Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:12

Экономика

Алтын кендер кимдин арабасында?

Кыргызстандагы ири алтын кендердин ичинен Кумтөр гана туруктуу иштеп жатат. Кумтөр кенине кыргыз тараптан көзөмөл жүргүзгөн “Кыргызалтын” өкмөттүн колунан Максим Бакиев башында турган Борбордук агенттике жыл соңунда өткөрүлүп алынды. Ал эми Жер-Үй, Талдык-Булак жана башка кендердин абалы кандай?

Кумтөр алтын кени
Текст көлөмү - +

"Центерра голд инкке" Кыргызстандан кимдер кирди?

Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Центерра голд инк” компаниясынын 30-декабрдагы маалымдоосуна караганда, өткөн жылы жетишилген келишимге ылайык, "Камеко" корпорациясы “Кыргызалтынга” 25 млн. 300 миң даана акцияны өткөрүп берди. Андан сырткары “Центерра голд инк” компаниясынын 11 кишиден турган директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн “Кыргызалтындын” жетекчиси Алмазбек Жакыпов бошотулуп, анын ордуна Кыргызстан атынан Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин төрагасынын орун басары Алексей Елисеев жана Украина жараны Юрий Косвин дайындалды. Косвин тууралуу берилген маалыматта ал Киевде турары жана бизнесмен экени айтылган.

Ал эми Интернет булактарында Юрий Косвин деген инсандын Украина олигархы Вадим Рабинович жана Казакстан олигархы Александр Машкевичке жакындыгы тууралуу маалымат бар. Бул маалыматты азырынча башка булактардан тактоо мүмкүн болбой турат. Анткени “Кыргызалтын” ишканасы 11-январга чейин эс алууда жүрөт.
Кыргыз элин сүйгөн, биздин кишилер болсо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт эле.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев “Центерра голд инктин” директорлор кенешине Кыргызстан
 
атынан кирген кишилер Кыргызстан кызыкчылыгын коргооруна шегин билдирди:

- Анткени эки эле киши. Алар коргой албайт. Андан сырткары биздин кишилер эмес. Кыргыз элин сүйгөн биздин кишилер болсо, анда коргойт эле. Анан эми Украинанын бир кишиси болсо, ал эмнени жактайт? Биздин кишилерден болсо максатка ылайыктуу болмок. Бизден болсо булар коркот. Ошон үчүн Косвин деп Украинанын кишисин табышкан турбайбы.

“Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Орозалиев “Центерра голд инктеги” дайындоолор боюнча мындай пикирин ачыктады:

- Бул жерде мындай да, саясат деп эле бирдемени урдура берген болбойт. Аны көрүш керек. Бөлөк өлкөнүн жараны болуп туруп, анын биздин өлкөгө карата милдеттенмеси бар экенин байкаш керек. Анткени эл аралык уюмдардын шарттары боюнча, кандай болбосун, ким болбосун өзүнүн келишими боюнча жалдаган тарапты коргоого милдеттүү деген шарттар турат.

 "Камеко" кетип жатат
"Камеко" корпорациясы акцияларын сатып, алтын бизнесинен чыгып кетүүдө.

“Центерра голд инк” компаниясынын "Камеко" ээлик кылган акциялары Кыргызстанга өткөн жылы Игорь Чудиновдун өкмөтү учурунда жетишилген келишим боюнча берилүүдө. Ал келишим 30-апрелде парламентте ратификацияланып, 2-майда президент тарабынан кол коюлган.

Ал эми  "Камеко" корпорациясы “Центерра голд инктеги” акцияларын толук сатып, алтын бизнесинен четтеп кетүүдө.

Азыркы мезгилде “Центерра голд инктин” бир акциясынын баасы Канаданын Торонто биржасында 11 Канада долларына бааланууда.

Өткөн жылдын соңунда болсо Максим Бакиев жетектеген Борбордук агенттик “Кыргызалтынды” жана “Манас” аба майданын өз колуна өткөрүп алган. Ошондуктан “Центерра голд инк” компаниясынын директорлор кеңешине мүчөлөр Кыргызстан тараптан ушул агенттик тарабынан дайындалган.

Кыргызстанда Кумтөрдөн башка бир нече ири алтын кендери бар. Бирок алар көп жылдардан бери ар түрдүү чырларга кабылып, иштетилбей турат. Орозбек Дүйшеевдин маалыматы боюнча, Талды-Булак-Сол-Жээк алтын кенин казак инвесторлору акчасынын жоктугуна байланыштуу иштете албай жатат. Ал эми Жер-Үй алтын кени Борбордук агенттике алынып, ал аркылуу Кумтөргө кошулушу күтүлүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: eldar каяктан: tr
07.01.2010 22:19
Maksimdin emnege kelgeni jana al bashkargan uyumdun emnege tuzulgonu anik boldu. Bular bizge emes duynodogu je Orto Aziyada sozu otumduu miliyarderlerdin kizikchiliktari uchun ishtep jatishat. Maksimdin sayasati kadir madir tandoo menen ech kanday ishi jok baari muruntan jazilgan senariyo. Al senariyo Bakiyevdin zamaninda ech toskoolduksuz ishtep jatat urmattuu mekendeshter...

кимден: Marat
07.01.2010 18:08
"Ak Jolchular" koshomatchilik kıluuda mastersinor go. Silerdi oshol bashka uluttar jarga takap koyso dele "korush kerek jaskhı bolot" dep oltura beresinergo. Uyat siydan emne kalgan silerde je kirgizdi oyloor akilinar barbi.

кимден: Медер каяктан: Тараз
07.01.2010 00:33
Алтындын 'откаты' зор! Белгилуу адамдардын чет жердеги банк эсебине жакшы эле сумма тушуп турат. Ошон учун бийлик колдон чыкпашы керек!!!

кимден: Чынгыз каяктан: Кыргызстан
06.01.2010 19:15
Кай жактагы Украина жаранын ордуна Кыргызстандын жараны табылбадыбы. Өзүбүздүн мамлекеттен болсо жакшы болот эле го.

кимден: Келесоо Кыргыз каяктан: Кыргызстан
06.01.2010 11:30
Украин жараны ким?Кайдан түштү?Ушул Макстын кадр саясатын түшүнбөдүм-жалаң эле чет элдер негизги жерлерге отурууда.Кыргызга ишеним калбай калыптыр да!!!

кимден: Kasymba каяктан: USA
06.01.2010 09:16
Emi emne deybiz.Aman ele bolgula Ak-Jolchular.
Bekerinen koshoomatchy emssiner.Kudaydan korksonor bolo.

кимден: chingiz
05.01.2010 21:23
Olkobuz ushintip satilip jatat! Ukrainan jaraninin kanday ishi bar kırgızstandan cikkan altında?

кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия, Москва шаары
05.01.2010 20:29
"Айдаганын беш эчки, ышкырыгын таш жарат" болгон Окмотту жоюп салса деле болот окшойт. Аты улук, супарасы курук болгон, колунан эчтемке келбеген окмоттун кереги не? Же орустар айтмакчы "мальчик для битья или козел отпущения" кылганга кармап турушабы?
Алтындын чатагы али алдыда деп ойлоймун. Камеко бекеринен кетпей жатат...

кимден: Nursultan каяктан: Norway
05.01.2010 20:18
Men Tabildi Orozaliev'ge tushunboim. Koshomatchi bolgonun achik bildirip koyup jatat. Bizdin mamlekette ish orunu jok bolup kirgizdar ozdoru talaada ishtep jurushso, Ukrainanin jarani chon akcha ailik alip ishtep jatat. Alar bizdin jerge kuyboyt. Erten Bakievter ketkende, Tabildi Orozaliev ushul aitkan sozdorunuzgo jana Kirgizstanda zaman oorloso, elibiz kedeilese siz da joopko tartilasiz koldoochu adam katari. Uyalbaysizbi!

кимден: bakit каяктан: Stockholm
05.01.2010 19:18
Кундо окмоттон бирден кызыктуу, ары окунучтуу кабар укпастан жашабай калдык го. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгы жонундо соз болуп, аны башка олконун жараны коргобойт, оз кызыкчылыгы жогору турары айтылып жатса Ак-Жолчу депутат Табылды Орозалиевтин дооругонун карасан. Коруш керек деп. Эмне учун онугуу булактарынын башына жооттор келип атат? Булар биздин аран калыптанып келаткан, алсыз экономиканын акыркы булактарын ташталканын чыгарганы келишти.
Эмне учун Центерра шашылыш акцияларын сатып жатат деген суроо туулуп жатат? Булар бул жердин запасын даана билишет жана канча пайда таба аларын дагы жакшы тушунушот. Булар жакында Кумтордун иштоо моонотун узагыраак коргозуп, алтын запастарын дагы да болсо чон коломдо бар деп ишендиришти.
Эгер андай болсо эмнеге сатынып жатышат. Менимче ачык запас азайып иштетуу мурункудан кобуроок каражат талап кылып жатат. Запасы дагы аз калды. Булар жасалма жол менен баасын жогорулатып жанталашып сата башташты.
Эмнеге ушул директорлор кенеши тууралуу болгон окуялар элге угулбай жатат?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)