай шаарынын мэри болуп турганда ваххабиттер жакын жайгашкан Босинья айылын басып алышкан.

“Алар айылды ээлеп турушканда өз эрежелерин орнотушкан. Биз Маглайда аябай кыйналганбыз. Вахабиттер керек болсо Жаңы жылды белгилөөгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес” деп эскерет депутат.

Ал арада Босниядагы Чалгын жана коопсуздук агенттигинин жетекчиси Альмира Дзуво “Баарына бийлик өзү кийлигишет. Кылмыштуу топтордун майдасынан чоңуна чейин бийлик аралашкан» деп атайын органдардын экстремисттерге каршы олуттуу күрөшүнөн күмөн санайт.

Мындай көрүнүштүн түпкү себептерин эки өлкөнүн социологдору “аскерий туризмдин” өнүгүшүнөн көрүшөт.

“Азыр 19-20 жаштагы жигит Боснияда калгандан көрө өмүрү атын укпаган өлкөгө кетип калууну артык көргөн кырдаалда жашап атабыз”,- деди политология илими боюнча профессор Владо Азинович.

- Коом кризисте турганда экстремизмдин жайылышы үчүн жакшы абал түзүлөт. Жашоосуна нааразы адамдарга экстремисттик аракеттер аларды туңгуюктан алып чыкчудай көрүнөт. Жалпы коомдун климаты экстремизмдин өнүгүшүн колдоп тургандай сезилет, - деп баалайт Белграддагы психиатр Войцлав Курчич “Азаттыкка”.

Немистердин Deutsche Welle маалымат агенттиги жакында эле Chetnik Movement кыймылынын Украинада жалданып согушуп жүргөн согушкерлери тууралуу жазган. Топтун лидери Братислав Живкович согуш аяктаса, Сербияга кайтууну көздөп жатканын журналисттерден жашырган эмес.

Мындай билдирүү балкандык эксперттерди тынчсыздандырууда. “Алар кайтып келишсе, бир эле Сербияга эмес, бүтүндөй аймакка коркунуч туудурган топтор түзүлөт”,- дейт сербиялык аскерий эксперт Боян Димитриевич.

Өткөн аптада өзүн-өзү Иракта жардырган босниялык Эмрах Фойница дагы өз мекенинде таанымал болчу. Ал 2011-жылы Сараевдо АКШ элчилигине кол салган Мевлидом Ясаревичти курал менен камсыздаган деп айыпталып соттолгон.

Эмрах Фойница менен Мевлид Ясаревич экөө тең мурда “Горня Маоца” вахаббит коомчулугунда жашаган. Кийин Эмрах Фойница акталып, ал уюмга кайра кайтпайм деп убада берип эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG