Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Маданият ишмерлери Талиевага каршы чыкты


3-апрелде бекиген жаңы өкмөттүн курамы. Камила Талиева ортодо.
3-апрелде бекиген жаңы өкмөттүн курамы. Камила Талиева ортодо.

Кыргызстанда бир катар маданият ишмерлери өлкө жетекчилигин бул тармакка көңүл бурууга чакырышты.

Чыгармачыл чөйрө акыркы жылдары маданиятка такыр көңүл бурулбай, министрликти тармакка тиешеси жок адамдар жетектеп жаткана нааразы. Алар буга Камила Талиеванын маданият министри болуп дайындалышын мисал кылып, анын бул ишти жөндөп кетерине ишенбей турганын билдиришти.

4 - апрелде жаш акын, жазуучу, театр ишмерлери маалымат жыйынын өткөрүп, маданиятка тиешеси жок Талиеванын бул кызматты ээлешине каршы экенин билдиришти. Алардын жүйөөсүндө, акыркы жылдары бул тармакка таптакыр көңүл бурулбай калганына карабай чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү көз жуумп, чыдап келген. Бирок Камила Талиеванын бул тармакка жетекчи катары дайындалышы чыдамды түгөттү. Маселен, акын Зайырбек Ажыматов Талиеванын бул тармакты жөндөп кетерине ишенбейт:

А. Малдыбаев атындагы опера балет театры.
А. Малдыбаев атындагы опера балет театры.
- Маданият тармагындагы жаштар биздин тармакка мынча акча бер деп суранган жок. Ал 3-4-маанидеги маселе болуп калды. Ага ишенимибиз деле жок калган. Биринчи маселе - маданиятка олуттуу мамиле кылуу керек болуп жатат. Олуттуу мамиле кылынбай жатканын кечээ коалициялык өкмөттү түзүүдө көрдүк. Аны ары-жак бери жакка тепкилеп, кандай адамды алып келишти. Буга чейин Маданият министрлигин кандай гана кесиптегилер жетектеген жок. Бирок бул тармакты билген, руханий лидер болчу адамдардын жетектешине шарт түзбөй жатышат.

Мындан улам жаш маданий ишмерлер бул тармакка көңүл буруп, бул жаатта иштеген, татыктуу адамды министр кылып дайындоону суранышты. Эгер мындай сунушка бийликтер көңүл бурбаса, алар нааразылык иретинде саясатчылардын терс иштерин чагылдырган спекталдерди коерун эскертишти. Ошол эле учурда улуу муундагы чыгармачыл адамдарды бул тармактын көйгөйлөрүн ачык айтууга чакырышты.

Анткен менен Камила Талиева өз дарегине айтылган сынды четке кагууда. Ал “Азаттыкка” сүйлөп жатып, бүгүн маалымат жыйынын өткөргөн ишмерлерди кимдир бирөөнүн шыкагы менен чыгып жатышат деди:

- Маданият ишмерлери бул тармакка көңүл бурулбай калганын эмне үчүн ушул кезге чейин айтпайт? Эмне үчүн мурунку жетекчилердин учурунда көтөрүшкөн эмес? Бул мага каршы атайлап уюштурулуп жатат. Аны ким уюштуруп жатканын да билем. Экинчиден, мен маданияттан алыс адам эмесмин. Буга чейин райондук, облустук деңгээлде бул тармакка жакындан аралышып, театрга барып, ар кыл мааракелердин сценарийин түзүп жүргөм. Ошондуктан, бул тармакта ишимдин жыйынтыгын көрөсүңөр.
Эл артисти Саламат Садыкова.
Эл артисти Саламат Садыкова.
Эл артисти Саламат Садыкова болсо жаңы министр ишке кирбей жатып, аны сындап баштоо чекилик деп санарын айтты:

- Бир четинен жаштардын айтканына деле кошулам. Экинчиден, келген эле адамды “бул жаман, мокочо, башка бирөө келсе жыргатат” деп жамандап, шыбай берүү туура эмес. Бул айым буга чейин бир нече кызматты аркалаган экен. Ошондуктан, аялзаты катары тилектештигимди билдирип, аны колдойм. Ага убакыт берүү керек.

Ал эми Эл акыны Токтосун Самудинов маданият тармагын оңдоо үчүн чечкиндүү кадамдар жасалышы керектигин белгилейт. Самудиновдун айтымында, улуу муундун өкүлдөрү буга чейин бул тармактын көйгөйлөрүн айта берип чарчаган.

- Кыргызстандын маданиятынын соңку 15 жылдагы абалын көрүп кабыргам кайышат. Биз деле буга чейин канча ирет айттык. Бирок мындан эч жыйынтык чыкпай жатат. Биздин маданиятты башкара турган адам, татыктуу, ишти билген инсан болушу керек. Анткени биздин маданият абдан эле кыйын абалда.

Буга чейин өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьерликти аркалаган Камила Талиева Маданият, маалымат жана туризм министрлигине парламенттеги “Ар-намыс” фракциясы тарабынан көрсөтүлүшү Жогорку Кеңеште да бир катар талкууларды жараткан. Себеби, мурунку кызмат ордунда пикир келишпестиктен улам Талиева 12 жолу жардамчысын, 15 жолу катчысын жана бир нече айдоочусун алмаштырган. Бирок депутаттар бейшембиде көпчүлүк добуш менен аны министрликке бекитишти.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG