Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Миллиондогон тонна азык таштандыга кетүүдө


Францияда таштандыга ыргытылган тамак-аш
Францияда таштандыга ыргытылган тамак-аш

Дүйнөдө жылына 1,3 миллиард тонна тамак аш ысырап болуп таштандыга төгүлүүдө. Ал арада эксперттер 805 миллион киши тойо тамак жебей, ачка жүргөнүн айтышат.

Өнүккөн байгер өлкөлөрдө жылына 222 миллион тонна тамак-аш ысырапка учурайт. Ал арада Сахара жана Африкадагы калк жылына 230 миллион тонна гана тамак жейт.

Жыл сайын дүйнөдө 2,3 миллиард тонна дан эгиндери өндүрүлсө, ошол дан эгиндеринин суммасына барабар тамак-аш ысырапка учурап жатат деп кабарлайт Бириккен Улуттар Уюмунун өнүгүү программасы.

Азык-түлүктү ашыкча ысырап кылуу жаатында бай, экономикасы өнүккөн өлкөлөр топ башында турат. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарында сатып алынган тамак-аштын 30 проценти, же жылына 48,3 миллиард долларлык азык таштандыга ыргытылат. Бул ушул тамак-ашты өндүрүү үчүн кеткен суу, электр энергиясы сыяктуу заттарды да ысырапка учуратууга барабар.

Британиянын эли жылына 21,7 миллион тонна тамак-аш сатып алып, анын болжол менен 6,7 миллион тоннасы таштандыга кетет. Бул жылдык азык-түлүктүн 32 процентине барабар. Ошентсе да британ бийлиги таштандыга кеткен азык-түлүктү кайра иштетүүнү акыркы мезгилде колго ала баштады. Азыркы тапта ыргытылган тамак аштын 88 проценти, же 5,9 миллион тоннасы жергиликтүү бийлик тарабынан согултулуп, кайра иштетилүүдө.

Дүйнөдө тамак-ашты ысырап кылуу жаатында Америка Кошмо Штаттары, Австралия, Жаңы Зеландия жана Европа өлкөлөрү турат. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалымдоосу боюнча, жылына дүйнөдө 750 миллиард доллардык тамак-аш ысырапка учуроодо.

Үнөмдөгөндү үйрөнсөк...

Кыргызстанда да айрыкча күз айларында той-топур күчөп, ашыкча жасалган тамак-аш ысырапка учурап ыргытылып жатканы жалпыга маалым. Муну токтотуунун жолу барбы деген суроо менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика илимдери боюнча профессору Кубанычбек Идиновго кайрылдык:

- Бизде да өзгөчө аш-тойлордо, жаштар үйлөнгөндө ашыкча ысырап болуп жатканы чындык. Тамак-аштын ысырап болгонун көпчүлүк айтып деле жүрөт. Тойлордо тамак-аш үстөлдө калып, ашканын салып кетишип, андан ашып калганы ыргытылганы чындык, өзүбүз күбө болуп эле жүрөбүз. Эми муну кантип токтото алабыз? Бул проблема маданиятка байланыштуу. Күчкө салып токтотобуз деген такыр болбойт экен. Кудай анын жүзүн ары кылсын, бирок жамандык болгондо бир жылкы союп эле токтотобуз деп илгери советтик доордо жашыруун чечим чыгарылган. Бирок ага эл болбойт экен да, урук-туугандар алыстан келип, эл көп болсо бир жылкы жетпей калат. Эми бул бир жагынан илгерки салт жана куру намыстын айынан чыгып жатат.

Адистин айтымында, Кыргызстанда айрыкча үйдө аш-той өткөргөндө тамак-аш бир топ короп, анын материалдык чыгымы көп учурда эсептелбей калууда. Кубанычбек Идинов тамактын өзүн рационалдуу түгөтүү жана даярдоо боюнча Кыргызстанга жаңы маданият жана нормативдер кирип, жергиликтүү бийликтин жардамы менен үнөмдүү, бирок тоюмдуу тамактанууга өтсөк жакшы болмок деп кошумчалады.

Окумуштуулар ысырапка учураган тамак-аш айлана чөйрөгө да терс таасирин тийгизет дешет. Дүйнөлүк банктын эксперттери ыргытылган тамак-аш кайра иштетилбесе, жерде жатып уулуу токсиндерди бөлүп чыгарарын эскертип келишет. Ал эми БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун баш катчысы Жозе Грасиано де Сильванын айтымында, жыл сайын айрыкча бай өлкөлөрдүн атуулдары Африкадагы жакыр өлкөлөрдүн бир нече адам тойчу тамагын таштандыга салып, жаратылыш байлыктарынын азаюусуна жана тамак-аш тартыштыгына улам бир кадамдан жакындоодо.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG