Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Башкурт: Теракт үчүн бийликти күнөөлөшүүдө


Теракт курмандыгы Коркмаз Тедиктин жакындары
Теракт курмандыгы Коркмаз Тедиктин жакындары

10-октябрь күнү Түркиянын баш калаасы Анкарада жөн-жай тургундар митинг өткөрүп жатканда болгон жарылуудан набыт кеткендердин саны жүздөн ашканы маалымдалууда. Ал арада айрым топтор бийликти террорго каршы чара көрбөдү деп айыптап, митингдерге чыгышууда.

Акыркы кырдаал боюнча “Азаттык” Стамбулдагы Өзүн өзү башкаруу уюмдарынын эл аралык биримдигинин төрагасы Мустафа Башкурт менен маектешти.

“Азаттык”: Анкарадагы жүздөн ашуун кишинин өлүмүнө себеп болгон жардырууга бийлик азыр кайсы тарапты айыптап жатат?

Мустафа Башкурт: Абдан өкүнүчтүү окуя болду. Бийлик азырынча бул терактты ким уюштурду, кимдер ишке ашырды деген суроого так түшүндүрмө бере элек. Изилдеп жатабыз, карап жатабыз деген гана жооптор болууда. Бирөөнү айыптап, баланча топтун кылганы деп так кесе айта элек. Албетте, ар кандай имиштер эл арасында жортуп жүрөт...

Теракт болгон жер. Анкара. 12-октябрь, 2015-жыл
Теракт болгон жер. Анкара. 12-октябрь, 2015-жыл

“Азаттык”: Теракттан кийин окуяны иликтөөдө, күнөөлүүлөрдү табууда коомдо ар кандай ажырым пикирлер айтылууда. Кечээ дагы бир топ киши өкмөттү, бийликти айыптап, демонстрацияга чыгышпадыбы. Бийликке карата азыр түрк коомчулугунун жана медиасынын көз караштары кандай болуп жатат?

Мустафа Башкурт: 7-июндагы шайлоодон мурда дагы майда теракттар болгон. Азыркыдай курмандык саны көп болбосо да, өлкөнүн ар кайсы шаарларында катталган. Бул теракт алдыдагы шайлоого карата болду окшойт. Ким уюштурса да ушул шайлоону бутага алды деп ойлойм.

Митинг уюштуруучулар алдын ала Анкара шаар башкармалыгына, коопсуздук кызматына билдирген экен. Кайсы жерден баштап чыгышарын, чогулушарын кабарлашыптыр. Азыр эми көбү коопсуздук органдары менен өкмөттү күнөөлөп жатат да. Билип туруп тынч митингге чыккан элдин коопсуздугун камсыздай албай койду дешүүдө. Себеби, адамдар капилет эле жөн жерден чыга калып чогулган жок да. Түркиянын ар кайсы аймагынан адамдар барышыптыр. Анан поезд токтогон чоң вокзалдан Анкаранын борбордук аянтына чейин жөө жүрүш жасашмак экен. Теракттын өзү ошол станцияда болуп жатат.

Бийлик болсо "күч органдары митинг өтө турган аянтты гана көзөмөлдөгөн" деп актанууда. Бүт партиялар, кечээ оппозициянын лидери бул теракттын алдын албаганы үчүн түздөн түз бийликти айыптады.

Терактта каза тапкан жаранды акыркы сапарга узатуу. Диярбакыр. 12-октябрь
Терактта каза тапкан жаранды акыркы сапарга узатуу. Диярбакыр. 12-октябрь

“Азаттык”: Сириядагы оор кырдаал, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун активдүүлүгү күчөп турганда, өлкөдө ушундай окуялар болуп кетет деген божомолдор бар болсо керек?

Мустафа Башкурт: Ооба, себеби медиада, социалдык тармактарда эл көп чогулган жерден абайлагыла деп, теракт болушу мүмкүн деп айтып жана жазып келишкен. Жазылган, эскертилген эле нерсе болчу.

“Азаттык”: Эми ушундан ары Түркиянын Анкара, Стамбул сыяктуу калк жыш жашаган жана туристтери арбын шаарларда элди чочутуп албаш үчүн жана коопсуздук үчүн бийлик кандай чараларды көрүшү керек деп ойлойсуз?

Мустафа Башкурт: Эми кудай сактасын мындай нерсени болтурбоо үчүн өкмөт, бийликтегилер, тиешелүү министрликтер болушунча чараларды көрүшү керек. Бул жерде жеке эле туристтердин коопсуздугу эмес, бүтүндөй Түркия элинин коопсуздугу коркунучта болуп жатат. Акыркы жылдардагы күтүлбөгөн чоң терактка жана оор жоготууга учурадык. Эми муну кайталабаш үчүн бийлик тиешелүү иштерди токтоосуз аткарышы керек деп ойлойм.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG