Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

“Норман Атлантиктеги” адамдар куткарылууда


“Норман Атлантик” паромундагы адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн аракеттенип жаткан куткаруучулар.
“Норман Атлантик” паромундагы адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн аракеттенип жаткан куткаруучулар.

478 адамы бар кеме Грециянын Патрас портунан Италиянын Анкона шаарына баратканда 28-декабрда эртең менен ичинде өрт чыккан.

Соңку келген кабарлар боюнча, 350дөн ашык адам куткарылып, кемеде дагы 125 чакты киши калган.

“Норман Атлантик” паромундагы адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн Греция, Италия, Албаниянын куткаруучулары менен бирге гректердин аскер флотунун кайыктары жана тик учактары да күрөшүүдө. 28-декабрдагы телерепортажда жүргүнчүлөр кеменин үстүңкү палубасында жан сактап жатканы көрсөтүлдү. Алардын кээ бирлери чөнтөк телефондон грек телеканалына чалып, суук жана ным сөөктөрүнө өтүп, үшүгөндөрүн айтып, тез куткарууну өтүнүштү.

Куткаруу иштерине тик учактар да тартылды
Куткаруу иштерине тик учактар да тартылды

Бир жүргүнчү куткаруучу шлюпка-кайыктар турчу төмөнкү палубада өрттөн улам температура өтө бийик болгондуктан, бут кийимдердин таманы ысыкка чыдабай ээрип баратканын айтып жалбарды. Алардын арасында аялдар, балдар жана кары адамдар да бар. Экипаждын 56 мүчөсү да кемеде жүргүнчүлөр менен чогуу калууда.

Италиянын желеги астында жүргөн “Норман Атлантик” парому гректердин ANEK кеме компаниясынан ижарага алынганы айтылат.

Маалымдалганга караганда, өрт 27-декабрда шам ченде кеменин автомобилдер сакталчу төмөнкү бөлүгүнөн чыккан.

Катуу толкун жана шамал куткаруучулардын ишине жолтоо кылып жатканына карабай, 29-декабрга карай 350дөн ашык жүргүнчү куткарылды. Бир грек жараны курман болгон. Куткарылган адамдардын бир бөлүгү тик учактар менен Италияга жөнөтүлгөн, а калган адамдар паромго жанаша сүзүп жүргөн кайык-катерлерге жүктөлгөн.

Грек бийликтеринин өтүнүчү боюнча куткаруу операциясын италиялык адистер жетектеп, координациялоодо.

“Биздин бардык көңүлүбүз аба ырайынын катаал шартында, жамгырда кеменин палубасында көп убакыт өткөрүүгө туура келчү адамдарда. Сууктан алар катуу үшүп кетиши мүмкүн,”- деп билдирди кабарчыларга 29-декабрда Италиянын Бриндизи порт шаарынын мэри Миммо Консалез.

"Норман Атлантик" күйүп жатат.
"Норман Атлантик" күйүп жатат.

“Норман Атлантик” кемесининин жүргүнчүлөрүн куткарууну Грециянын деңиз министри Милтиадис Варвитсиотис өлкө тарыхындагы эң катаал эвакуация деп мүнөздөдү.

Өрттүн кубаты майтарылганы айтылууда. Грек тараптын билдиришинче, кырсыкка учураган паромду толкундан сактоо максатында аны бир нече кеме тегерете курчоого алышкан.

Быйыл 16-апрелде Түштүк Кореянын пассаржирдик “Севол” кемеси деңизде чөгүп кетип, 300 ашык адам: көбү мектеп окуучулары менен мугалимдер курман болгон. 174 адам куткарылган. Кырсыкка байланыштуу өлкөнүн премьер-министри Чон Хон Вон өз ыктыяры менен отставкага кеткен.

2012-жылы Италиянын батышындагы Жильо аралынын жанында “Коста Конкордия” лайнери бир капталына кыйшайып, деңиздин түбүнө отуруп калган. Кемедеги 4229 адам куткарылып, 32 адам каза болгон. Бул кеменин узундугу 290 метр, салмагы 114 000 тоннага барабар эле. Маалымдалганга караганда, кемени сайылган жеринен чыгаруу 799 млн. доллар, ал эми ээсине келтирилген чыгымдын бардыгы 1, 7 миллиард доллар болот.

XS
SM
MD
LG