Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Обама аарыларды коргоого алат


Дүйнөдө соңку кезде аарылар азайып баратканы айтылууда
Дүйнөдө соңку кезде аарылар азайып баратканы айтылууда

Америкада балчылар былтыр аарыларынын 40 пайызын жоготуп алышкан. Ушундан улам президент Барак Обама бал аарыларын коргоо боюнча атайын мамлекеттик деңгээлдеги программаны баштамай болду.

Мындан ары өсүмдүктү чаңдаштыруучу жапайы аарылар да коргоого алынат. Учурда окумуштууларга аарылар жактырган өсүмдүктөрдү өстүрүү сунушталууда. Адистер соңку кезде аарылардын массалык кырылуусуна уюлдук байланыш менен интернеттин магниттик толкундары себеп болууда дешет.

Бишкектин фито-санитардык дарыгери Шамен Сыдыков да “Азаттыкка” Кыргызстанда аарылар азайып жатканын, аларды коргобосо кесепети оор болуп каларын эскерткени бар.

Жаныбарлар аутисттерди жалгызсыратпайт

Аутизмден жабыркаган балдар жаныбарлар менен аралашса коркуу сезими азаят дешет АКШ окумуштуулары. Алар өзгөчө 38 бала менен 76 соо балага атайын изилдөө жүргүзгөн. Атайын деңиз торопойлору менен ойнотуп, 10 мүнөттөн чогуу китеп окутушкан. Аутист балдар коомго жана теңтуштарына аралашкан кезде коркуу сезими менен жашайт. Ал эми жандыктар менен мамиле курганды үйрөнгөндөрү коомго оңой аралашып, коркуу сезимин жеңгени байкалган.

Изилдөө Developmental Psychobiology журналында жарык көрдү. Эми окумуштуулар үй жана жапайы жандыктарды аутизмди дарылоодо пайдаланууну сунушташууда.

Депрессиядан сак бололу

Европанын Кардиология бирикмеси жүрөгү начар адам депрессияга кабылса, бир жыл ичинде каза болуу тобокелдиги барын айтып чыкты. Лондондун Империялык колледжинин окумуштуулары жүрөк талмасын "Заманбап эпидемия" деп атоодо.

Жүрөк талмасы - бул органдын булчуңдары өтө алсыз болуп же катуу чыңалып, канды айланта албай калганда пайда болот. Изилдөөгө алынган бейтаптардын 96 пайызы жүрөк дартына кабылардан мурда депрессия болгону аныкталган. Эгерде адам бул психологиялык абалдан арылбаса, 300 күн ичинде кайрадан талмага кабылып, каза болуп калары эскертилет. Кыргызстанда да акыркы мезгилде жүрөк оорулары аябай көбөйүп, андан өлгөн адамдар 50 пайызды түзөт.

Мээге имплант салынды

Мээни окуган имплант жасалма колду кыймылдата баштады деп кабарлайт Science басылмасы. Калифорниянын Эрик Сорто аттуу тургуну 10 жылдан бери жасалма кол менен жашайт. Бирок ал бул колун кыймылдата алчу эмес. Анын мээсине имплант-чип тагылып, жасалма колдун функциясын өз алдынча башкара алуусуна шарт түзүлдү. Мээге кошулган эки кичинекей сенсор 100гө жакын булчуң нейронун башкарат. Бул изилдөөнүн үстүндө иштеген окумуштуулар тобу мындан ары шал болуп калган, же жасалма колу-буттуу адамдарга жакшы шарт түзүлөт дешүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG