Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Женева келишими: Орусияга жаңы сыноо


Славянсктагы орусиячыл күчтөр аскердик техника менен жүрөт. 18-апрель, 2014-жыл.
Славянсктагы орусиячыл күчтөр аскердик техника менен жүрөт. 18-апрель, 2014-жыл.

Барак Обама Орусия Женевада жетишилген макулдашууну аткарбаса, өнөктөштөр Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр болушу керек деди.

АКШ президенти Барак Обама Украинадагы кризис боюнча жетишилген келишимди этият оптимизм менен кабыл алды.

- Ушу этапта так бир нерсе айтуу кыйын. Дипломатиянын жардамы менен кырдаал жөнгө салынат деген перспектива бар. Балким украиналыктар өз тагдырын өздөрү чечиши керек деген максатыбызга бир кадам жыла алабыз.

Аны менен бирге Обама Орусия макулдашуунун шарттарын аткарбаса, жаңы санкциялар киргизилерин эскертти.

Ак үй тараткан маалыматка ылайык, Германиянын канцлери Ангела Меркел менен телефон сүйлөшүүсүндө эки лидер Москва "тез арада" Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салбасы, жазалоочу чаралар көрүлөрү тууралуу макулдашты.

- Акыркы күндөрдөгү окуялар көргөзгөндөй, Орусиянын чыгыш жана түштүк Украинадагы кийлигишүүсүнө жооп кайтарууга даяр болушубуз керектигин көргөзүүдө.

17-апрелде Женевада өткөн жолугушууда Украина, АКШ, Орусия жана Евробиримдик Украинадагы куралдуу топторду куралсызданууга үндөшкөн.
Ошондой эле өкмөттүк имараттар бошотулса, аларды ээлеп алгандар сот жообуна тартылбайт деп айтылды. Бирок оор кылмыштарды жасагандар мунапыска илинбейт.

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Дешицанын айтымында, бул келишим Орусия үчүн "сыноо" болмокчу.

Кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри эми сөздөрдөн конкреттүү аракеттерге өтүү керек деп билдирди.

Ошол эле маалда Мамкатчы "Келишимдин шарттары бузулса, Орусияга каршы санкциялар киргизилет" деп орус тышкы иштер министри Сергей Лавровго эскерткен.

Лавров болсо "Бардык топтор, анын ичинде Киевдин жаңы өкмөтүн колдогондор да куралын тапшырууга тийиш" деп баса белгиледи.

Аны менен катар министр Украинанын бийлиги конституциялык реформа маселесин бардык аймактардын өкүлдөрү менен талкуулоого тийиш деген Москванын турумун кайталады.

Европа биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон шаркет Украинанын суверенитети, биримдиги жана аймактык бүтүндүгү эң маанилүү принцип деп эсептерин кайталады.

Аналитиктердин пикиринде, Украинанын чыгышындагы бир катар шаарларда өкмөттүк имараттарды басып алышкан орусиячыл сепаратисттердин Женева макулдашуусуна реакциясы кандай болору белгисиз.

Рейтер кабар агенттиги Донецктеги жикчилердин биринин "митингчилерден тазалоо процесси Киевдеги Майдандан башталууга тийиш" деген сөздөрүн келтирет.

Былтыр декабрда баш калаанын борбордук аянтында башталган нааразылык акциялары февралда президент Виктор Януковичтин бийликтен кулатылышы менен аяктаган.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ Украинанын чыгышындагы тополоңдун артында орус армиясы же атайын кызматтарынын агенттери турат деген айыптоолорду “болбогон кеп” деп четке каккан.

XS
SM
MD
LG