Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:02

Борбор Азия

Кыргызстан Борбор Азияга өрнөк болобу?

Кыргызстанда саясий бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү тажрыйбасы чөлкөмгө кандай таасир этет? Түрдүү пикирлер, ар кыл көз караштар.

Кыргызстандын экс-президенти Р.Отунбаева жана жаңы президенти А.Атамбаев. 1.12.2011
Текст көлөмү - +

Учурда Швецияда жашаган Түркмөнстан парламентинин мурдагы мүчөсү, Кызыл-Арбат шаарынын экс-мэри Халмурат Сүйүн Кыргызстандагы өзгөрүү Борбор Азиянын калган калкына үмүт чачат деген ишенимде:

Халмурат Сүйүн
​​​- Кыргызстанда бүгүн болуп жаткан окуялар Борбор Азия калкы үчүн чоң мааниге ээ. Төбөлсүздүктүн 20 жылында кыргыз эли демократиянын катаал жана машакаттуу жолун өттү. Кыргыз эли түрдүү кыйынчылыктардан жалтанбасын, өлкөдө эмне жасалбасын, анын баары элдин болочогуна багытталганын эл аралык коомчулукка далилдей алды. Бул коңшулаш өлкөлөргө, анын ичинде тоталитаризм үстөмдүк кылган Түркмөнстандын элине келечекке ишеним арттырат. Бир кезде бизди дагы бүгүн кыргыз эли жетишкен ийгилик ыроолойт деген үмүттү өчүрбөйт.

Баары бир пост-советтик республикалар, алардын катарында Орусия парламенттик системага өтөт деп ойлойм. Ошон үчүн Кыргызстандагы парламентаризмдин келечеги бар деп ишенем. Кыргызстан кичинекей өлкө, бирок Роза Отунбаеваны убактылуу болсо дагы президент шайлап, жалпы экс-советтик мейкиндикке өрнөк көрсөттү. Ага аял жана эне катары ызат, урмат-сый көрсөттү. Ал аял кыргыз элине дүйнөлүк коомчулук алдында чоң абийир, сый-урмат алып келди. Болочокто Түркмөнстанда жана башка Борбор Азия мамлекеттеринде Кыргызстандагыдай өзгөрүүлөр болсун!

Өзбекстан Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, “Бирлик” кыймылы жана “Эрк” партиясынын негиздөөчүсү, 1993-жылдан бери чет өлкөдө баш калкалаган акын Мухаммед Салих:

-  Бул жакшы адат. Бирок али адат-салтка айлана элек бир асылзат аракет. Бийликтин мыйзамдуу негизде бир президенттен экинчи президентке өткөнү, жалпы элдик  шайлоо жыйынтыгына ылайык бийликтин алмашуусу, албетте, демократиялык жараян. Бул жараян, арийне, Өзбекстандай диктатуралык мамлекеттерге үлгү болуусу керек. Кыргызстанда өлкө лидерин алмаштыруу жараяны ар тараптагы авторитардык өлкөлөргө өрнөк болот деп үмүт кылабыз.

Мухаммед Салих Кыргызстандын демократиялык жетекчилиги 2010-жылдагы июнь окуясынан катаал сабак алуусун белгилейт:

Мухаммед Салих
​​- Былтыр Кыргызстанда болгон кандуу окуялар, албетте, Борбор Азия, Өзбекстан, Кыргызстан үчүн дагы сыймыктанар иш болду деп айта албайбыз. Көп адамдардын каны төгүлдү, көп адамдар там-жайсыз калды, көп адамдар үй-жайын таштап кетти. Бул көрүнүш бүгүн да уланууда. Кыргызстандын жаңы президенти бул калпыстыкты токтотууга саясый лидер жана мамлекет башчы катары таасир этет деп үмүт кылабыз. Ошондой эле Өзбекстан-Кыргызстан алакалары жакшырып, адамгерчиликтүү негизде саясат жүрөт деп тилек кылабыз. Эки өлкө чыныгы коңшулардай жана бир туугандардай болот деп үмүт кылабыз.

