Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Борис Немцовдун Орусиядагы өчпөс изи


Украиндер маркум Борис Немцовду эскерип, анын сүрөтүнүн жанына гүлдестелер коюуда. Киев шаары. 28.2.2015.
Украиндер маркум Борис Немцовду эскерип, анын сүрөтүнүн жанына гүлдестелер коюуда. Киев шаары. 28.2.2015.

Орусиянын демократиячыл саясатчысы Борис Немцов (1959 – 2015) күрдөөлдүү күрөшчүл өмүрү менен эсте калат. Ал Кыргызстандагы элдик ыңкылапты да колдоп чыккан. 1-мартта, жекшембиде, орусиялыктар маркум Борис Немцовду эскерүү үчүн Москва шаарындагы ал өлтүрүлгөн жайга чогулушат. Эскерүү иш-чарасы мурда белгиленген оппозициячыл “Жаз жүрүшүнүн” ордуна өтөт.

Кыска жолугушуум

Мен маркум Борис Ефимович Немцов менен Прага шаарында жолугушуп калдым. Бул – Кыргызстан бир элдик ыңкылапты баштан кечирген, бирок акырындап экинчи ыңкылапка карай аргасыздан багыт алып бараткан учур – 2007-жылдын 10-12-июну эле. Ара-чолодо ал “Эркин Европа / Азаттык үналгысынын” (ЭЕ/АҮ) башкеңсесинде да болгон. Мен ага Прага шаарын кыдырганда орусчадан чех тилине котормочу болуп бере ала турган жол көрсөткүч адисти таап бердим.

Борис өзү англисче мыкты сүйлөчү, бирок кээ бир жайларда түздөн-түз чех тилине которгон адиске муктаж болуп жаткан экен. Ал кезде мен “Азаттык” үналгысын (ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматын) жетектечүмүн. Эмне үчүн ЭЕ/АҮ Орус кызматынын өкүлүнө эмес, мага “котормочу таап бер” деп кайрылганын билбейм. Балким, кыска убакыттык маегибиз учурунда илим жаатында баарлашканыбыздын таасири тийдиби, же бир жылда жарык дүйнөгө келгенибизди ачыктаган соң, курбалдаш санап калдыбы, а балким, Кыргызстандын революциячыл коомуна карата кадырлоо сезиминен уламдыр?

Айтор, бул жолугушуулар учурундагы баарлашууну дайыма эстеп келем. Сөз арасында ал жаш физик окумуштуу кезинде, 1980-жылдарда, Алматы шаарындагы бир илимий жыйынга барып калгандыгын эскерген. Ал кезде окумуштуулар конок үйүнө же жатаканаларга бир бөлмөгө 2-3төн деле жаткырыла беришчү. Борис мырза Алматыдагы илимий жыйын маалында кыргызстандык физик, профессор Аскар Акаев менен бир бөлмөдө жатып калганын күлүп эскерип айтты. Ал кезде экөө тең саясатка кире элек учур болсо керек. Бирок Борис Немцов кайра куруулар доорунда эле (өзгөчө Чернобыл кырсыгынан соң) Орусиядагы экологиялык көйгөйлөрдү козгогон атуулдук кыймылга үн кошкону маалым.

Борис Немцов мырза көз карашы, дүйнө таанымы кеңири, көп окугандыгы маегинен улам даана сезилген инсан эле. Кескин түрдө жалпылап сүйлөгөнүнөн улам чечендигин, тайманбастыгын баамдай аласыз.

​Немцов жана КМШдагы “түстүү ыңкылаптар”

Борис Немцов КМШ аймагындагы үч жумурияттагы ыңкылаптарды жандуу колдоп турган. Маселен, 2004-жылы Б.Немцов жетектеген “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясы Украинадагы элдик ыңкылапты жана анын лидери Виктор Ющенкону расмий колдоп чыккан. Б.Немцов Киевдеги оппозициячыл митингдерге да катышкан.

Борис Немцов Минск шаарында. Беларус. 2013.
Борис Немцов Минск шаарында. Беларус. 2013.

Кийин, 2005-жылдын февралынан 2006-жылдын октябрына чейин Б.Немцов Украинанын президенти Виктор Ющенконун штаттан тышкаркы кеңешчиси кызматын да аркалаган.

Б.Немцов Кыргызстандагы 2005-жылкы элдик ыңкылапты да колдоп, мурдагы президент А.Акаевдин авторитардык башкаруу тажрыйбасын сынга алган.

Ал өзүнүн интернет барагында мындайча пикирин жарыялаган:

“Бизге, Орусияга, Кремлге, биринчи кезекте грузин ыңкылабынан да сабак алуу, эми болсо, кыргыз ыңкылабынан да үйрөнүү зарыл. Биринчи сабак: өз элине чексиз эле жалган айта берүү жарабайт; акыр-түбү эл козголот да, мындай тажаткан бийликти шыпырып салат. Экинчиси: шайлоолорду чексиз эле бурмалай берүүгө болбойт. Үчүнчүсү: чексиз түрдө уурдай берүү жарабайт; эл буга чыдап отура бербейт”.

Украинадагы соңку окуяларга жана КМШ өлкөлөрүнө мамилеси

Б.Немцов Орусия бийлигинин Крым жарым аралына карата саясатын кескин сынга алган оппозициячыл коомдук ишмер болду.

2014-жылы сентябрда Б.Немцов расмий Кремлден Орусиянын аскерин Украинанын аймагынан чыгарып кетүүнү жана бул өлкөнүн чыгышындагы Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасы деп өздөрүн бир тараптуу жарыялап алган жикчилдерге колдоо көрсөтпөөнү талап кылган кайрылууга кол койду.

Немцов маектеринин биринде В.Путинди “Украинага кол салды, украиндер болсо коргонуп жатышат” деп айыптаган (“...Путин на них напал, они обороняются”).

Ал Орусия бийлигин башка пост-советтик мамлекеттердин мамлекеттик көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн сыйлоого чакырып келди.

Айтмакчы, беларустук саясатчы, Бирдиктүү атуулдук партиянын лидери Анатолий Лебедько мырзанын айтымында, Б.Немцов Беларусту европалык көз карандысыз өлкө санаарын, Беларус да Европага жакындашы керектигин баса айтканын эскерет.

Теги. Жаштыгы. Илимдеги салымы

Борис Ефимович Немцов 1959-жылдын тогуздун (октябр) айынын 9унда Орусиянын Сочи шаарында туулган. Атасы – Ефим Давыдович Немцов (1928-1988) курулуш тармагын жетектеген. Энеси Дина Яковлевна Эйдман (1928-жылы туулган) – Орусиянын эмгек сиңирген дарыгери.

Борис Немцов мурдагы Горький (азыркы Нижний Ногород) шаарында орто мектепти 1976-жылы алтын медаль менен аяктаган.

Борис Немцов Нижний Новгород, 18-ноябрь, 1993-жыл.
Борис Немцов Нижний Новгород, 18-ноябрь, 1993-жыл.

Ошол эле жылы ал Н.И.Лобачевский атындагы Горький мамлекеттик университетинин (азыркы Нижний Новгород мамлекеттик университетинин) радиофизика факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган.

1985-жылы диссертациясын коргоп, физика-математика илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон. (Темасы: “Кыймылдагы булактардын нурлануу менен өз ара карым-катнашынын ширелишкен таасирлери” - «Когерентные эффекты взаимодействия движущихся источников с излучением»).

Б.Немцовдун ойлоп табууларынын жана ачылыштарынын арасында акустикалык лазер жана космос кемесинде колдонулчу антеннанын кээ бир жакшыртылган параметрлери, ж.б. бар. Академик Виталий Лазаревич Гинзбург өзүнүн 1997-жылкы эскерүүсүндө Немцовду өтө таланттуу физик катары жогору баалап, өзүнүн эки аспирантынын (Эйдман, Денисов) орток аспиранты болгонун айтканы бар.

Чоң саясатка сапары

1990-жылы март айында Б.Немцов Горький улуттук-аймактык чөлкөмү боюнча РСФСРдин эл депутаты болуп шайланган. Реформачыл блоктун мүчөсү болгон.

1991-жылы ал президенттикке талапкер Борис Ельциндин Нижегород облусу боюнча ишенимдүү өкүлү болгон. Ал эми 1991-жылдын 27-августунан 1994-жылдын 18-апрелине чейин Б. Немцов Орусиянын президенти Борис Ельциндин Нижегород облусундагы толук ыйгарымдуу өкүлү болгон. (Орусия президенти 18.04.1994 кол койгон № 793 жардык).

1991-жылы 30-ноябрда РСФСР президентинин жардыгына ылайык Б.Немцов Горький облусунун акими болуп дайындалган. (Облус 1992-жылдын 16-майынан тартып Нижегород облусу болуп аталып калган).

1993-жылы Б.Немцов Орусиянын Федерациялык кеңешине депутат болуп шайланган.

Реформатор атыккан Б.Немцов 1995-жылы декабрда (бештин айында) Нижегород облусунун губернатору кызматы үчүн шайлоодо жеңишке жетишкен (добуштардын 58,9 пайызын алган).

Жалпысынан, 1991-97-жылдары Нижегород облусун жетектеп турган чагында Б.Немцов бир катар программаларды ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Маселен, Нижний Новгороддогу “Стригино” аба майданы эл аралык макам алган, Нижегород жармаңкеси кайра иштей баштаган. Ал массалык маалымат каражаттарына ачык жетекчи болгон.

Би-Би-Синин кабарчысы Данила Гальперович Б.Немцов башкарып турган учурдагы Нижегород облусун “журналисттер үчүн бейиш” катары баалап, цензуралык чектөөлөр болбогондугун баса белгилеген жери бар. «АиФ-НН» басылмасынын баш редактору Наталия Лисицына да бул аймакты “эч коркпогон журналисттердин журту” катары баалаган.

Орусия Өкмөтүндөгү ишмердиги

1997-жылдын 17-мартында Б.Немцов Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган. (Орусия Федерациясынын Президенти 17.03.1997 кол койгон № 250 жардык).

1997-жылдын 24-апрелинен 20-ноябрына чейин Б.Немцов бир эле учурда Орусиянын отун жана кубат министрлигинин министри кызматын да аркалаган. Ал, ошондой эле, 1997-жылдын 22-майынан 1998-жылдын 1-октябрына чейин Орусия Федерациясынын Коопсуздук кеңешине да мүчө болгон.

Б.Немцовдун отун-кубат тармагын жетектеген учурун сынга алгандар да арбын. Академик Владимир Елиферьевич Накоряков, маселен, Немцовду жана ал кызматтан кызматка көтөргөн Борис Бревновду сынга алып, алар сыяктуу “дилетант жетекчи кишилердин тобунун айынан отун-кубат комплексинде бүлгүнчүлүк орун алды” деп жазганы бар.

Орусиялыктардын коомчулугунда Немцовдун баркы 1990-жылдардын ортосунда кыйла жогору болгон. 1997-жылы апрелдеги сурамжылоого ылайык Борис Немцовду калайыктын дээрлик 29 пайызы өлкөнүн болочоктогу президенти катары көргүсү келээрин билдирген. Бирок 1999-жылдын соңуна карата Немцовду болгон 1 пайыз гана калайык жогору баалаган.

1997-жылдын май-ноябрь айларында жана 1998-жылдын май айынан тартып Б.Немцов бир эле учурда “ГазПром” Орусиялык акционердик коомундагы мамлекеттин өкүлдөрүнүн коллегиясынын төрагасы кызматын аркалаган.

1998-жылдын 17-августундагы дефолттон кийин Сергей Кириенконун өкмөтү бийликтен кетирилгенде, Б.Немцов убактылуу Өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткарып калган.

1998-жылдын 24-августунда Б.Немцов бул кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган, арызды президент Б.Ельцин канааттандырган (1998-жылдын 28-августундагы президенттик жардык).

1998—2007-жылдардагы саясий ишмердиги

1998-жылдын 22-сентябрында Б.Немцов Орусиядагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган (коомдук башталыштагы кызмат).

1998-жылы декабрда “Жаш Орусия” коомдук-саясий кыймылы уюшулуп, Б.Немцов анын Федерациялык саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган. 1999-жылы жазында бул кыймыл “Оң иш” (“Правое дело”) аталган коалицияга кирген.

1999-жылдын августунда Владимир Путин Орусиянын өкмөт башчылыгына дайындалганда Б.Немцов ага оң баасын берген. Путиндин болочоктогу президенттикке татыктуу талапкер экендигин да 1999-жылдын соңунда белгилеген, бирок бул пикири ката болгонун кийинчерээк мойнуна алган.

1999-жылы декабрда Б.Немцов “Оңчул күчтөр биримдиги” блогунун өкүлү катары Нижний Новгород облусундагы № 117 Автозавод шайлоо чөлкөмүнөн Орусиянын Мамлекеттик думасынын 3-чакырыктагы курамына депутаттыкка шайланган. “Оңчул күчтөр биримдиги” блогунун теңтөрагасы болгон.

2001-жылдын 28-апрелинде “Жаш Орусия” кыймылы 4-курултайында өзүн-өзү таркаткан. 2001-жылдын 27-майында Б.Немцов жаңы уюшулган “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясынын Федерациялык саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

2003-жылы анын партиясы Орусиянын Мамлекеттик думасына шайлоого катышып, бирок 5 пайыздык өткөөлдү жеңе албай, Мамдумадан орун ала албай калган. Шайлоодо жеңилген соң Б.Немцов “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясынын Федерациялык саясий кеңешинин төрагасы кызматынан чегинген.

2004-2005-жылдары Б.Немцов “Нефтяной” концернинин директорлор кеңешинин төрагасы кызматын аркалады. Компанияга таандык банк жемкорлук доосу боюнча иликтене баштаганда, Б.Немцов бул кызматтан өз эрки менен кетти. Банктагы чуу боюнча кылмыш иши 2010-жылы кыскартылган.

2004-жылы “Комитет 2008: Эркин тандоо” уюмунун кеңешине мүчө болуп шайланган.

2007-жылдан кийинки оппозициялык ишмердиги

Б.Немцов 2007-жылы өткөн Орусия Мамлекеттик думасына шайлоого “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясынын тизмесин жетектеп катышты. Шайлоо өнөктүгү маалында ал президент Путиндин саясатын ырааттуу сынга алды. Б.Немцов жана анын партиясы 2007-жылы декабрда Орусияда өткөн парламенттик шайлоону орой добуш бурмалоолор менен өттү деп кескин сындаганы маалым.

2007-жылы декабрда өз партиясы Б.Немцовду 2008-жылы март айына белгиленген президенттик шайлоого талапкер катары көрсөттү, бирок Б.Немцов өз талапкердигин оппозициячыл саясатчы, мурдагы премьер Михаил Касьяновдун пайдасына алып салды (26.12.2007). Бирок Касьяновдун талапкердиги расмий каттоого алынган эмес. 2008-жылдын 12-февралында Б.Немцов өзүнүн “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясындагы мүчөлүгүн токтотконун (себебин айтпастан) жарыя кылды.

2008-жылы 5-апрелде Санкт-Петербург шаарында “Демократиялык кыймыл үчүн жаңы күн тартиби” аттуу жыйын болуп, анда жаңы демократиячыл кыймыл түзүлөөрү жарыяланды. Немцов да бул жыйынга катышты.

2008-жылы 15-ноябрда “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясынын кезексиз курултайында бул партия өзүн-өзү таркатуу тууралуу чечим кабыл алды. Б.Немцов бул чечимге каршы болду, анткени “Оңчул күчтөр биримдиги” партиясы жаңы түзүлүп жаткан “Акыйкат иш” (“Правое дело”) деп аталган жана кремлчил катары шек саналган жаңы партияга кошулуп жаткан.

2008-жылдын 13-декабрында “Тилектештик кыймылы” (“Движение Солидарность”) деп аталган Бириккен демократиялык кыймылдын биринчи курултайы өтүп, Б.Немцов анын федерациялык саясий кеңешинин мүчөсү болуп шайланды жана анын бюросунун курамына кирди.

2009-жылы 26-апрелде Б.Немцов Сочи шаарынын мэри үчүн шайлоого оппозициячыл талапкер катары катышты. “Бурмалоолор менен өттү” деп сынга алынган бул шайлоонун жыйынтыгында ал экинчи орунда келди (13,6 пайыз). Биринчи орунга Анапа шаарынын акими Анатолий Николаевич Пахомов чыкты (76,86 пайыз) жана жеңүүчү деп табылды. Коммунист Юрий Дзагания үчүнчү орунду алды (6,75 пайыз).

2010-жылы 10-мартта Б.Немцов башка оппозициячыл лидерлер менен чогуу “Путин (бийликтен) кетиши керек” деп аталган кайрылууга кол койду.

2011-жылы январда Б.Немцов президент В.Путин 2010-жылы 16-декабрда сыналгы аркылуу түз берүү маалында өзүнүн намысына шек келтирди деген доо менен сотко кайрылды, бирок 2011-жылы февралда москвалык шаардык сот президент В.Путин тек гана жалпылаштырган сөз айткан болчу деген жүйө менен Немцов мырзанын доосун четке какты.

2010-жылы 31-декабрда Москва шаарында Триумф аянтындагы уруксат берилген нааразылык митингине катышканына карабастан, Б.Немцов милиция тарабынан кармалып, шаардын Тверской райондук соту тарабынан 15 суткага абакка кесилген. “Эл аралык мунапыс” уюму Б.Немцовду жана камалган башка оппозиция өкүлдөрүн “абийир туткуну” деп жарыялаган.

(2014-жылы июлда Европанын адам укуктары боюнча соту Б.Немцовдун эркин жыйын куруу жаатындагы атуулдук укугу бузулганын белгилеп, Орусия бийлигин Б.Немцовдун мыйзамсыз камалгандыгына байланыштуу ага 28,5 миң евро акча төлөп берүүгө милдеттендирди).

Б.Немцов 2012-жылдан тартып “Орусиянын Республикалык партиясы – Элдик эркиндик партиясы” («Республиканская партия России — Партия народной свободы, шарттуу кыскартылган аталышы: РПР-ПАРНАС») аттуу партиянын теңтөрагасы болуп калды.

Бул оппозициячыл партия 2013-жылы 8-сентябрда өткөрүлгөн Ярослав облустук Думасынын 6-чакырыктагы курамына башка оппозициячыл партиялар менен бирдикте шайлоого катышып, партиянын теңтөрагасы Борис Немцов 25-сентябрдан тартып Ярослав облустук Думасына депутат болуп туруктуу кызматта иштеп калды.

Күтүүсүз өлүмү жана ага карата баалар

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда кечки саат 11:40та Москва шаарында Кремлге жакын Чоң Москворецк (“Большой Москворецкий мост”) көпүрөсүнөн Кичи Ордынка аймагындагы үйүн көздөй жөө өтүп бара жаткан жеринен белгисиз кишилер тарабынан атып өлтүрүлдү. Маалыматка караганда, ак түстөгү автоунаа менен келген кишилер алты ирет ок атып, анын төртөө Б.Немцовго тийип, ал дароо жан берген.

Жанында украиналык жаш айым болгону, бирок ал эч жабыр тартпагандыгы да кабардалды. Орус бийликтери кылмышкерлерди табуу үчүн чукул коопсуздук жаа тергөө чаралары жүрүп жатканын маалымдашты.

Оппозициялык саясатчы Борис Немцовдун киши колдуу болушун дүйнө лидерлери айыпташууда. Алар орус бийлигин окуяны дыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү тез арада жоопко тартууга үндөп жатышат. Германия канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Путинден кылмышкерлердин сот алдында жооп беришин жеке көзөмөлгө алууну талап кылды.

28-февралда АКШ президенти Барак Обама: “Немцов өлкөсүнүн талыкпаган коргоочусу болчу. Ал мекендештеринин укугу үчүн күрөшүп келди. Мен анын коррупцияга каршы күрөшкөн эрдигине суктанчумун", - деп билдирди.

Орусиялык оппозиция Б.Немцовдун өлүмүнө бийликти күнөөлөп чыкты, расмий Кремл болсо кол салууну чагымчылдар ишке ашырганын айтууда. Орусиянын президенти В.Путин бул окуяны “провокациячыл кылмыш” катары айыптады.

Борис Немцов калтырган өчпөс из

Орусияда эмитеден эле маркум Борис Немцовдун элеси тууралуу кызуу талкуу жүрө баштады. Анын айыгышкан душмандары да, кийин табышкан Сергей Доренко сыяктуу мурдагы сынчылары да Борис Немцов мырзанын ишмердиги үчүн оң баа табууга умтулуп жаткан кез.

Башкырлар маркум Б.Немцовду эскерүүдө. Өфө (Уфа) шаары. 28.2.2015.
Башкырлар маркум Б.Немцовду эскерүүдө. Өфө (Уфа) шаары. 28.2.2015.

Орусиянын биринчи жана акыркы вице-президенти Александр Руцкой мырза 1994-жылы 26-февралда өү абактан бошотулганда, Борис Немцов аны балык уулоого чакырганын, ал үчүн Немцов президент Борис Ельцинден жеме уккандыгын, бирок ага кызмат менен адамгерчиликти чаташтырбай турганын айтканын 2015-жылдын 28-февралында эскерди.

Борис Немцовдун тагдыры жана өлүмү тууралуу ар түркүн сөздөрдүн жалыны кайрадан жандангансып бараткан “кансыз согуш” маалында оңой менен өчпөй тургандыгы, аны мактагандар да, каргагандар да четтен чыгаары ажеп эмес.

Арийне, түпкүлүгүндө, маркум Борис Немцов Орусия тарыхында академик Андрей Сахаров сыяктуу өлкө ичинде туруп авторитардык режимге каршы күрөштү үзгүлтүксүз уланткан коомдук ишмер катары кылымдарга сакталчу из болуп калаары шексиз.

XS
SM
MD
LG