Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:05

Дүйнө

Пакистан: медреседе кордук көргөн балдардын баяны

Пакистандын Карачи шаарындагы медреседе окуган балдар исламды окубай эле, жертөлө сыяктуу бөлмөдө камакта жатып, молдолордон ур-токмок жегени тууралуу коркунучтуу окуяларды айтып беришти.

Буттарына чынжыр байланган балдар Карачидеги полицияканада рейдден кийин отурушат, 13-декабрь, 2011
Текст көлөмү - +
Карачиде жакыр үй-бүлөлөр баңгиден дарылап, диний билим берет го деп балдарын медресеге беришкен эле.

Бирок эң кичүүсү жети жаштагы балдардын тобу бул жерде аларга шариатты окутпай эле, дайыма уруп-сабап кодулашканын айтышты.

Өлкөнүн Хайбер Пахтункхва вилайетинен келген 12 жаштагы Харрон биздин радиого медреседеги мугалимдердин зөөкүрлүгү жөнүндө айтып берди.

“Алар биздин буттарыбызды чынжырлап, кулпулап кармашчу. Аптасына бир гана жолу бир нече мүнөткө бизди жуунуп алсын деп, түрмөдөн бошотуп турушкан, - дейт, көзүнө жаш ала Харрон. - Бизди уруп-сабап, ыйласак, андан бетер катуу сабашчу. Бирөө сабап атса, дагы башкалары колу-бутубузду кармап турушкан. Үстүбүзгө муздак суу чачып, темир куурлар менен сабашчу. Биз: “Муфтий мырза, бизди кечир”, - деп жалынып жалбарчу элек. Бирок ал бизди эч нерсеге карабай ура берчү...”

Байланган, сабалган

22 жаштагы Зайнулла болсо аларды түрмө сыяктуу жертөлөдө кармашканын айтты. Кыйноолорго колдонулчу камчы-таяктын баары анын бөлмөлөрүндө дубалдарга илинип коюлган экен.

“Администратор ал жертөлөнү бизди кармаш үчүн курган, - дейт Зайнулла. - Ал жерде төрт адам иштеген. Ата-энелерибиз келгенде бизди чыгарышат. Бирок аларга бизди бул жакта уруп жатышканын айта албайбыз. Айтсак, андан бетер көп таяк жейбиз. Мен бул жакка келген күнү эле бутума ушул чынжырды байлашты, ошондон бери аны чече элекмин”.
Карачидеги медресенин жертөлөсүнүн көрүнүшү, 13-декабрь, 2011
​​Өздөрү үчүн тозокко айланган бул медреседеги балдар эптеп акыбалды ата-энелерине жеткиргенге үлгүрүшкөн экен. Анан 12-декабрда полиция медресеге рейд жасады.

Полициянын башчысы Эхсанулла Марват анын кызматкерлери бул жакка киришкенде жертөлөдө балдарды айбандардай кармап турушканын көрүп, жакасын карманышканын жашырган жок.

“54 баланын бутун чынжырлап байлап коюшуптур, 14ү байланбаптыр. Биз бир молдону камадык, төртөө качып кетти. Полиция азыр беш кызматкерден турган топ түздү. Азыр кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатат. Кудай кааласа, биз аларды баары бир камайбыз”, - деди полиция башчысы.

Балдарын кыйноого "өкүм" эткендер

Медресеге баласын киргизиш үчүн ата-энелер каттоого 150 доллардан төлөшкөн. Андан сырткары, айына 70 доллардан акысын да төлөп турушкан.

Бир кызык жери – айрым ата-энелер балдарын бул жерде молдолор кантип кыйнап-урушканы тууралуу башынан эле билишкен экен.

Нияз Мухаммад деген киши бул жакка 15 жаштагы баласын тамеки тартканды коюп, үйдөн качканды токтотсун деген ниетте алып келгенин айтты.

Вазиристандан бир нече баласын алып келген Мир Талам балдары анын тилин албай, жаман жолго түшүп кеткени үчүн алып келиптир.

“Балдар жаман жолго түшүп кетишкендиктен, биз аларды ушул мердесеге алып келгенбиз да. Балдарыбыз Алланы тааныбай, Мухаммад пайгамбарды сээребей калышкан болчу, - деген Мир Талам, - ошон үчүн айына 5 миң рупини медресенин администраторуна берип, аларды ушул жерде тарбияны көрсүн деп, чынжырларын да өзүбүз сатып бергенбиз”, - дейт.
​​
Полиция Карачидеги бул медресе эч кандай исламчыл экстремисттик топтор менен байланышы жоктугун билдирди. Азыр балдар полицияда кармалып турушат, ата-энелери келишкенде бошотулаарын айтышты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: ULANBEK каяктан: CHICAGO IL USA
24.12.2011 00:29
ALLAnin dinin mintip urotuugo kanday akinar bar, mugalimderi ISLAMdi kaydan uyronbosun tuura emes bagitalishiptir....... ALLAHka joop berishet baari.......

кимден: Naryn
22.12.2011 08:46
Allahym, baardyk pendelerge Allahhy tanuu baktysyn bere kor!

кимден: men каяктан: duino
21.12.2011 03:03
Бул темага байланышкан пикирлерди окуп чыгып, озумдукун дагы билдирууну туура кордум. Пакистандагы калын журттун кобунчосу сабатсыздыгы жоюлбаган, кат сабат тааныбаган адамдар. Албетте андай адамдарды Аллах менен коркутуп, уркутуп алдыга салып койго окшоп айдап алыш оной. Кат-сабаты жок адамдын ан-сезими кандай денгээлде экендигин айтпаса да түшүнүктүүү. Мен бул нерсени жок жерден айтып жаткан жерим жок. Курбу кыздарымдын биринин күйөөсү пакистандык адам. Эми ал адамдын ой жүгүртүүсүн угуп алып, жакамды кармангам. Мени бир өкүнткөн жери, ошол билими жок адамдар келип алып, биздин кыргыздарды окутуп жатышканы, андай кишиден эмнени үйрөнсө болот. Анан калса, биздин кай бир молдолор пакистандыктардын кийимдерин сүннөт кийими деп кийип журушкөну өкүндүрбөй койбойт. Жакшынакай калпак менен шым-көйнөк кийип алса болбой калчудай болуп.
Ал эми Аллах дейбизби же КУдай дейбизби, кандайдыр бир бизге түшүнүксүз күч бар экенин танууга эч болбойт. Аны ар ким өзү аңдап-сезип билиш керек.
А бирок молдолордун арасында чын эле 5 маал намаз окуп, керээлди кечке мечиттен чыкпай,үй-бүлөсүн унутуп, бала-чакасынын ачка-тогун капарга албай даваттап жүргөндөрү канча. Бирдеме десен эле АЛлах берет дейт.Өзүн иштебесен, аракет кылбасаң Аллах эмнени берет? Акыркы коюнан бери сатып, даваттайт,ал эми баласынын кышкыга бутуна кийе турган чокою жок. Аллах андай кишиге ыраазы болбойт болуш керек. АЛлах биринчи үй-бүлөңдү кор кылба десе керек. Бул жерде ар кимдин түшүнүгүнө жараша кабылдай го.

кимден: МАКАЛАНЫН ЭЭСИНЕ каяктан: ТОЛУБАЙ СЫНЧЫ
20.12.2011 18:18
кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп, андан кийин мындай жазганыныз туура эмес. бул жерде динди же динди карманган адамдарды ачык айтып каралабасанызда, канчалык бир денгээлде учкай соз козгоп кеткенсиз. которулгон маселенин торкуну ислам динин каралоо экендиги айдан ачык корунуп турбайбы?! же сиз акылдуу, ал эми шеринеге оз пикирин жазгандар акылсыз болуп калабы?! билбесениз, айтып кетейин, пакистанда "медресе" деген соз биздеги "мектеп" деген созду билдирет. бул жер диний медресе эмей эле, бейбаш, бангиликке берилген жаш балдарды тарбиялай турган колония. билип коюнуз, эч качан диний медреселерде балдарды чынжыр менен байлап окуткан эмес жана окутпайт дагы. ислам дини ар бир инсандын жеке укугун жогору койгон дин. бангиликке берилуу сыяктуу коомчулуктагы терс корунушторду алдын алыш учун ар бир адамга ислам динин бурмалабастан туура жеткируу керек. эгерде адам динди туура тушунгон болсо, анда ал адам жеке коомчулукка эле эмес, озуно да кыпындай зыян кылбайт. мени дагы тан калтырган нерсе, эч кимдин оюна келбеген кайдагы бир пакистандагы бангиге берилип, куноосун сезбей исламды жаманатты кылган наркоман балдардын проблемасын козгоп чыкканыныз. биз качантан бери пакистандагы терс корунушторду кантип ондош керектигин ойлонуп калдык элек?! биринчи озубузду ондойлук, анан буйруса коом онолот!!!

кимден: ai каяктан: nemezija
17.12.2011 17:32
Бул жер демек "адашкан балдарды тарбиялоочу медресе" тура. Балдарына "каалагандай диний тарбия бере албай жаткан" ата-энелердин амалсыз чечими. Кандай жерге жана кандай себеп менен балдарын берип жатканы, атугул акча берип жана чынжырларын оздору сатып берип жатканы "кызык экен". Бул дагы да болсо калктын ан-сезиминин денгээлинен кабарлайт. Калыптанып калган ан-сезим, "салттык тарбиялоо жолдору", чала ислам менен жуурулушкан адамдардын кыймыл-аракеттери.

Эмне учун атеист-исламчы-христиан болуп бир-бирибизге атырылып жатабыз? Ар кимдин оз иши эмеспи берилген омурду кандай жол менен жашап отуусу, башка адамга бул нукта заар чачкандан коро, ар ким оз ыйманын тилесин.

Ошентсе да дуйнодо ислам динин тутунуп жургон копчулук улуттар, калктар баягы эле оз салт-санаа, менталитетин динге кошо жууруп жиберишип, чала сабат "динчилердин" айынан дин аксап, караланып жатканын белгилей кетишибиз керек. Негедир христиан динин туткан калктарда, же ошол эле "кудайсыздарда" мыкаачылык, жапайчылык аз корунушто. Батышты болгон жана болбогон, тиешеси бар жана тиешеси жок нерселердин баары учун куноолуу тутсак да. ИМХО.

кимден: сезим
17.12.2011 15:09
Ха-ха эй туугандар ишенгендер силерге тигинтип чынжыр таккан жакса. Келгиле кавказга өткөрүп коем. Алар алпарып чынжыр тагып мал кайтартып коет. Ошолор аябай Аллаха ишенет. Бирок кул кылганды да жакшы корот. Алла ок бар!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.12.2011 15:06
Torokul Doorov mumkun ozun aytkanday ele jakshi tilek oydo jazgandirsin, birok aldagi jazuunu kirgizdardin talkuusu uchun emes paktardin talkuusu uchun jazsan bolmok.
je pragadan korunboytabi al jak.. biz uchun ozubuzdogu medreselerdegi okuyani jazsan bolboyt bele?????
Hamperdin kitepterin koburaak okup kizmatini aktasan sen uchun jarashat..ansiz da oshogo tatyktuusun....
kuday jalgap bizde sendey adamdardin kim ekenin bilgen adamdar kop....buyursa az kaldi kg-stan onugot...

кимден: ссср
17.12.2011 15:03
Ээй Аллаха баарыбыз эле ишенебиз. Бирок башың м-н биротоло кирип эмес. Өзүңдүн дитиң калаганча. Бирок чынында акыркы жылдарда биздин динибиз аябай эле бузулду. Дин башындагы бийликтерге терс адамдар келип атат. Кыргыздын дин адамдары гана эмес жалпы дүйнөдө ушундай көрүнүш. Анан карапайым адамдар кантип ишенсин. 21 кылым адамдардын ан сезими 15-16 кылымдан миң эсе күчтүү. Аларды алдаш кыйын.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.12.2011 11:32
Бул жерде эч бир динди кордогону жазылбай эле, ата-энелер оздору балдарын жаман жолго тушпосун, кыйын кун деген кандай болоорун сезсин кудайды эстесин деген эле жасалган арекеттер экенго... анан толук окубай эле мусулман, каапыр боло бербей кенири ойонсонор урматтуу айрым окурмандар!!!

кимден: Манкурт
17.12.2011 10:35
Мен мусулманмын, жети атам мусулман болгон. Жакын келбе, атып салам.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.12.2011 19:17
Кимди атасың жакын жолотпой тууган. Жети атаң мусулман болгону жалган.Кыргыз мусулман динин эң акыркылардан болуп кабыл алган. Анан ишенгениң туура ал өз эркиң. Анан атам дегениң жаман болуп атат. Ата турган кишиңди айтсаң.Өзүң чакырбаса да келип алып атам дебей.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине