Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:15

Дүйнө

Грузия: криминалды жеңүүнүн формуласы

“Азаттык” кыргыз түрмөлөрүндөгү козголоңго Грузиянын криминалдык топторго каршы ийгиликтүү согушунун мисалында сереп салат.

Тбилисинин четинде 2006-жылдын 27-мартында козголоң чыккан түрмөдөгүлөр туугандарына кол булгалап жатышат
Текст көлөмү - +
Ушул аптанын башында Бишкектеги №1-СИЗОдо башталган тополоң өлкөдөгү башка түрмөлөргө да таасир этти. Бейшембиде жумурияттагы убактылуу кармоочу жай эмес, кадимки түрмөлөрдүн 17нин 13үндө ачкачылык жарыяланды.

Жума күнү Оштогу ачкачылык жарыялаган түрмөгө Акыйкатчы Турсунбек Акун барганда “ачкачылык Бишкектеги түрмөлөрдөгү криминалдык авторитеттердин буйругу менен башталганын” айтты.

Бишкектеги №1 абактагы "өзгөчө" камера. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
​​​​​​
Күч органдары мунун баарын өлкөдө “мыйзам менен криминалдын согушу” деп сыпатташса, абактагылардын туугандары менен адам укугун коргоочулар тополоңго түрмөлөрдөгү начар шарт себеп болгонун да кошумчалап жатышат.

Постсоветтик аймактагы көп эле өлкөлөрдө мезгил-мезгили менен бул сыяктуу окуяларды угуп калабыз. Алардын ичинен түрмө нааразылыктары, кылмыштуу дүйнө менен күрөш жаатында Грузиянын тажрыйбасы өзгөчө кызыктуу көрүнөт.

“Кескин бурулуш”

Грузияда 2000-жылдардын башында абал ушундай эле, керек болсо, Кыргызстандагыдан бир нече эсе начар болчу.

Кавказдагы постсоветтик бул республикада соңку жылдары полициядагы, ички иштер органдарындагы масштабдуу, кээде “өтө каардуу реформанын атасы” атыккан министр Вано Мерабишвили интервьюларынын биринде “роза ыңкылабына” чейин кылмыштуу топтор Грузияда жалпы КМШ аймагындагы өлкөлөрдүкүнөн эки эсе көп болгонун айткан.


(Баяндын аудиосун бул жерден угуңуз)

Анан кантип мурдагы Советтер Cоюзунун курамында болуп, аты алыска кеткен криминалдык башкесерлердин ролу өтө чоң болгон бул мамлекетте 10 жылга жетпеген мезгилдин ичинде кылмыштуу топтор жер жуткандай жоголуп кетти?

Ушул жана башка суроолорго “Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчысы, аскерий эксперт Коба Ликликадзеге жооп берген:

Коба Ликликадзе
​​“Кылмыш топторунун төбөлдөрү мындан ары укук коргоо органдарынын башчылары менен сүйлөшүү, макулдашуу такыр мүмкүн болбой калганын түшүнгөндөн кийин, Грузиядан качып кете башташты. Анткени бул жакта калуунун кажети жок эле. Буга чейин полиция, күч түзүмдөрү уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшпөй, тетирисинче, достошуп келишкен. Маселен, бир нерсе жоголуп калса, полиция тийиштүү тергөө кызматтарына эмес, криминалдык топторго, авторитеттерге кайрылчу. Дал ушул кызматташуу механизми иштебей калгандан кийин көптөр Орусияга, Украинага, айрымдары Испанияга качып кетишти. Азыр алардын өтө аз сандагы бөлүгү Грузиядагы түрмөлөрдө катуу көзөмөл менен кармалып турушат”.

“Михаил Саакашвили түрмөлөрдөгү козголоңду эч нерсесине карабай, өтө орой басып салууну колдоду. 2006-жылкы окуяда түрмөдөгү тополоңду атайын бөлүктүн аскерлери кирип эле, урганын уруп, атканын атып, токтотуп коюшкан. Кийин грузин Омбудсменинин баяндамасында бир топ адам өлгөнү тууралуу айтылып, тынчсыздануулар болду. Бирок Саакашвили президенттик шайлоодон кийинки сөзүндө жалпы элге кайрылып: “Түрмөлөрдө ким полицияга баш ийбесе, аны эч ойлонбой туруп атууга буйрук берем”, - деген”, - деди “Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчысы, аскерий эксперт Коба Ликликадзе.


​​
Өткөн жылдын май айында "Азаттык+" телетобу Грузияга барып,  полиция реформасын иликтеген. Анда биздин кабарчылар грузин абактарынын бири менен таанышып чыккан. Телеберүүнү толугу менен бул жерден көрүңүз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Камчыбек каяктан: Бишкек
28.01.2012 11:06
Мен, мисалы, Байзаковду өмүрү көргөн эмесмин, т.а. тааныштыгым жок. Бирок мен аны 100 пайызга колдойм, анткени тартип болмоюн жашообуз онолбойт! Ал эми түрмөдөгүлөрдүн (Кудай сактасын!) канчасы бейкүнөө, ак жерден олтуруп калганы же болбосо "ал дагы бирөөнүн баласы " экендиги Милиция,Прокуратура,Сот кызматкерлеринин абийиринде болгону туура деп эсептейм.

кимден: Дурус каяктан: Бишкек
26.01.2012 17:19
Мен Байзаковго ишенбейм. Эмне үчүн ОБСЕнин камералары орногон кезде түрмөдө бунт чыкты да, кабелдер кыркылып калды? Эмне үчүн ошол күнү камалгандарды сабай башташты? Балким бул түрмө жетекчилигинин амалы эмеспи, биздин да былык иштерди көрүп койбосун деген? Эмне үчүн биз ГСИНде иштеген башка адамдардын пикирин билбей эле Байзаковду айга-кунго теңеп жатабыз. Алар эмнеге жетекчиге каршы чыгышат?. Байзаков Жаныш Бакиевдин тушунда кайда иштечү эле? Белгилүү билярдчы Каныбек Сагымбаев менен чатакташканы эсиңердеби? Жеке мен криминал менен аеосуз күрөшүүну кош колдоп колдойм. Бирок, бул реформаны Байзаков эмес, башка жаш, таза кадр жасашы керек?
Пикирге жооп

кимден: Чындык 2 каяктан: Бишкек
27.01.2012 19:12
Туура айтасын Дурус Байзаковдун жургон жери ызы чуу менен коштолгон.Ал ордунда калып калуу учун бардык нерсени жасады,Грузияга да барып уйронуп келген.Озунун орун басарларын садага чапты.Реформа деген бул жон эле шылтоо.Аным енен иштеп коргондор жакшы билет,анын кандай адам экенин.Ото кекчил,жакшылыгы жок адам эч кимди аябайт. Байзаковдун методу "карательный метод" ,ал коп жыл опер болуп иштеген да. ГСИНсистемасы боюнча ишин билбейт.Байзаковду ордунда калтырып Бабанов туура эмес кылды деп ойлойм.Бул мамлекеттин жетекчилерине ишеним жок болуп баратат.

кимден: тоолук
24.01.2012 13:58
ГСИНдин азыркы жетекчилигин колдоого алыш керек. 20-жыл коррупция тургузган жаза отоо тармагындагы системаны бузуп баштады. ишинизге ийгилик.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.01.2012 23:37
Баарын эле МАИ ИИМди куноологон туура эмес,кептин баары соттордо.Откондо Нарында МАИ кызматкерлери 12 баш жылкыны уурдап бара жаткан бир баланы кармашкан, милиция кызматкерлери машинасын Нарын РОВДга камап, озун жан жокорлору менен ИВСке камаган,аны кайра Нарын райондук соту алчусун алып кое беришиптир,мына корупция каякта жатат,ошол 12 баш жылкыны МАИ кызматкерлери коз жумуп койсо болот эле да мин эки мин сом алып койуп кетирип жиберсе,карапайым адамдардын малын уурдаган каракчылар соттон кутулуп кутуруп журушот,жаман аттысын баары милицияда калан,куурагыр милициялар кыштын 40градусунда жоо жаландап ушуп шишип кармап келгендерди жылуу кабинетте отурган сот прокурор деген алкымы чон ажыдаарлар каракчыларга крыша болуп акчасын алып тайрандап журушот.Милицияга эле асыла бербей ушул СОТ,ПРОКУРАТУРАНЫ тазалаш керек,ушулардын устунон народный контрол коюш керек

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.01.2012 17:59
Байзакав азамат! Олкодогу тартипти турмодон баштоо керек!

кимден: Rustam каяктан: Dubai
22.01.2012 03:47
Makul, cherniylar miyzamsiz eldi tonovatishat, uurdap sogup,...a bizdin ak uydo oturgan atka minerler zakonniy kilip eldi tonovatkanda kantesin,...aaahhhh kyrgyzym bashin aman bolsun!!! Kyrgyzdyn el agartuuchu, akademik, patriot uuldary SSSR ubagynda repressiyalanip ketishken,...bul jakta kalgan eki juzduu, jaltak, parakor, koro albas oruscha aytkanda ne godniy kyrgyzdardin uruktary mina bugunku kundogu bizbiz,...:((

кимден: жаланач баатыр каяктан: тоо-таш
21.01.2012 18:00
Депутаттарды, министр жана мурунку бийликтин куйруктарын тазалаш керек, оордуна таза муундарды детектр-лжи аркылуу койсо ошондо гана дасторкондун чекесиндеги кудага жыгылып келгендердин суроттору жоголот.

кимден: Рысбек каяктан: Кара-Суу
21.01.2012 16:29
Грузиядагыдай түрмө реформасын жүргүзүү үчүн САЯЧИЙ ЭРК жана ЭРДИК керек. Грузия "мыйзамдагы уурулардын" уюгу болгон, Саакашвили ошондой аарынын уюгун коркпой бузуп жок, кылды. Бизде да ошондой кылуу үчүн эң биринчи крим.генералдардын Жогорку Кеңештеги куйруктарын жанчыш керек, антпесе улам Байзаковго "өзүңүз эле отставкага кетип калыңыз" деп сес көрсөтүп жатышпайбы! Андан соң Байзаковго Президент, Премьер, Генпрокуратура, жарандык коом тарабынан болуп көрбөгөндөй колдоо керек. Мен жеке өзүм Байзаковго "азаматсыз" деп гана айтамын!

кимден: Турдукожоев Сексенбай
21.01.2012 15:53
Криминал менен күрөшүүнү Кыргызстандын бийлиги биринчи орунга коюшу зарыл.Анткени криминалдын идеологиясы азыркы учурда мектеп окуучуларына чейин чапчып отурат.Кылмыш менен анын ичнде мамлекеттик казынага кол салгандарды катуу жазалоо шарт.Бирок ууру уурулук кылып коюп ууруну карма деп кыйкыргандай абалга кептелип отурабыз.Себеби криминал менен күрөшөм дегендер өздөрү криминал менен байланышы болбошу керек.Таза жана адилет бийлик чыныгы тартипти орното алат.Ушул нерсе азыр бизде жетишпей жатат.

кимден: Акчал
21.01.2012 15:53
Кыргызстанга грузиядагыдай тартип киргизбесе,ар бир айылда,кочолордо жада калса мектептерде кримтоптор тузулуп "понятие" менен жашап калдык.Турмолордо отурган кылмышкерлер диктовать этип отурса,эмнебиз мамлекет? Куч структураларын эмнеге,элдин эсебинен багып отурабыз,андай болсо бардык бийликти "чёрныйларга" бериш керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине