Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Иран: диниятчы интернетти исламга каршы койду


Аятолла Насер Макарем Ширази.
Аятолла Насер Макарем Ширази.

Ирандагы даражасы улук диниятчылардын бири Насер Макарема Ширази жогорку ылдамдыктагы мобилдүү интернетке каршы чыгып, ал өлкөдө кеңири жайылып кете электе чектөөнү бийликтен талап кылды.

Шииттердин көбү кумир туткан Макарем Ширазинин көз карашы боюнча интернет желесинин ашыкча жайылышынан улам, исламга каршы тасмалар жана башка зыян материалдар жаштардын колуна тийиши мүмкүн.

Аятолланын мындай билдирүүсүнө атайын интернет-активисттер тобунан келген кайрылуу себеп болгон. Анда бийлик Ирандагы интернетти көзөмөлдөгөн орган - Кибермейкиндик боюнча жогорку кеңеш менен биргеликте иш алып баруусу керектиги жазылган.

“Бийлик бул программанын бир эле каржы тарабын карабай, анын диний интеллектуалдык жана академиялык эркиндик тарабына да көз салышы керек”, - деген Макарем Ширази юстиция органдарынын кызматкерлери дагы бул маанилүү маселени чечүүдө четте турбашы керектигин билдирди.

Аятоллага келген кайрылууда интернет активисттер Ирандын Байланыш министрлиги жакын арада жогорку ылдамдыктагы интернет кызматын көрсөтүү боюнча лицензияны бир топ байланыш операторлоруна бере тургандыгын жазышкан.

Буга чейин мындай кызматты “Ригтел” байланыш оператору эле көрсөтүп келген. Акыркы бир нече жумада 3G мобилдик интернет кызматын көрсөтүү лицензиясына дагы эки компания ээ болду. Антсе дагы Ирандын мобилдик абоненттеринин аз гана бөлүгү бул кызматты колдонушат.

Жогорку ылдамдыктагы интернетке каршы чыккан активисттер тобу анын жайылышы менен моралдык жактан туура эмес тасмалар жаштарга жеткиликтүү болуп каларын, алар "үй-бүлөлүк баалуулуктардын бузулушуна” түрткү болуп, “чыккынчылыкка жана мамлекеттик жашыруун маалыматтардын сатылышына” жол ачарын айтышууда.

Бир жыл мурун бийликке келген Ирандын президенти Хасан Роухани интернеттеги цензураны азайтып, ирандыктарды жетиштүү маалымат менен камсыздоого убада берген. Президент элге берген убадасын аткаруу аракетин көргөн сайын, анын иштери сынга алынып жатканын азыркы абал ачык көрсөтүүдө.

Роухани өзү өлкөдөгү интернетти көзөмөлдөгөн Кибермейкиндик боюнча жогорку кеңештин жетекчиси эсептелет.

Ширазинин айтымында, бийлик дал ушул кеңеш менен бирдикте иш алып барышы кажет. Деген менен чечимди жалгыз Роухани кабыл албайт. Кеңештин курамында Ирандын юстиция органдарынын жетекчиси, Ислам революциясынын сакчыларынын лидери жана мамлекеттик телерадиокомпаниянын башчысы бар.

Интернетти көзөмөлдөөчү орган 2012- жылы улуу аятолла Али Хаменеинин буйругу менен негизделген. Анын айтымында, ирандыктар маалымат жана коммуникация технологияларынан тараган зыяндан алыс болушу абзел.

Ал эми ушул жылдын башында президент Роухани интернетти коркунучтун булагы эмес, тескерисинче, жакшы мүмкүнчүлүк катары кабыл алууга чакырган.

Ирандын IRNA маалымат агенттиги 20-майда Роуханинин «Биз интернетти жакшы мүмкүнчүлүк катары кабыл алып, биздин жарандарыбыздын дүйнөлүк тармакка кошулуу укугун колдошубуз керек” деп айтканын билдирген.

Аятолла Макарем Ширази 3G мобилдүү интернетке биринчи жолу каршы чыгып жаткан жок. Ал өткөн жылы видеосүйлөшүүлөрдүн пайдасынан зыяны көп деп чыкса, бул жолку сөзү дагы интернет колдонуучулардын нааразылыгын жаратты.

“Биз ансыз деле текшерилип турабыз. Дагы эмнени каалайсыңар?”,- деп бирөөсү жазса, дагы бир ирандык “интернет бизге тамак менен суудай эле керек”,- дейт.

“Биздин артта калган өлкөдө бардык нерсенин жаман жагын гана көрүшөт. Мындай логика менен жашасак, анда жүзүм да «арам» деп саналышы керек, анткени андан шарап жасоого болот эмеспи”, - деп үн кошот дагы бир интернеттин күйөрманы.

Айрым ирандыктар аятолла өзү жакшы түшүнбөгөн иштерге киришпей эле койгону оң деген пикирди билдиришти.

XS
SM
MD
LG