Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Өзбек каналындагы Изаура пахта тербейт


Өзбекстандагы пахта терим.
Өзбекстандагы пахта терим.

Бразилиянын “Күң Изаура” телесериалы Өзбекстандын “Ёшлар” каналында көрсөтүлүүдө. Бирок анын пахта талааларында иштеген кулдар көрсөтүлгөн айрым жерлери кесилип салынган.

Өзбекстанда Бразилиянын “Күң Изаура” деп аталган телесериалы 1988-жылы “Маркози” телеканалында көрсөтүлгөн эле.

Бул ирет Uznews.net сайтынын кабарлашынча, советтик доордо популярдуу болгон сериалды “Ёшлар” каналы кайра көрсөтүп, бирок андан кулдардын пахта талааларында иштеп жаткан сюжеттеринин баары кесилип салынган.
Тасманын өзбекстандык көрөрмандары “Ёшлар” каналы көрсөткөн “Күң Изаура” сериалынын өзбекче которулган вариантынан Изауранын күндүн аптабында, пахта плантациясында тер төгүп иштеген, терген пахтасын желкесине артып түшүм жыйналчу аянтка алып барган сюжеттерин таппай калышты.

Өзбекстандык журналист Абдурахман Ташанов чындыгында эле сериалда пахта талааларында эмгектенгендерди эмнегедир көрө албаганын айтат:

- Мен фильмдин башын көрбөй калдым. Азыр 50-сериясына жетип калды. Бирок буга чейин пахта талаалары көрсөтүлгөн жок. Кулдардын кант кызылча талааларында иштеп жаткан жерлери бар. Пахта талаасындагылар жок. Балким кесилип салынышы мүмкүн, балким ал серияларга жете элекпиз.

Ал эми “Ёшлар” каналынын жетекчилиги сериалдан эски, жараксыз гана эпизоддору алынганын, атайылап сюжеттер кесилбегенин билдирди.

1976-жылы тартылган, 100 сериядан турган “Күң Изаура” телесериалында сүйүү жана эркиндик үчүн күрөш баяндалат. Бирок ошону менен бирге эле 19-кылымдын ортосундагы Бразилиядагы кара түстүү адамдардын социалдык абалы менен укуктары кеңири чагылдырылат. Сериалдын башкы каарманы Изаура өз бактысын тапкыча өтө оор сыноолорду башынан кечирет. Ал эми сериалдагы терс каарман ырайымсыз сеньор Леонсио Изаура аны менен жакын мамиледе болуудан баш тартканы үчүн жазалап, пахта талааларына ишке салат.
Сериалдагы бул кадрларды өзбекстандыктар көрө алышпайт.


Айрым укук коргоочулар муну Өзбекстандагы талылуу маселеге байланыштырат. "Коңшу өлкөнүн жетекчилиги ар дайым пахта талааларында адамдарды, айрыкча балдар менен аялдарды мажбурлап иштеткени үчүн көп сындалат. Андыктан сериалдан дагы ошондой “жагымсыз” сюжеттерди кесип салышы мүмкүн" деп божомолдошот укук коргоочулар.

Жыл сайын эл аралык коомчулук Өзбекстанда пахта терими учурунда мектеп окуучуларын мажбурлап ишке салууну катуу сынга алып, атургай белгилүү чоң компаниялар өзбек пахтасын сатып алууга бойкот жарыялап келет.

Бирок расмий Ташкент көптөгөн далилдерге карабай Өзбекстандагы балдарды пахтага салганды моюнга албай келет. “Пахта кампаниясы” билдиргендей, “жыл сайын миллиондон ашык балдар, мугалимдер, кызматкерлер жана менчик ишканалардын жумушчулары үрөй учурарлык шарттарда пахта терүүгө мажбурлап тартылат. Каршылык көрсөткөндөр окуусунан же жумушунан айдалат”.

Өткөн жылы Өзбекстанда пахта талааларында 10дон ашуун адам түрдүү жагдайларда каза тапкан.

XS
SM
MD
LG