Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Керри: Ядролук сүйлөшүүдө "чыныгы прогресс" болду


АКШ мамкатчысы Жон Керри Венада журналисттерге сүйлөп жатат, 05.07.2015
АКШ мамкатчысы Жон Керри Венада журналисттерге сүйлөп жатат, 05.07.2015

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдө акыркы бир нече күндө “чыныгы прогресс” болду. Бул жөнүндө АКШ мамкатчысы Жон Керри 5-июлда Венада билдирди.

Бирок Керри кээ бир татаал суроолордо али күтүлгөндөй жылыш жок экенин баса белгилеп, “биз али сүйлөшүүдө жетчү жерге жете элекпиз” деди.

Жон Керри Тегерандын талаштуу ядролук программасына байланыштуу билдирүүнү Венада Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен 5-июлда болгон сүйлөшүүдөн соң жасады. Ал дүйнөнүн бакубат алты өлкөсү Иран менен ядролук келишим түзүүгө жарамдуу же жарамсыз экенин эл аралык коомчулукка айкын кылчу убакыт “дарбаза кагып” турганын да кабарчылар менен кездешүүдө баса айтты:

- Бул биз келишим түзө алабызбы же жокпу, аны көрсөтчү убакыт. Бул сүйлөшүү бир нече жылдан бери жүрүп жатты жана акыркы бир нече күндө, ырасында эле, чыныгы прогресс жасалды. Бирок мен баарыңыздарга ачык айтып койгум келет - биз айрым татаал суроолор боюнча жетчү жерге жакындай элекпиз.

Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүгө бир жагынан Иран жана экинчи жактан Р5+1 деп аталган дүйнөнүн кубатуу алты державасы катышууда. Береги алтылыкка БУУнун Коопсуздук кеңешинде чечүүчү добушка ээ беш мамлекет: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

Алар Ирандын ядролук программасы боюнча кортунду келишимдин жоболорун 30-июнга чейин макулдаша албай калган. Ошон үчүн сүйлөшүү 7-июлга чейин узартылган жана кортунду келишимге 7-июлда кол коюлууга тийиш.

Жон Керри ошондой эле Жавад Зарифтин тараптар буга чейин “келишим түзүүгө эч качан азыркыдай жакын турган эмеспиз” деген сөзүн кош колдой колдогонун, макулдашылган мөөнөттө кол коюу үчүн сүйлөшүүнүн катышуучулары тыным албай иштей турганын билдирди:

- Биздин максатыбыз өзүбүз чектеген убакытта бүтүү жана ага жетишүү үчүн мүмкүн болушунча аракет кылабыз.

Жон Керри көңүлгө толбогон келишимди түзүүнү Вашингтон каалабасын, эгер компромисс табылбаса, АКШ сүйлөшүүнү таштап кетээрин да эскертти.

Мурдараак ядролук сүйлөшүүдөгү ирандык делегациянын башчысы Аббас Аракчи Тегеранга каршы эл аралык санкцияларды алып салуу, анын ичинде санкцияларды токтотуу ырааты боюнча “төрт-беш” маселени жөндөө оор болуп жатканын айткан болчу.

Р5+1 тобу Иран ядролук активдүүлүгүн токтотсо гана санкцияны алып салууга макул. Ал үчүн биринчиден, Иран болочокто ядролук обьектилеринде Эл аралык атомдук агенттик - МАГАТЭнин инспекторлорунун мониторинг жүргүзүүсүнө жолтоо болбошу керек. Ал эми Ирандын буга чейинки ядролук ишмердиги боюнча докладды эгер Тегеран кызматташса, МАГАТЭ жыл аягында жарыялоого даяр экенин атомдук агенттиктин башкы директору Юкия Амано 4-июлда кулак кагыш кылган.

Экинчиден, Иран байытылган урандын негизги бөлүгүн чет өлкөдө сактаганга “ооба” деш керек. Батыштын жана ирандык дипломаттардын айтымында, Тегеран мурда буга “жок” деп жатса, азыр макул.

Үчүнчүдөн, Иран уранды байытуучу центрифугаларды пайдаланып, илимий иштерди улантууга ураксат берүүнү талап кылууда.

Сүйлөшүүгө катышкан орусиялык дипломаттын сөзүнө караганда, техникалык тиркемелерди кошуп эсептегенде 20 барактык келишимдин 90% “үтүр, чекитине” чейин даяр болгон.

Маалымдалгандай, келишимдин эң катаал бөлүгүн 7-июлга чейин иштеп чыгууга атайын Венага Р5+1 өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери келген.

XS
SM
MD
LG