Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Ташкенге кара байрак илип кетишти


Көпүрөгө илинген кара байрак. Ташкен, 28-август, 2014-жыл.
Көпүрөгө илинген кара байрак. Ташкен, 28-август, 2014-жыл.

Ташкендин борбордук бөлүгүндөгү көпүрөгө эл аралык коомчулук тарабынан террордук уюм деп жарыяланган "Ислам мамлекети" тобунун желегине окшош байракты илип кетишти.

Ташкен шаардык Ички иштер башкармалыгынын Терроризм жана уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү борбор калаанын Юнусабад районундагы көпүрөгө “исламчыл-экстремисттердики” деп саналган байракты илип кетүү боюнча фактыны териштирип жатат. “Азаттыктын” Ташкен шаардык прокуратурасындагы булагы берген маалыматка ылайык, желек 28-августка караган түнү илинген.

Кара байрак милицияны тик тургузду

Күбөлөр тарткан сүрөттөрдө кара түстөгү байрак көпүрөгө орнотулганы байкалат. Болжол менен бир-бир жарым метр кара чүпүрөккө араб тамгасында “Ла илаха иллалах” деп жазылган. Анын астында “Аллах-Мухаммед-Расул” деген жазуулар бар. Араб тилин билген адистер “Ла илаха иллаллох” деген сөз ката жазылганын айтып жатышат.

​Адистердин айтымында, Ташкендин борборуна илинген байрак Жакыңкы Чыгышта “халифат” жарыялаган “Ирак жана Левант Ислам мамлекети” тобунун желегине окшош. Аталган топ Бириккен улуттар уюму, АКШ жана башка бир катар мамлекеттер тарабынан террордук уюм деп жарыяланган.

Окуя тууралуу Юнусабад райондук күч органдарынын биринде иштеген кызматкер “Азаттык” радиосунун өзбек кызматына буларды билдирди:

- Ушул жылдын 28-августунда Юнусабад районунун Амир Темур көчөсүндөгү көпүрөнүн капталындагы темир торго кара түстөгү чүпүрөккө исламчыл маанайдагы чакырык жазылган желекти илип кетишти. Байрак көпүрөнүн үстүндөгү жарнак орнотулчу жерге элдин баарына көрүнө турган кылып асылган. Байракты тартип кызматкерлери эртең менен алып салышты.

Маектештин айтымында, кара желекти ким кайсыл максатта илип кеткени азырынча аныктала элек. Окуяга байланыштуу “террордук аракет” деген шек менен кылмыш иши ачылды.

Күч органдары байракты мамлекеттик Диний комитетке экспертизага жөнөттү. Бирок комитет андагы жазууларды которуп берүү менен гана чектелди.

50 адам суралды

Байрак илинген күндөн бери ошол аймакта иштеген сатуучулар, мекемелердеги пол жуугучтардан тарта такси айдоочуларга чейин суракка алынды.

- Ошол жердеги бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлерин сурап жатышат. Айрымдар желекти “Скутер” үлгүсүндөгү мотоциклде келип, асып кетишкенин айтышты. “Хадичаи Кубро” аялдар медресесинде да шектүүлөр бар экени айтылып, текшерилип жатат. Бирок азырынча майнап чыга элек, - дейт “Азаттыктын” булагы.

Ташкендин борборунда “Ислам мамлекети” тобуна үгүттөгөн желектин илиниши менен байланыштуу окуя эгемендик майрамы арапасында, Жакыңкы Чыгышка аталган топ коркунуч келтирип турган учурга дал келди.

Ислам Каримов кабатыр

31-август – репрессия курмандыктарын эскерүү күнүндө Ташкендеги “Шейиттер аллеясына” барган президент Ислам Каримов дин аалымдарынан “Ислам мамлекети” тобу келтирип жаткан коркунуч тууралуу элге эскертип турууну суранды.

Муфтий Усманхан Алимов жана борбор калаанын имам-хатиби Анвар кары Турсунов менен маектешип отуруп, президент “беймаза, белгисиз агым” өкүлдөрүн Өзбекстандын босогосуна жакындатпоо зарылдыгын белгиледи. Бирок мамлекет башчы көпүрөгө орнотулган байрак жөнүндө сөз ачкан жок.

Исламчыл байрак орнотуу окуясы коңшу өлкөдө мурда да катталган. 1991-жылы Тахир Юлдаш башчылык кылган “Адилет” исламчыл тобу Наманган облустук партия комитетинин имаратын басып алып, кире беришке жана ичкериге исламчыл маанайдагы желекти орноткон болчу.

Макаланы өзбек тилинен которгон Санжар Эралиев.

XS
SM
MD
LG