Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Малайзиялык учак “Бук” ракетасы менен атылган


Нидерланддын полиция кызматкери МН17 лайнеринин реконструкцияланган макетинин жанында турат. Роттердам, 13-октябрь, 2015
Нидерланддын полиция кызматкери МН17 лайнеринин реконструкцияланган макетинин жанында турат. Роттердам, 13-октябрь, 2015

Малайзиялык “Боинг 777” жүргүнчү авиалайнери Орусияда жасалган 9М314М типтүү “Бук” ракетасы менен атып түшүрүлгөн.

Бул тууралуу учактын кыйроо себеби тууралуу корутунду докладды коомчулукка сунуш кылып жатып, Голландиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Чиббе Йаустра билдирди.

"Малайзия аба жолдору" компаниясынын МН17 лайнери былтыр 17-июлда Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакка кулап түшкөн. Андагы Амстердамдан Куала Лумпурга учуп бараткан бардык 298 адам жайран болгон. “Боинг” кырсыкка кабылган тушта Донбасста украин армиясы менен козголоңчулар ортосунда катуу согуш жүрүп жаткан.

“Боинг 777” учагынын кыйроосу боюнча 15 айлык иликтөөнүн натыйжасын Нидерланддардын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Чиббе Йаустра 13-октябрда жарыя кылды:

Нидерландиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Чиббе Йаустра Гильзе Рижен аэродромунда "Боинг 777" кантип кыйраганын баяндап берүүдө. 13-октябрь
Нидерландиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасы Чиббе Йаустра Гильзе Рижен аэродромунда "Боинг 777" кантип кыйраганын баяндап берүүдө. 13-октябрь

- Эл аралык иликтөө МН17 учагы пилоттор отурчу кабинанын сол жак үстүндө 9N314M типтүү дүрмөтбаш жарылгандан улам кыйраганын көрсөттү. Бул сыяктуу дүрмөтбаш “Жер-аба” түрүндөгү “Бук” ракетасына орнотулат.

Ракетанын түрү анын сыныктарынын бетиндеги сырбоёктон аныкталган. Анткени бул типтеги реактивдүү бомбалар демейде бир түскө боёлот.

Чиббе Йаустра ракета козголоңчулар көзөмөлдөгөн 320 чарчы чакырым аймактан атылганын айтты. "Бирок бул Голландиянын Коопсуздук кеңешинин эмес, Эл аралык тергөө тобунун вазийпасына кирет" деп ракета кайсы жерден атылганын так айтпады.

- Жарылуунун натыйжасында лайнердин тумшук бөлүгү үзүлүп кеткен соң учак абада бөлүнүп калган. Кейпи куйругу ортосунан мурда бөлүнүп кеткен. Мотору бар ортоңку бөлүгү жерге оңкорулуп тийгенде анда өрт чыккан. Сыныктар 50 чакырым аянтка чачырап түшкөн.

Козголоңчулар малайзиялык учактын сыныгынын жанында турушат. Донецк облусунун Грабово кыштагынын чет жакасы. 20-ноябрь 2014
Козголоңчулар малайзиялык учактын сыныгынын жанында турушат. Донецк облусунун Грабово кыштагынын чет жакасы. 20-ноябрь 2014

"Жүргүнчүлөр “Боинг” сынар замат эле эстен танышкан же өлүшкөн" деп бүтүм чыгарган эксперттер.

Чиббе Йаустра билдирүүнү Роттердам шаарынын чет жакасындагы Гильзе Рижен (Gilze Rijen) аэродромунда жасады.

Нидерланддык эксперттердин иликтөөсү көрсөткөндөй, малайзиялык учак кыйраган күнү Донбасстын үстүнөн дүйнөнүн 61 компаниясына караштуу 160 авиалайнер учуп өткөн. Аёосуз согуш жүрүп жатканына карабай, украин өкмөтү Донбасстын үстүндөгү аба мейкиндигин авиакаттамдар үчүн жапкан эмес. "Болбосо ал үчүн жетишерлик негиз бар болчу", - деди Йаустра.

- Украина өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө аба мейкиндигин жабууга жетерлик негиз жок деп эсептеген. Биз бирок украин жетекчилигинин этияттык кылып, өлкөнүн чыгышындагы аба мейкиндикти жабуусуна толук негиз бар болгон деген жыйынтыкка келдик.

"Голландия, украин өкмөтү жана авиакомпаниялардын жетекчилиги Чыгыш Украинанын аба мейкиндиги бийиктен учкан лайнерлер үчүн кооптуу эмес деп жаңылыш бүтүм жасаган" деп тыянак чыгарат Голландия Коопсуздук кеңеши.

Орусиялык "Бук-M2" ракета комплекси MAKS-2013 авиа жана космостук көргөзмөсүндө. Москванын ныптасындагы Жуково аэродрому. 31-август 2013
Орусиялык "Бук-M2" ракета комплекси MAKS-2013 авиа жана космостук көргөзмөсүндө. Москванын ныптасындагы Жуково аэродрому. 31-август 2013

Анын билдирүүсүнөн бир нече саат мурда “Бук” ракеталарын жасоочу “Алмаз-Антей” компаниясынын башчысы Ян Новиков Москвадагы брифингде алар өткөргөн иликтөө ракета нидерланд эксперттери айткандан башка жайдан атылганын көрсөткөнүн билдирди.

- Биздин эксперимент ракетанын түрү жана атылган жайы тууралуу нидерланддык комиссиянын бүтүмүн толук жокко чыгарат. Биз бүгүн эгер Малайзия аба жолдорунун “Боинг 777” лайнерине “Бук” комплекси аткан ракета тийген болсо, анда бул 9М38 ракетасы Зарощенское конушунан атылган деп так айта алабыз. Аны презентацияда да көрсөтөбүз.

Новиковдун айтышынча, былтыр 17-июлда Зарощенское украин аскерлеринин колунда болгон. Ал бирок учактын сыныктарынан бутага тийгенде аны кыйратчу “двутавр” элементинин изи табылбаганы – айтылгандан эски ракета колдонулганын күбөлөйт, “двутавр” “Букта” эч качан колдонулбаган деди.

Нидерланд эксперттеринин иликтөөсүн Москва “калпыс” деп сындады. “Бул саясий буйрукту аткаруу аракети... Иликтөө бир жактуу”, - деди Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков.

Вашингтон Нидерланддардын Коопсуздук кеңешинин докладын малайзиялык учактын “кыйроосуна күнөөлүүлөрдү жоопко тартуудагы маанилүү учур” деп жактады. Биздин пикирибиз өзгөргөн жок. МН17 Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан “Жер-аба” тибиндеги ракетадан атылган”, - деп билдирди АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Нед Прайс.

XS
SM
MD
LG