Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Жерге-Талдын Ысык-Көлү


Жергеталдык жаш ырчы Гүлчахра Насруддинова
Жергеталдык жаш ырчы Гүлчахра Насруддинова

Жергеталдык Гүлчахра деген 5-класстын окуучусу бабалардын Сасык-Көл дегенине ичи чыкпай, аны Ысык-Көл деп атап, ыр чыгарды. Ырды жакында Сасык-Көл жайлоосуна барган Жаңыл Жусупжан жаздырып алды.

Жерге-Талдагы Жайылган деген айыл, аты айтып тургандай, керилген кең түзөңдө жайгашкан. Ортосунда бир олуянын сөөгү коюлган дөбө домпоёт, чет жакасы асман тиреген тоолор. Дүпүйгөн бак-шактын арасынан ак чатырлуу үйлөр жумурткадай агарат.

Мына ушул айылдын кыз-келиндери жайкысын жайлоого чыгып, мал жайлап, курут кайнатышат. Ал жайлоолордун бири Сасык-Көлдүн боюнда жайгашкан.

Аты айтып тургандай, көлдүн бир жыты бар, балким суусунда сульфат бар сыяктуу. Көлдүн узун-туурасы ашып кетсе 60-80 чарчы метр, жээгин камыш, балыр баскан. Тоо койнундагы чөйчөктөй көркөм көлдүн үстүндө жапайы өрдөк жай сүзүп жүрөт, жанында жөжөлөрү сууну жиреп ойноктойт.

Сасык-Көл жайлоосу, Жерге-Тал
Сасык-Көл жайлоосу, Жерге-Тал

Наркы беттеги тикелей кеткен адырдан бир-экиден атчандын өткөнүн көрөсүз, ал эми берки тарабындагы жайыкта жабуусу бүт жамакталган, Акыл Карачач деген жомоктогудай ууктары көрүнгөн боз үй көзгө урунат.

Бир ирет ушул жайлоого бир эже менен келип калдык, машина жоктугунан буту оорулуу эже бул жактагы кыздарына жете албай жүргөн экен, эми биз менен кошулуп келип алды. Ага коңшу боз үйлөрдөн аялдар чыгып, учурашып калышты.

Бизди алып келген УАЗдын айдоочусу коңшу жайлоодо кымыз бар экен деп, ошол жакка жөнөп кетти, биз эл менен учурашып калдык. Коңшу аялдардын бири тестиер кызды алдыга түртүп, «бул кыз ушул Сасык-Көл жөнүндө ыр чыгарган, кана, айта салчы конокторго» деп калды.

Кыздын аты Гүлчахра экен, шар сүйлөгөн, шайдоот кыз дароо эле өз ырын эле эмес, эне тууралуу бир сонун ырды да ырдап берди. Көрсө, жомоктогу кадимки Сасык-Көл деген аталышка ичи чыкпаганбы, же балким «силердин жайлоо сасыган көлдүн жанында" дегенге арданганбы, айтор көлдүн атын Ысык-Көл деп которуп алыптыр.

Коноктор ыраазы болуп, анан кымыз келип, жаңы кургаган куруттан ооз тийдик. Ошол күнөстүү жайлоодогу Гулчахра деген кичинекей кыздын ырын анда чогуу угалы.

Жерге-Талдын Ысык-Көлү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Гүлчахра Насрудинова: Жайылганда жашайм. Азыр биз Сасык-Көл деген көлдүн жанында жайлоодо турабыз. Бул аталышты бир акылсыз адам койгон. Өз аты Ысык-Көл:

Көл бүткөндүн көркү сенсиң биздин көл,

Көрө элегиң бир айланып барып кел;

Ичкендерге жүз жыл өмүр берип аткан,

Булагынан моокум гана жутуп кел.

Төрт тарабы тоолор менен курчалган,

Көл чайпалып айланага нур чачкан;

Бир сулуу кыз ырахаттанып,

Тунук көлгө суктанган.

Бир акылсыз көлдүн атын шылдыңдап,

Көрө албастан Сасык-Көл деп коюптур;

Ээй көлүм, дайым аман болуңуз,

Бөксөрбөстөн, бирдей толуп туруңуз!

- Жакшы! Дагы кандай ырларды билесиң?

- Эне жөнүндө:

Мен дүйнөнү апам менен таанысам;

Мен апамдын көйнөгүнөн тааныгам;

Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,

Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,

Мен апамды жыты менен тааныгам;

Жыттачы элем аңырайып жытыңы,

Чыкпачы элем, чыкпачы элем жаныңан.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,

Мен апамды колдорунан тааныгам;

Жылуу болчу жумшак болчу колдору,

Сылаганда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,

Мен апамды жоолугунан тааныгам;

Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,

Баскан сайын бажырайып ачылган.

Бул ырды телефонго жаздырып алып жаттагам.

- Канчанчы класста окуйсуң?

- Төртүнчү классты бүтүп, бешке көчтүм. Жакшы окуйм. Жайылгандагы №2 мектепте окуйм.

- Кыргызстанга бардыңбы?

- Жок.

- Кыргызстанга барбай эле ушундай жакшы ырларды үйрөнүп алдыңбы?

- Ооба.

Сасык-Көл жайлоосунда аялдар халва жасап жатышат
Сасык-Көл жайлоосунда аялдар халва жасап жатышат

XS
SM
MD
LG