Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:12

Дүйнө

Египет аза күтүүдө

1-февралда Порт Саид шаарындагы футбол таймашынан кийинки тополоңдо 74 киши мерт кеткен. Өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Жүктөө

Египет: футбол талаасындагы тополоң

Текст көлөмү - +
Египетте шаршемби күнкү трагедиядан кийин парламент чукул жыйын өткөрдү. Бийликтеги аскерий кеңештин башчысы маршал Хусейин Тантави кан төгүүнү иликтөө тапшырмасын берип, күнөөлүүлөр жазаланаарын убада кылды.

1-февралда Порт Саид шаарында футбол матчынан кийинки окуя соңку 10 жылда футбол дүйнөсүндөгү эң чоң трагедия болуп калды.

Парламенттин чукул жыйынына чогулган депутаттардын алдында сүйлөп жатып, премьер-министр Камал ал-Ганзури Порт Саид шаарынын губернатору, жергиликтүү коопсуздук мекемесинин жетекчиси жана өлкөнүн футбол федерациясынын башчысы кызматтарынан алынганын билдирди. Ошондой эле футбол ассоциациясынын жетектөөчү кеңеши таркатылды.

Парламенттин жаштар комитетинин төрагасы Усама Ясен ички органдардын жетекчилери отставкага кетирлсин деген талап койду:

- Ички иштер министрлигин, ошол жердеги бардык офицерлерди акыркы убакытта Египетте өнөкөткө айланган коопсуздук чөйрөсүндөгү кемичликтер үчүн жоопко тартуу зарыл. Биз жоопкерчиликти ошолорго жүктөйбүз жана алардын кызматтарынан кетирилишин талап кылабыз. Орундарын башкаларга бошотушсун.

Шаршембинин кечинде Порт Саид шаарынын “Ал Масри” жана Каирдин эң популярдуу “Ал-Ахли” командаларынын өлкө чемпионатынын алкагындагы беттешүүсү аяктаары менен, стадиондогу күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыгып, массалык мушташ тутанган.

Египеттин ички иштер министрлиги маалымдагандай, кагылышууларда 74 кишинин ажал тапканы, 248 кишинин жарадар болгону бышыкталды. Полициянын 1 кызматкери курман болуп, 14ү жабыркаганы кабарланды.

Шаршемби күнкү трагедиянын былтыркы саясий козголоңго тиешеси жок деп айтылганы менен, айрым аналитиктер полиция коопсуздукту камсыздоо вазийпасын аткарууга канчалык кудуреттүү жана канчалык каалашат деген камтама жаралаарын белгилешет.

Эмне дегенде, стадиондогу жүздөгөн тартип коргоочулар аламандаган футбол ышкыбоздору бири-бирине таш ыргытып, башкалары тебелендиде калып жаткан кезде кийгилишпей турушкан. Айрымдар полиция менен башкаруудагы аскерий бийликти зордук-зомбулукту токтото алышкан жок деп айыпташууда.

Тополоңду өз көзү менен көргөндөр СNN телеканалына полиция кагылышуулар күчөгөндө четте турганын айтып беришти.

Парламентте көпчүлүктү түзгөн Мусулман агайындар кыймылы кан төгүүнүн артында кайсы бир тымызын күчтөр турат деп билдирди. Окуянын эртеси Египеттин аскерий жетекчилиги Порт Саид шаарындагы трагедияга байланыштуу 3 күндүк аза күтүү жарыялады.

Кеңештин башчысы маршал Хусейин Тантави Каирде футболисттер менен жолугушуудан кийин окуяны териштирүү тапшырмасы берилгенин айтып, буларга токтолду:

- Иликтөөнүн бүтүмүнө таянып, күнөөлүү адамдар адилет сот жообуна тартылат.  Окуянын артында ким турганын аныктайбыз. Египетти дестабилдештирүүнү көздөгөн адамдардын пландары ишке ашпайт. Тополоңго тиешеси бар ар бир киши адилет жазасын алат.

Бир жыл мурун Египетте элдик көтөрүлүш башталып, демократиялык реформаларды талап кылган демоснтранттардын кысымы менен президент Хосни Мубарак кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Сынчылар бийликке келген аскерий кеңеш башкарууну жарандык өкмөткө өткөрүп берүүгө шашылышпайт деп айыпташууда.

Европа Биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон кандуу окуянын көз карандысыз чет өлкөлүк комиссия тарабынан иликтенишине үндөдү.

Дүйнөлүк футбол федерациясы – ФИФАнын жетекчиси Зепп Блаттер Египеттеги кан төгүүнү футбол тарыхындагы кара күн деп атап, катуу камтамасын билдирди.

Футбол тарыхында мындай ири трагедия буга чейин 1996-жылы Гватемалада болгон. Анда беттешүүдөн кийинки тополоң 84 кишинин өмүрүн алып кеткен.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: РФ
04.02.2012 12:00
кыргыз жигит ДЕГЕН атынды өзгөртуп анан коментарий берчи!! жөн эле күнөөгө бата бербей!мен сага Ждановдун лекциясын сунуштайт элем! Ютубка кир! ошондо түшүнөсүн!!!

кимден: мусулман каяктан: жер
04.02.2012 03:32
ассаламу алейкум кыргыз жигит жаман улут жок жер жузундо жаман адам бар

кимден: Kyrgyz jigit каяктан: Jer
04.02.2012 00:38
Негизи араптар начар да. Уят эле.
Пикирге жооп

кимден: aibek каяктан: rassia
04.02.2012 06:04
ei jer sen bilbegenden kin aitpai ele koi egipette kancha miliion bardigini bilesinbi eki taraptin kuormandarinin chiri eldin baari emes 22 eki arab olko bar sen akilina jarasha aitkansin chinigi emnede ekenin bilbesen berbe gbatemalada 84 adam nabit bolgon ani emnege aitpaisin adiletsizdik kildin kirgyzstanda ele urushup olup jatpaibi ani emnege aitpaisin bbc karasan arkandai okuialar bolup jatat alardi emne uchun kemsitpeisin .

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)