Тажикстандын Социал - демократиялык партиясынын төрагасы Рахматулло Зоиров Кыргызстандагы эки ыңкылап тажик саясий күчтөрүн шыктандырганына токтолот:

- Кыргызстанда бүгүн эки президент душмандашпастан, зекишпестен мамлекеттик бийликти ишке ашыруу боюнча ыйгарым укукту биринен экинчисине эч көйгөйсүз өткөрүүсү аркылуу тарыхый кадам жасоодо. Менимче бул толеранттуулуктун Кыргызстандан Борбор Азиянын башка республикаларына салыштырмалуу кыйла эле алдыга кеткен жарандык коомунда эле эмес, саясий бийликте да башталганынын белгиси. Толеранттуулук мамлекеттик башкаруу системасына да келип жетти.

Рахматулло Зоиров
​​Рахматулло Зоиров Кыргызстан кадам таштаган парламенттик башкаруу системасы Борбор Азиянын калган элдеринин менталитетине жат эместигин, Кыргызстанда парламенттик демократиянын чыңдалуусуна алдыдагы бир-эки жыл чечүүчү рол ойноорун кошумчалайт: 

- Кыргызстан бүгүн жарым жолдо. Башкысы бейстабилдүүлүктүн мезгили экинчи планга кеттип, тынч жол менен өнүгүү мезгили башталды. Эми алдыга жылуу үчүн кыска мөөнөт аралыгында, бир-эки жыл ичинде мунун укуктук, ага катар социалдык-экономикалык негиздерин бекемдөө керек.

Казакстандын жалпы улуттук "Азат" социал-демократтар партиясынын баш катчысы Амиржан Косанов демократиялык бийлик алмашуунун маанисин чечмелейт:

- Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Казакстан үчүн сабак, таалим ала турган өнүгүү экендигинде. Саясий системанын жаңылануусу Кыргызстандан башталып жатат деп эсептейбиз. Кыргызстанда бийлик башына келген президенттердин ысымдары Акаев, Бакиев, Отунбаева, эми Атамбаев деп алмашуусу Борбор Азиянын 10-20 жылдан бери бийликтеги лидерлерине жагат деп айта албайм. Алар субъективдүү көз-караштан улам буга терс кароосу мүмкүн. Бир гана тилек бар, башчылар арасындагы жеке көз-караш миңдеген жылдардан бери коңшу жашап келе жаткан казак менен кыргыздын достугуна, алардын туугандыгына терс таасир тийгизбөөсү абзел.
 
Амиржан Косанов
​​​Амиржан Косанов ошону менен катар эле Кыргызстандагы парламенттик демократиянын  тобокелчиликтерин эскертет: 
 
-  Бул көбүнесе мамлекет башчылыгына келген жаңы президенттин саясий жигерине, эркине байланыштуу жана албетте, парламент менен коомдун өзүнө көз каранды. Менимче Кыргызстанда коом бийликке таасир эте алгыдай шарт түзүлгөн. Демократия абдан татаал, кыйын мектеп. Кыргызстандын калкы бул мектептен өттү деп ойлойм.

АКШ Конгрессинин алдындагы “Ачык коом лидерлери” борборунун директору, АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Жон О'Киф Кыргызстанда демократиялык жол менен бийлик алмашуунун чөлкөмдүк таасири тууралуу:

Элчи Жон О'Киф
​​- Кыргызстанда бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү жалпы аймакка кандай таасир этүүсү мүмкүн деген собол - бир аз мөөнөтүнөн мурда берилген суроо деп айтаар элем.

Эң биринчи маанилүү суроо – бул өзгөрүү Кыргызстандын өзүнө кандай таасир этет?

Биринчиден, экономикалык өнүгүү кандай болот? Экинчинден, 2010-жылдагы кайгылуу окуядан кийинки кырдаалды оңдоо, анда жабыркаган адамдардын жай турмушка аралашуу жараяны кандай жүрүүдө?

Ал эми регионалдык аймакта ала турган болсок, бул ар бир өлкөнүн өзүнөн жана анын калкынан көз каранды. Алдыда эмне болушу мүмкүн?  Бийликти өткөрүп берүү коңшу өлкөлөрдө дагы орун алат деген ишеним ар бирибизде бар. Анткени бул дүйнөгө түркүк болчу эч ким жок.

Маселе башкада – Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдө саясий бийлик алмашуу орун алганда, анын кесепеттери кандай болот? Ал өзгөрүүлөр тынч жол менен өтөбү жана жаңы келген бийликтер өз калкынын алдында жоопкерчилик алабы – муну келечек көрөсөтөт.

Алексей Малашенко
​​Москвадагы саясат таануучу Алексей Малашенко Кыргызстанды саясий кызыкчылыктардын ордосу катары баалап келет. ​​Жаңы кызматка киришип жаткан Алмазбек Атамбаевдин ант берүү аземине Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкиндин күтүүсүздөн келбей коюшун "саясий табышмак" деп атады:

​- Менин байкашымча, бул жерде кандайдыр оюн жүрүп жаткандай. Менимче, Кремлден Бишкектеги инаугурацияга барам деп камданып аткандар ал жерде Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин жанында тургусу келген жок. Анын артында дагы бир сөздөр, милдеттенме келип чыкмак.

Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов Сергей Нарышкиндин Бишкекке келбей калганын Мамлекеттик Думага болчу шайлоого байланыштуу деп түшүндүрдү.

Жүктөө
​​       Президент А.Атамбаевдин ант берүү аземи. (КТРКнын тасмасы)
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: қара қазақ каяктан: Қазақ елі
03.12.2011 08:52
Роза Отынбаева

Қырғыз мемлекеттігі тарихындағы ең жарқын тұлға, Қырғыз елінің алтын анасы ретіндегі бейнесі мемлекет тарихымен қатар жасайтын бақытқа ие болды.
Бұл бүкіл түрік әлемінде Ана қасиетінің ардақталуының үздік көрінісінің қырғыз ағайындарға бұйырғанымен паш етіледі.

Жасасын қырғыз мемлекеті мен қырғыз ағайындар!

Сіздер біздің де мақтанышымыз боласыздар!

кимден: Mirbek каяктан: OSH
02.12.2011 21:16
Urmatuu kyrgyz respublikasinin prizidenti, el uchun kizmat kiliniz uybulogo emes

кимден: Кыргыз селки каяктан: Ала Тоо
02.12.2011 18:32
Азаттыкка чыккан Кыргыздын экс жана жаңы президенттери ээрчишип бараткан сүрөттү өтө көп санда чыгарып дүйнө жүзүнө таратуу керек!

Ушундай акция башталса кошулам, өз айлыгымдан, ата-энемдин бенсиясынан деле кичине сурап бере алам.

Келгиле, баштайлы....

кимден: алымбек каяктан: маскөө
02.12.2011 18:15
Ак жолдон тайбай ,элине кызматынды кыл Президент! Элдин умутун актаган, элди жамандан коргоп,жакшыга которуп ,артка калганды алдыга суруп ,алдыдагыны баспай адилет иш кыл Президент! Алга Кыргызстан!!!

кимден: cilraM
02.12.2011 18:10
Kyrgyzstandyn prezidenti Almazbek Atambaev ,prezident iwmer adam,janyndagy bolturuktor tez ele jetilet.e4 ka4an aldyrba namyska bek bol,buiruktu ku4ot,ku4ot,?

кимден: Askhad каяктан: Bishkek
02.12.2011 17:33
Emne bolso da biz ,en negizgisi bolgon iymanduu Prezidentty tandap aldyk.Bizdin utushubuz ushul dep bilem.Buyursa Almazbek Atambaev menen Kirgizstan kiyla aldyga jilat dep bilem.Bul jerde biz kirgiz eli Atambaev kilbay jatat,bolboy jatat debey jashoonu jakshirtkany ozubuz areket jasashybyz kerek.Atambaev baryp jumushubuzdu kilip bermek bele.Al jol bashchy, al bizge tuura jol korsotot. bul anyn kolunan kelet dep oyloym.Kelchekti choguu kuraly.Kirgiizstandyn toluk kanduu jarany katary ;USHUL SAATTAN BASHTAP KIYAMATKA CHEYIN KIRGIZSTANDYN TERRITORIYASYNDAGY MITING PIKETTERGE OTPUSK JARIYALAYM !!!!!!! Tynchtyk -birimdik -yntymak -emgek= JKSHY JASHOO.

кимден: Şaylo каяктан: Jalalabat
02.12.2011 13:48
Sonunda Almazbek Atambaev öz oyuna jetti köpçülük kaalabasada bizdin oyubuzdu ugaturgan eç kim jok ünübüz jettpeyt eç jakka oşon üçün Azattıka öz oyumdu jazuuga tuura kördüm.Degi el eç kıige işenbey kaldı misalı men özümdün oyumdu aytsam men da eç kimge işenbeym ant berişet birok eç maynap jok Ant degen söz jön ele bir söz bolup kaldı anttı berişip tımızın işterdi bütürüşöt elimdin koopsuzdugun saktaym mıyzam menen iş jürütöm dep koyot kaydagı mıyzam bizdin mıyzam akça. Akça bolso mıyzam akçaluularga baş iyet.Degi jep toyuşpadı je jarılıp ölbödü.Almazbek mırza sizge ayta turgan sözüm ant berdiniz antınızdı buzbay sözünüzdö turasız kiçinekey Kırgızstanıbız üçün 5jıl taza iştep beresiz degen ümüttömün.P.Srahmat

кимден: Налу каяктан: ОШ
02.12.2011 13:40
ажобуз баштап эми онололу урматтуу Кыргыз бир туугандарым, онугуп осолу ООООМИН.

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
02.12.2011 13:23
Эгерде Атамбаевдин инагурацияда сүйлөгөн сөзү кагаз жүзүндө, сөз түрүндө калбай иш жүзүнө ашса, анда кыгыз эли орто азияга эле эмес, бүт дүйнө элине үлгүлүү эл боло алабыз. Себеби буга биздин кылымдап калыптанган руханий дөөлөттөрүбүздүн башаты болгон акыйкатты туу туткан, эркиндикти сүйгөн, баатырдык, патриоттук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк, жөндөмдүүлүк, меймандостук, аруулук, калыстык, чыдамкайлык ж.б. башка асыл сапаттарыбызды аркалаган кулк мүнөзүбүз далил. Атамбаев айткандай бийлик өздөрү таза болуп туура жолдо элди ээрчитиши керек. Эл дагы өзүнүн жаратылыш, эл жер, коом, үй-бүлө алдындагы милдеттерин сезип, жоопкерчиликте, аяр, кылдат мамиле кылуулары абзел. Ошондо биз бири бирибизге түшүнүү менен ынтымакта мамиле кылып, өз кызыкчылыктан көпчүлүктүн кызыкчылыгын жогору койгон, жаштарды туура тарбиялоого үндөгөн жүрүм турумубуз менен ийгиликке жетишебиз.
Пикирге жооп

кимден: Қара қазақ каяктан: Қазақ елінен
03.12.2011 09:08
Лайым Атамбайдың айтқаны болсын!

кимден: Илияс Сексенбай
02.12.2011 12:13
Кыргызстанда болуп өткөн Президенттик бийликтин алмашуусуна көптөгөн мамлекеттердин көңүлү бурулду.Мындай салтты, жакшы жөрөлгөнү Кыргызстан биринчилерден болуп баштап отурат.Демек бийликтин тынч алмашуусун камсыз кылуу авторитардык режимди орноткон Президенттерге, Акаев, Бакиев, Мубарак сыяктуу Президенттердин тагдырларын кайталабоосу үчүн сабак болушу керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине