Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:11

Журтташтар

Млрд. доллар долбоорлордун тагдырын чечкен Бөлтүрүков

Тенизбек Бөлтүрүков - дүйнөдө таанылуу Tetra Tech компаниясынын тоо-кен тармагындагы долбоорлор боюнча башкы менеджери.

Тенизбек Бөлтүрүков.
Текст көлөмү - +
"Тетра тек" консалтинг, долбоорлоо, техникалык тейлөө боюнча адистешкен компания. Анын дүйнөнүн чар тарабындагы филиалдарында 13 миңден ашуун адам эмгектенет. Тенизбек мырза Москвада институтту аяктагандан кийин оболу Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы, андан соң Кыргызстандагы Сары-Жаз, Айдеркен комбинаттарында, Күмтөр алтын кенинде жетектөөчү инженердик кызматтарда иштейт. 2002-жылы үй-бүлөсү менен Канадага кеткен.

Ал "Азаттык" менен Канадага кетүү себеби, чет жердеги кыйынчылыктар, азыркы жумушу, "Тетра тек" компаниясында адистерди даярдоонун өзгөчөлүктөрү, Кыргызстандын тоо-кен байлыктарын иштетүү тууралуу ой бөлүштү.

"Азаттык": Тениз мырза, сиз Совет доорунда Москвадагы атактуу Болот жана эритмелер институтун инженер–металлург кесиби боюнча аяктагансыз. Андан соң Кыргызстанда атактуу тоо-кен ишканаларында өз кесибиңиз боюнча жооптуу кызматтарда иштегенсиз. Анан жүрүп эле кандайча Канадага кетип калдыңыз, ал жакка кетишиңизге эмне себеп болду?
 ...программа боюнча кеткен 16-17 киши кийин Кыргызстанга келдик. Мамлекет чакырып, мындай шарт коюп беребиз, иштегиле деген кызыгуу да болгон жок, сураган да жок. Ошону менен ар бирибиз өз турмушубузду өзүбүз куруп кеттик.

Тенизбек Бөлтүрүков: 1997-жылы Кумтөрдө иштеп жүргөндө «XXI кылымдын кадрлары» деген программа ачышкан. Ага катышып Германияда илимий изилдөө иш жүргүзүү боюнча стипендия утуп алгам.

Германияда төрт жыл Клаусхал техникалык университетинде аспирантурада окудум. Бул Германиядагы эң эски техникалык университеттердин бири. Аспирантураны бүтөөр жылы Кыргызстанда Кумтөрдөн башка тоо-кен комбинаттары жабылып аткан мезгил. Ошон үчүн келечегимди ойлоп жана өз кесибим боюнча иштейин деп, үй-бүлөм менен кеңешип, 2002-жылы Канадага кеткем.

Tetra Techтин башкы менеджери Тенгизбек Бөлтүрүков Кандага кетүүсү жөнүндө

"Азаттык": Германияда мамлекеттер аралык программа боюнча окуган экенсиз. Ал жактан кесибиңизди өркүндөтүп адис катары Кыргызстанга өтө керектүү болуп тургансыз. Кыргыз өкмөтү ушундай адисти оңой эле коё бердиби?

Тенизбек Бөлтүрүков: «XXI кылымдын кадрлары» программасына тандоо болуп атканда Германиянын DAAD деген фонду мени жана бир кишини тандап алып, каржылоого алгандыктан, биз программадан чыгып кеткенбиз. DAAD менен өзүнчө келишим түзүлүп, окуумду алар каржылаган. Бирок ошол программа боюнча кеткен 16-17 киши кийин Кыргызстанга келдик. Мамлекет тарабынан чакырып, мындай шарт коюп беребиз, иштегиле деген кызыгуу да болгон жок, сураган да жок. Ошону менен ар бирибиз өз турмушубузду өзүбүз куруп кеттик. Кийин балдардан да сурадым, Америкада окугандардын бир-экөөсү Кыргызстанга барып, мамлекеттик ишканаларда иштеп көрүп, кийин кайра кетишкен.
 Перу, Монголия, Орусия, Америка, Канадада 200 миллиондон 4 миллиард долларга чейинки ар кандай долбоорлорду жасадым...

"Азаттык": Сиздей тажрыйбалуу инженер-металлург үчүн Канадага барганда жумушка орношуу оңой болдубу?

Тенизбек Бөлтүрүков: Жок, чет мамлекетте сени эч ким күтпөйт. Көчүп келгенге мүмкүнчүлүк берет, бирок өзүң жумуш таап, бутуңа туруп кетишиң керек. Бир жылдай кыйналдым, англис тилин үйрөнүп, заводдо кара жумушта иштеп жүрдүм. Айла жок, үй-бүлөнү багыш керек. Америкага, Австралияга келгендердин баары эле ошондой сыноодон өтөт.

"Азаттык": Азыр кандай кызматтасыз?

Тенизбек Бөлтүрүков: Мен 2003-жылдан баштап кесибим боюнча тоо-кен өнөр жайында иштейм. Азыр "Тетра тек" деген америкалык компанияда тоо-кен долбоорлорунун башкы менеджеримин, дүйнө боюнча ар кайсы жерлерде темир, уран, түстүү темир, кара темир өндүрүү боюнча чоң долбоорлорду жасайбыз.

Мындан тышкары эл аралык Partners in Performance консалтинг компаниясында тоо-кен ишканалары боюнча кеңешчилер тобун жетектеймин. Мен Перу, Монголия, Орусия, Америка, Канадада 200 миллион доллардан 4 миллиард долларга чейинки ар кандай долбоорлорду жасадым. Убактым болгондо барып, тоо кен ишканаларында изилдөө жүргүзүп, алардын иштерин жакшыртуу, чыгымдарын төмөндөтүү боюнча иштейбиз. Былтыр Түштүк Африкада жана Ганада консалтинг кылганбыз.

"Азаттык": Тениз мырза, сөзүңүзгө караганда тоо-кен өнөр жай тармагында иштеген ири компанияларда вице-президент, же жетектөөчү адистердин катарына чейин көтөрүлүшүңүзгө сиздин тегиңиз Кыргызстандан экени, Канадага 40 жаштан өткөндөн кийин келгениңиз таасир этпейт турбайбы?

Tetra Techтин башкы менеджери Тенгизбек Бөлтүрүков "Кумтөр" жөнүндө

Тенизбек Бөлтүрүков: Канадага келип жумушка орношкондо менин билимим жана тажрыйбам чоң мааниге ээ болду. Анткени мен эмгектенген долбоордук (инженердик) компанияда иштегендердин 90 пайыздан көбү эч качан тоо-кен өнөр жайында иштеген эмес. Отуруп долбоор жазышат. Долбоорду жазып аткан адам ишкананы мурда көрбөсө, ал туура эмес чала жасалып калат. Иштеп келген адам аларды оңдоп, эмнеге иштебейт, себебин айтып бере алат. Тажрыйбам мага чоң жардам болду. Компания аны көрүп-билип мени көтөрө баштады.
  Бул жакта компания жардам берип атканын көрүп, өзүң өскүң да, ишке берилгиң да келет. Жумушка барганда тойго баргандай сезим пайда болот...

"Азаттык": Экс-советтик өлкөлөр Кыргызстан, Орусия, Казакстанда эмгекке болгон мамиле менен Канададагы, же Батыш өлкөсүндөгү мамиле эмнеси менен айырмаланат, өзгөчө жетекчилер деңгээлинде?

Тенизбек Бөлтүрүков: Бул жакта адам, адис биринчи орунга коюлат. Ал адам компанияда өсөйүн десе жардам берет. Жумушуна канаат кылып, өскүсү келбеген адамдар бар. Аларга да жардам берет. Адамга өз ишин жакшы аткарганга шарт түзүп беришет.

Мен Орусияда, Кыргызстанда иштеп жүргөнүм менен салыштырсам, биздин маданиятыбыз такыр башкача. Бул жакта компания жардам берип атканын көрүп, өзүң өскүң да, ишке берилгиң да келет. Мен Канадада турмушка кубанып, ырахаттанып иштеп калдым. Жумушка барганда тойго баргандай сезим пайда болду. Анткени тегеректеги кесиптештерим жардам бергенге даяр.

Советтер Союзунда «метод кнута и пряника» (камчы жана токоч усулу) деп койчу эле, ишиңде бир ката кетсе, камчы менен сабап, токочун көбүнчө унутуп калышчу. Бул жакта такыр башкача. Эгерде биринчи ката кетсе жардам берейин деп чыгышат. Адам катаны атайын жасабайт, же билими, же тажрыйбасы жетишпей жасайт. Адам эмне ката жасаганын анализдеп, чогуу отуруп жардам берсе, ал адам өсөт дагы, ыраазы да болот. Ошол себептен бул жакта адиске өскөнгө көбүрөк шарттары бар.

"Азаттык": Ырахмат, ишиңизге ийгилик.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Altynai каяктан: katar
29.11.2011 19:21
uuchubus kur emes degendei kyrgis eli chigaan liderlerge bai. Sisge chin den-sooluk,chon-chon iygilik kaalaim. Oz mekeninizdin chigaan atuulu katari, oz saliminisdi koshosorunusga teren ishenem.bar bolunus

кимден: almaz каяктан: balykchy
24.11.2011 19:41
Rahmat sizge.Siz bizdin koldogy Boltyryktyn neberesi emessizbi.rahmat.
Пикирге жооп

кимден: mirlan каяктан: korea seul
26.11.2011 07:05
Almaz oba Tenizbek avan bolot issyk kol oblasttinin tup raioununun shatu degen ailunan chikkan insan , osho adamdin neberesi men bu kishini jakshi taanim . ishjine igilik kaalaim oto akildiuuu adam .jakinda kumtor kompanyasina prezidenttin orun basarligina 5 kandidattin jeiiuchu su bolup birok ulutu kyrgyz bolgonu menen jarandigi kanda olkosuno teeshelu bolgonuna bailanishtu bolboi kaldi birok en akildu adam duinodogu chon kompanaylardin tagdiri ushu adamdin kolunda

кимден: Талгат каяктан: Анкара
24.11.2011 17:26
Кембриджде Базбек Давлетов, Турцияда проф. Зарема Ниязова и Талант Батыралиевдер убагунда Кыргызстанан куулуп кетиптир. лос Анжелесте Марат Мураталиев - окумуштуу. Буларды жергиликтуу академия таныгысы деле келбейт экен.

кимден: Агент 996
24.11.2011 16:11
Адамдын тажырыйбасына, аракет кылып иштеешине карап мамиле жазагандары жана жаны идеяларды жакшы кабыл алышат, чет мамлекеттерде ошонусу чындыгында мага жакты, ошону учун онугуп жатышат.
Бизде болсо кайра бут тосуп, короалбастык, бул эмне эле акылдуу болуп жатат жаны эле келип алып дегендей, озунон ойдо корсоткулору келбей басып, мен мен деп озубузду корсоткубуз келет - ошол себептен Кыргыздар онукпойбуз.

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
24.11.2011 13:06
Азаттык силерде мүмкүнчүлүк чоң, сырттагы иштеринен ийгилик тапкан Теңизбеке окшогон мекендештерибиз жөнүндө макалаларды жарыялаганга. Ошондуктан коррупцияга белчесинен батып чирип калган саясий интригандар жөнүндө жазып элдин кузгусун келтирбей, ушундай азаматтарыбыз жөнүндө көбүрөөк жазсаңар. Кыргыз эли дээринде бар эл. Кайсы жакка үндөсөк, ошол жакты бат эле өздөштүрүп кете берет. Үлгү болчу жакшы жактарыбызды жазсак, жаштарга дем болуп болуп, өсүшүнө багыт беребиз. Бийликке патриоттуулукту жамынып, кылганы тетири кылган адамдар эмес, чыныгы патриоттор келгенде Теңизбектер мекенибизге келишип, сырттан топтогон өз тажрыйларын мекенибиз өсүп өнүгүш үчүн жумшарына ишенем.
Пикирге жооп

кимден: Сейит
27.11.2011 09:58
Туура. Мен дагы бул ойго кошулам!

кимден: Чынгыз каяктан: Оруссия
24.11.2011 12:21
Колдо бар алтындын баркы жок болуп Тениз байкедей профессионалдар миндеп сыртта журот аттин.Бир кун ушундай турдуу тармактагы адамдардын баарын атажуртубуздун онугуп осушу учун салымын кошконго убакыт келээр бекен деген узулбогон умут бар.....

кимден: Austria каяктан: Austria
24.11.2011 03:22
Tenizbek agai sizdi dagy alban iyigilikter koshtoibersin, jana aityp ketken oimaksattarynys orundala bersin!!! Atanbaev bashka prezidentterden aiyrmalanyp chet jerden butkon jana bilim alyp jurushkondorgo könul burat dep ümüt kylabys. Bilimdüülörgo jakshy ish taap berip, KG ge chakyraaryna dagy ümüt kylabys. Chogu charan ishke kirishsek,Kyrgyzstanybys tez arada kötörulup keteerine toluk ishenem.

кимден: Жумагуль каяктан: Россия
24.11.2011 02:17
Тенизбек Болтуруков агабыздай алга карай умтулган жигиттердин саны кыргызымда коп болушун каалар элем. Уй булосуно тынчтык жана бакыт таалай. Бирок Кыргызстаныбызды унутпашыныз керек эч качан, патриоттулук сезиминиз артсын Мекенинизге!!!

кимден: Угарман
24.11.2011 01:22
Тенирбек мырзанын жетишкен ийгиликтерине сыймыктансак болот. Азаматсыз! Бардык нерсе аракеттен. Чет олколордо эмгектенген жарандарыбызга, " Оз элине качан келип кызмат кыласын ?", бул суроо дежурный болуп калды. Чет олколордо иштешкен жарандарыбыз олкобуздун саясаты туруктуу болмоюн, мыйзам иш жузундо иштемейин, рекетчилик-басып алмай жоюлмайынча алар келбейт. 100%
Туугандарыбыздын кызы тоо кен институтун кызыл диплом менен аяктаган, чет олколук компанияда жакшы иштеп журду кыргызстанда, саясаттын туруксуздугунан инвесторлор кетип калышты. Синдим эн жонокой кум таш казып иштетуу, шаарга алып келип сатуу менен алектенип журду, бардыгы мыйзам чегинде. Бул иштин жакшы журуп жатканын байкаган "местный чиновник" тартып алды.Синдим жумушсуз калды. Мындай мисалдар толтура, кичинекей ишканан болсо да "крышан"болуш керек бизде.
Журналист Амирбек мырзага сын айткым келет, туура кабыл аласыз деп умуттоном.
Сиз жонокой тил менен суйлоп жатканда, окуучуларга роман окуп берип жаткандай суйлойсуз, суроо бергенде да башкача. Интонациянызды озгортсонуз. Адам менен суйлошуу,адабият жанырын окуу экоонун ортосунда чон айырма. Интонация чон ролду ойнойт, озунуз деле билесиз аны. Муз сыяктуу болбой ийменчээк суйлосонуз, менин эмне айтайын дегенимди туура тушундунуз го деп ойлойм.
Рахмат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине