Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Гонконг башчысы нааразыларга жолукмай болду


Гонконгдун администрациясынын жанындагы полиция менен нааразылардын тиреши. 15-октябрь, 2014-жыл.
Гонконгдун администрациясынын жанындагы полиция менен нааразылардын тиреши. 15-октябрь, 2014-жыл.

Гонконг өкмөтү менен демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган студенттердин сүйлөшүүсү эмки аптада болушу мүмкүн.

Бул жөнүндө Гонконгдун администрация башчысы Лян Чжэньин 16-октябрда билдирди. Демонстранттар 2017-жылы Гонконгдун лидери түз шайланып, азыркыдай Бээжиндин көзөмөлүндөгү шайлоочулар коллегиясы тарабынан дайындалбасын деп талап коюуда. Бул акция сентябрдын этегинде башталган. Кытайдын коммунисттик жетекчилиги демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган маанай башка аймактарга да жайылып кетет деп чочулайт.

Акыркы күндөрү Гонконгдун бизнес офистери жайгашкан бөлүгүндөгү нааразылардын саны бир кыйла азайып, тынчый баштаган эле. Бирок 16-октябрда таң азанда полиция Гонконгдун администрация башчысы Лян Чжэньиндин кеңсесинин ныптасындагы чоң жолду бууганга аракет кылган демонстранттарга каршы калемпир жыттуу газ атты.

Гонконг. Нааразылар менен полициянын кагылышуусу.
Гонконгдогу калайман
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Ушул эле шаршемби күнү шаардын ортосундагы Ванчай районунда жүздөгөн адамдар полициянын бир протестчини урганына нааразылык билдирип, полициякананын бет маңдайына чогулду. Алардын айтымында, акцияга жарандык кийимчен полициялардын колуна зоолу салынган демонстрантты сүйрөп келип, жерге топтой таштап койгонун көрсөткөн видеотасма түрткү берген. Ал адам демократиячыл Жарандык партиянын мүчөсү Кен Цян экен. Активисттер ооруканада жаткан Кендин ур-токмоктон көгөрүп шишиген бетинин жана денесинин сүрөтүн социалдык желелерде жарыялап, көчөлөргө илип жиберишти. Бийлик Кенди урган полиция кызматкери иштен четтетилерин маалымдады.

26-сентябрда башталган нааразылык акциясы өтө күчөп турганда көчөгө 100 миңге чейин адам чыккан. Азыр көчөдө күнү-түнү отурган демонстранттардын саны суюлду. Бирок анын өзөгүн түзгөн топ Гонконг өкмөтүн күнү-түнү тик тургузууда.

Гонконгдун лидери Лян Чжэньин 16-сентябрдагы маалымат жыйынында демократиялык реформалар жүргүзүлсүн деген студенттердин башчылары менен сүйлөшүү келерки жумада болорун билдирди. Бирок Лян "сүйлөшүүнүн мазмуну Кытай өкмөтүнүн 31-августтагы чечиминин алкагынан чыкпайт" деп эскертти:

- Борбордук бийликтер Туруктуу комитеттин 31-августтагы чечимин жокко чыгарбасын ачык айтты. Алар ушундай деди. Биз алар менен чогуу добуш берүү укугу бар 5 миллион гонконгдук Гонконгдун тарыхында биринчи жолу 2017-жылы аткаруу бийлигинин башчысы үчүн добуш берүүсү үчүн дагы эмне жасай аларыбызды иликтеп көрөбүз. Мындай эч качан мурда болгон эмес.

Быйыл 31-августта Кытай өкмөтү 2017-жылкы шайлоодо Гонконгдун лидерлигине үч талапкер ат салышат жана аларды Бээжин бекиткен атайын комитет тандайт деп чечкен.

Азыркыга чейин Гонконгдун администрация же өкмөт башчысын негизинен Бээжин бекиткен шайлоочулар комитети тандайт. Гонконг 1997-жылы Британиянын 156 жылдык оторчулугунан кийин Кытайдын ээлигине өткөн.

Гонконгдогу азыркы нааразылык акциясы 1989-жылы Бээжиндин Тяньнмэнь аянтында аёосуз басылган протесттен берки Кытайдагы эң чоң саясий демонстрация. Бээжин жүргүзгөн “Бир өлкө, эки система” саясатына ылайык, Гонконг коммунисттик башкаруудагы Кытайдын башка бөлүктөрүнө караганда кеңири автономиялык укукка жана эркиндикке ээ. Мындай өзгөчө макам 2047-жылга чейин сакталат. Ал макамга жараша, тышкы саясат менен коргоо иши гана Кытайдын жоопкерчилигинде.

7,2 млн. калктуу Гонконг, “Форбс” журналынын жазышынча, миллиардерлердин саны боюнча Нью-Йорктон кийинки экинчи орунда турат. 2013-жылы Гонконгдо 75 миллиардер бар экени айкын болгон.

XS
SM
MD
LG