Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Лукашенкону Москванын мамилеси кооптондурат


Беларус президенти Александр Лукашенко менен орус президенти Путин. 10-октябрь, 2014-жыл.
Беларус президенти Александр Лукашенко менен орус президенти Путин. 10-октябрь, 2014-жыл.

Президент Александр Лукашенкону Москванын Беларуска жасаган мамилеси кыжаалатка салат. Бул жөнүндө Лукашенко 16-декабрда Беларустун Коопсуздук кеңешинде айтты.

Ал Батышты геосаясый кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн аскерий күчкө басым жасоодо деп сындады. Ноябрда Орусия ден соолукка кооптуу деп, Беларустун 20 чакты ишканасы чыгарган азык түлүккө тыйуу салган. Москва бул чатак 20-декабрга жөндөлөрүн эскерткен.

Беларус жана Орусия Бажы биримдигине мүчө. 17-декабрда Беларус парламенти Евразия экономикалык биримдиги боюнча келишимди ратификациялады. Бирок Минск-Москва мамилеси Бажы биримдигинин эрежелерине сыйбаганын акыркы айлардагы өз ара араздашуулар айгинелөөдө. Орусия бийликтери ноябрдаадам өмүрүнө зыяндуу деп, Беларуста өндүрүлгөн азык түлүккө салган чектөө толук алына элек. Маселе создуктурулуп жатканына Минск нааразы. “Орусияга Беларуска байланыштуу мындай саясат жүргүзүү эмне үчүн керек... Чыгыш агайинибиздинбүгүнкү жүрүм-туруму этияттантпай койбойт,”-деди президент А. Лукашенко16-декабрда Беларустун Коопсуздук кеңешинде. Эл аралык кырдаалга арналган сөзүн “эч кимге биз менен күчкө салып сүйлөшүүгө жол берилбейт” деп аяктады ал. Бул сөздүн төркүнүн Беларус саясат таануучусу Андрей Федороов төркүнүн мындай чечмелейт:

-Батыш тараптан маанилүү өзгөрүүнү: Беларусту өзүнө баш ийдирүү аракетин көргөнүм жок. Маселе Чыгышта. Мен, чынын айтсам, Орусиянын экономикасы дагы бир кыйла начарлайт. Бул Путиндин рейтингин төмөндөтөт. Ошондо Кремль аны “кичинекей жеңиштүү согуш”жолу менен калыбына келтирүүнү каалашы ыктымал. Ушул мааниден алганда, Беларус берегидей согуштун бир бутасы болуп калчудай көрүнөт. Мунун белорус жетекчилиги түшүнөт деп ойлойм.

Беларус Стратегиялык изилдөөлөр институтунун талдоочусу Андрей Елисеевдин айтымында, Лукашенконун Орусиядан кооптонгону негиздүү. Себеби, Украинанын мисалы буга түртөт. Ошондуктан, Лукашенко дембе-дем Орусияны сындап, орусиячыл көз караштагы адамдар аз болуусун каалоодо, дейт серепчи:

-Ал сөздөр биринчи кезекте ички публикага багытталган. Менимче, азыр Лукашенкону улуттук көрөңгөсү бошоң жана орусиячыл көз караштагы белорустар тынчсыздандырууда. Анын Орусия менен болгон соода согушуна тиешелүү кийинки жумаларда айткан сөздөрү белорус шайлоочуларына эсептелген. Ал бүгүн Беларус коомунда орусиячыл өңүттөгү адамдардын азайтууга кызыкдар.

Лукашенко 11-декабрдагы өкмөттүк жыйында Орус маалымат каражаттары Беларусту каралап жатат деп, азык түлүк чатагын Москва баштагынан көңүл бурган эле:

-Сиздер баамасаңыздар керек, ошол эле орусиялык массмедиада кайра биздин дарегибизге “таш атыла” баштады. Өзгөчө мени Лукашенко кырдаалды жогору жакка чыгарууда деп сындашууда. Алдагы бакма саясатчылар менен журналисттерден башка эч нерсе күтүп кереги жок...

16-декабрдагы Улуттук коопсуздук кеңешинде А. Лукашенко экономикалык абал жөнүндө сүйлөп жатып, МинскМоскванын көзүн карап иш кылуудан тажаганынтүз айтты:

- Орусия бизге агайин өлкө болсо да, дайыма элежалгыз ага кулдук ура албайбыз. Себеби, көрдүңүздөр, бир рынок кыйрады, артынан биз да учуп кеттик. Ырас, бир жылдары биздин товарлардын 85% Орусиянын рыногуна сатылса, бүгүн ал 40-45 процентти түзөт. Ырас, биз бир рынокко көз каранды болуудан кутулдук. Бирок бул али аз экен. Украина да кошулду. Казакстанда абал жакшы деп ойлобойм.

Эксперттер Беларуска Орусиянын экономикасынын таасири чоң, ошондуктан орус рублинин арзандоосу белорус рублин да күчтөн тайдырат деп боолгошот.

XS
SM
MD
LG