Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Дүйнөнү чарк айланууга чыккан Руслан


Руслан Токочев Непалдын Катманду шаарында, 20-апрель, 2014.
Руслан Токочев Непалдын Катманду шаарында, 20-апрель, 2014.

Дүйнөнү чарк айлынып келүү үчүн саякатка чыккан 28 жаштагы бишкектик блогер Руслан Токочев учурда үчүнчү мамлекетте жүрөт. Ал мындан бир ай мурда 40 мамлекетти кыдыруу максаты менен сапарга чыккан.

- Руслан, азыр кайсыл мамлекеттесиз? Кыргызстандан чыгып кеткениңизге канча күн болду?

- Мен ушул тапта Непалдын борбору Катманду шаарында турам. Үйдөн чыгып кеткениме 26 күн болуп калды.
Хуанхе дарыясы, Кытай. (Руслан Токочев тарткан сүрөт)
Хуанхе дарыясы, Кытай. (Руслан Токочев тарткан сүрөт)




- Канча мамлекетти кыдырам деп жатасыз, анан бул саякатыңыздын максаты эмнеде?

- Менин маршрутума 40 мамлекет кирген. Алардын үчөөсүн аман-эсен басып өттүм. Саякатымдын максаты - бала чагымдан көксөгөн дүйнөнү тегеренип чыгуу кыялымды орундатуу. Ошондой эле өзүмдү текшерип көрүү. Эл-жер таануу, дүйнө элдеринин маданиятын жашоосун өз көзүм менен көрүү. Чыны менен айтсам саякатчынын түрдүү окуяларга бай жашоосу мени дайыма кызыктырып келген.

- Кечээ эле мен досторум менен сиздин саякатыңыз тууралуу сөз кылып жатып, баарыбыз 40 мамлекетти 2 жылда кыдырууга канчалаган акча кетээрине таңдай такылдаттык эле. Сыр болбосо каражатты кантип таптыңыз?

- Эки жыл мурда саякатты пландаштырып атканымда эле акча топтой баштагам. Бирок мен ойлогон сумма топтолбой калды. Менимче, эми жол ката туш келген иштерди жасоо менен акча таап, ошол каражатты чыгашама кетирем го. Анан азыр акчамды колдон келишинче үнөмдөп жатам. Арзан конок үйлөргө токтоп, арзан тамактанып дегендей. Социалдык тармактарда кеңири жайыла баштаган couchsurfing же үйүнө бекер жаткыруу сунуштарына кайрылам. Ошондой эле менин жанымда чатырым, төшөк кабым бар...

- Айтмакчы буга чейин Кытайда болуптурсуз. Кандай жаңы нерсе ачтыңыз, өзүңүз үчүн?

- Кыйтайлыктар бардык нерсеге жапырт киришкени жакты. Курулуш да, башкасы да шатыра-шатман бат бүтөт экен. Көз көрүнө иш жүрүп жатканы сезилет. Кыйыны - дээрлик көп кыйтайлыктар англис тилинде сүйлөбөйт экен. Мен оюмду ымдап түшүндүрүп жаттым.
Руслан Токочев Кытайда, апрель, 2014.
Руслан Токочев Кытайда, апрель, 2014.


- Алдыда кайсы мамлекет сизде чочулатууда жана кайсыл мамлекетке тезирээк жетүүнү көңүлүңүз эңсеп турат?

- Мен Индиядан кооптонуп турам. Ал мамлекетке жакында эле жөнөйм. Күн аябай ысып, муссон жамгырлары башталганда барып калат окшойм. А кайсыл бир мамлекетке көңүлүм көп деле тартып турган жок. Ар бир барган мамлекетимдин чыныгы жашоосун көрүп кете берем.

- Үйдөн чыкканыңызга бир ай болуп калыптыр, Бишкек түшүңүзгө кирбей элеби?

Ооба, ошондой болду. Жакында эле Бишкекте жүрүптүрмүн. Анан ойлонуп жатам да мен эмнеге Бишкектемин, мен башка жактамында, деп ойгонуп кетсем Непалда таң атып калыптыр. Азырынча үйдү сагына элекмин. Менин тажрыйбамда алтынчы айга барганда сагына баштачу элем. Алты ай өткөндө көрөбүз да.
Руслан Токочев жолдо тапкан жаңы таанышы Антон менен Үрүмчү шарында. Кытай, апрель, 2014.
Руслан Токочев жолдо тапкан жаңы таанышы Антон менен Үрүмчү шарында. Кытай, апрель, 2014.
..


- Маегибиздин аягында сизге окшоп саякатка чыгууну эңсеп, бирок тобокелге бара албай, же жетиштүү каражат топтой албай жүргөндөргө эмне деген кеңеш айтат элеңиз?

- Кимде ким тобокелге бара албай жатса, айтаарым, адегенде кайсы өлкөлөргө баруу керектигин белгилеп алуу керек. Анан жолго чыкчу күндү белгилеп алып, даярдык көрө башташ керек. Азыр интернет аркылуу көптөгөн маалыматты алууга мүмкүн. Ооба, коркуу сезим ар бир кишиде болот. Мен да акыркы мүнөттөргө чейин коркком. А качан биринчи кадам башталганда коркуу сезим өзүнөн-өзү жоголуп кетет.

- Сапарыңыз байсалдуу улансын, бар болуңуз!
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG