Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Керринин Эр-Рияддагы миссиясынын максаты


АКШ Мамкатчысы Жон Керри Сауд Арабиянын королу Салман менен. 5-март, 2015
АКШ Мамкатчысы Жон Керри Сауд Арабиянын королу Салман менен. 5-март, 2015

АКШ Мамкатчысы Эр-Риядда Перс булуңундагы Кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерине Ирандын ядролук программасы жөнүндөгү сүйлөшүүнүн макамы тууралуу маалымат берди.

Жон Керри Сауд Арабияга Швейцариянын Монтре шаарынан 4-мартта кечинде учуп келген. Монтреде Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифтин Тегерандын ядролук программасы боюнча үч күндүк сүйлөшүүсү болгон.

Жон Керри Эр-Риядда Перс булуңундагы Кызматташуу кеңешине мүчө -Сауд Арабия, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар жана Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министрлерин Иран менен түзүлчү ядролук келишим регионго бейстабилдүүлүк алып келбейт деп ишендиргенге аракет кылат. Бул жөнүндө АКШдагы расмий булактар Керринин визити алдында маалымдашкан. Ал Эр-Риядда Саудиянын падышасы Салман менен да кездешет.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф (солдо) жана АКШ Мамкатчысы Жон Керри.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф (солдо) жана АКШ Мамкатчысы Жон Керри.

​Израил сыяктуу эле Перс булуңундагы сунни араб мамлекеттери Иран ядролук куралга ээ болсо, региондогу шиит-мусулмандары арасындагы таасирин күчөтөт, аймак бейстабилдүү болот деп кооптонот.

Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн Тегерандын Сирия президенти Башар Асад башындагы режимди колдогону, Иранга таянган шиит козголоңчулардын Йемендин борбору Сананы басып алганы кыжаалат кылууда. Аларды Ирандын Ирак армиясына “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандарына каршы күрөштө аскерий жактан кантип көмөктөшүп жатканы да чочулатат.

Иран башынан эле ядролук программа электр энергиясын өндүрүүнү жана медициналык изилдөөлөрдү гана көздөйт деп ырастап келет.

Бирок, Улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги - МАГАТЭнин айтышынча, Тегеран Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимге ылайык өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткара элек жана эл аралык инспекторлордун өлкөнүн ядролук объектилерине мониторинг жүргүзүүсүнө мүмкүндүк бербей жатат.

Керри 4-мартта Швейцариядан Сауд Арабияга учар алдында жасаган билдирүүсүндө Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен Монтреде болгон акыркы 10 сааттык сүйлөшүүнү “өтө катаал” деп сүрөттөдү.

- Башынан эле бул сүйлөшүү катаал жана ургалдуу болду... Биз айрым жылыштарды жасадык, бирок ортодо маанилүү ажырым бар жана алгылыктуу кадам жасалышы керек. Сүйлөшүүнүн максаты кандай гана болбосун келишимге жетүү эмес. Максат ар кандай сынга жооп берчү туура келишимге жетүү.

Жон Керри эч ким Иранга биз айткандын баарына макул болушуң керек дебегенине, мындай талапты Р5+1 группасы да колдобосуна токтоло кетти.

Швейцариядагы сүйлөшүү Ирандын уранды байытуу программасын токтотуу боюнча P5+1 өлкөлөрүнүн дипломаттык аракетинин бир бөлүгү. Айтылган топко БУУнун Коопсуздук Кеңешинин вето укугуна ээ беш мамлекети: АКШ, Британия, Орусия, Кытай, Франция жана Германия кирет.

Ирандагы Бушер АЭСинин көрүнүшү, 26.10.2010
Ирандагы Бушер АЭСинин көрүнүшү, 26.10.2010

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф 4 - марттагы сүйлөшүүдөн соң өкмөттүк Press TV каналына берген интервьюда тараптар келишимге жеткенге жакын калганын белгиледи.

- Биз келишимге жеткенге жакынбыз. Аягына чекит коюшту талап кылган олуттуу суроолор бар. Бирок бул биз алга жылууга жарамсызбыз дегенди билдирбейт.

Зариф сүйлөшүүнү болтурбоо үчүн ар кандай калпты жамынып, чуу салып жаткан уруш отун күсөгөндөр бар экенин, алар келишимге жетишкенге ылайыктуу жагдайдын түзүлүшүнө жолтоо болуп жатканын да кошумчалады. Ал бирок бул күчтөр ким экенин атабады.

Жон Керринин жардамчыларынын айтымында, Иран жана P5+1 тобу арасында саясий келишимге тараптар марттын аягында жетүүсү үчүн дагы бир топ тоскоолдуктар бар. Тараптар макулдашкандай, Ирандын ядролук программасы боюнча жыйынтыктоочу келишимге 30-июнда кол коюлууга тийиш.

XS
SM
MD
LG