Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Өз жанын ымыркайына берген эне


Кош бойлуу аял газа тилкесиндеги атышууларда каза тапкан.
Кош бойлуу аял газа тилкесиндеги атышууларда каза тапкан.

Газа тилкесиндеги атышууларда кош бойлуу келин каза таап, бирок анын ичиндеги наристе тирүү төрөлгөнүн маалымат агенттиктери кабарлашты. Медицина жана илим жаңылыктарында ушул жана башка окуялар тууралуу кеп болот.

Керемет окуя

Газа тилкесиндеги атышууларда кош бойлуу келин каза таап, бирок анын ичиндеги наристе тирүү төрөлгөнүн маалымат агенттиктери кабарлашты. Төрөт үйүнүн доктору Фади аль Кротенин айтымында, наристе кыздын тирүү калуусу керемет окуя болду. Анткени анын апасы Шейма Канан Израилдин бомба чабуулунан мерт болгонуна 10 мүнөт болгондо ичиндеги кызы төрөлдү. Догдурлар кесарево операция жолу менен бойкат аялдын наристесин тирүү сактап калышты. Доктор Фади аль Кроте адатта энеси өлгөндө бала анын курсагында 5 мүнөттөн ашык гана жашай аларын, анан тумчугуп чарчап каларын айтып, Шейманын кызы бактыга жараша 10 мүнөттөн кийин тирүү төрөлдү дейт. Апасынын урматына кызга жакындары Шейма деп ат коюшту. Азыр ал Газадагы төрөткананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Саламаттыкка жарчы – бак дарак

Американын Токой кызматы илимпоздор менен чогуу изилдөө жүргүзүп, бак-дарактар жылына бул өлкөдө 850 кишинин өмүрүн сактоо менен бирге 670 миң кишинин дем алуу ооруларын азайтып жатканын далилдешти. Абанын булгануусунан улам келип чыккан оорулардан АКШ жылына 7 миллиард доллар зыян тартат. Америкалыктардын 80 проценти урбандашкан аймактарда жашайт. Мындай жагдай астма, өпкөнүн өнөкөт кагынуусу сыяктуу ар кандай дем алуу органдарынын оорусуна жол ачууда. АКШ атуулдарынын саламаттыгын сактап турган негизги фактор – жашыл аймактар жана бак-дарактар. Жалпысы болуп, өлкө аянтынын 34 процентинде дарак өсөт. Пульмонологиялык, кардиологиялык оорулардын санын азайтууга бул жетишсиз деген тыянак чыгарышты адистер.

Парацетамол таасирсизби?

Көптөгөн өлкөлөрдүн догдурлары бел ооруган бейтаптарга жазып берген Парацетамол дарысы таасирсиз экени аныкталды деп кабарлайт Lancet басылмасы. Бел жана омуртка оорулары менен дүйнөдө миллиондогон киши жабыркап, алардын көпчүлүгү туура эмес дарылануудан улам майып болуп калышууда. Британияда эле бели ооругандардын саны 26 миллион.

Сидней университетинин окумуштуулары 1 650 кишиге парацетамол дарысын тажрыйба жүргүзүп, алардын бел оорусун бул дары баспаганын жана уктаганга жардам бербегенин аныкташты. Профессор Кристофер Уильямс догдурлар парацетамолду алгачкы жардам берүүчү дары катары жазып бергенде мындан ары жакшылап ойлонушу керек дейт. Парацетамолго бел оорусу басылбаган кишилер сөзсүз түрдө адис менен кеңешип, альтернативдүү дарыларды тандоосу зарыл дешет окумуштуулар.

Шизофрениянын жаӊы гени табылды

Психиатриядагы эң олуттуу оорулардын бири болгон шизофрениянын 100дөн ашуун жаңы генин окумуштуулар табышты. АКШнын Акыл оорулары боюнча Улуттук институтунун окумуштуулары шизофрения менен жабыркаган 37 миң кишини изилдеп, алардын ДНКсынан соо кишилерден айырмаланган 128 генди табышты. Бул илдет менен жабыркаган бейтаптарды дарылоого дүйнө жүзүндө жылына 12,5 миллиард фунт стэрлингдик каражат жумшалат деп жазат Британиянын Independent журналы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG