Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Иран: ядролук программа боюнча сүйлөшүү бир аптага узарды


Германиянын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Франк-Вольтер Штайнмайер (солдо) менен Сергей Лавров (оңдо) Венадагы ядролук сүйлөшүү учурунда. 30-июнь, 2015
Германиянын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери Франк-Вольтер Штайнмайер (солдо) менен Сергей Лавров (оңдо) Венадагы ядролук сүйлөшүү учурунда. 30-июнь, 2015

Иран жана Р5+1 тобу Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча корутунду келишимге 7-июлга чейин жетишүүнү макулдашты.

Бул тууралуу АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Мари Харф 30-июнда жарыялады. Себеби тараптар Венадагы сүйлөшүүдө мурда такталган мөөнөттө 30-июндун түн ортосуна чейин бир бүтүмгө келе алышкан жок.

Р5+1 тобуна АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

Бул өлкөлөр Иранды ядролук программасын чектөөгө ынандырып, анын ордуна Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкцияларды алып салууга көндүрүүнүн аракетин көрүшүүдө. Сүйлөшүүгө АКШ мамкатчысы Жон Керри, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Евробиримдиктин өкүлдөрү жана башкалар тартылган.

30-июнда Венада Лавров Керри менен сүйлөшкөндөн кийин “Сүйлөшүүдө кырдаал туура багытта кетүүдө. Техникалык эмес, көбүн эмес процедурага байланыштуу суроолор калууда. Бизде натыйжага жетебиз деп боолгогонго толук негиз бар,” деп билдирди.

Жогоруда аталган алты чоң держава Тегеран ядролук программасын согуш максатында пайдаланышы мүмкүн деп кооптонушат. Иран өз кезегинде атомдук курал жасоого умтулбаганын айтып жүрөт. Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеран менен Батыш ортосундагы талашка 12 жылга аяк басты. Мамдепартаменттин өкүлү билдиргендей, тараптар 7-июлга чейин корутунду келишим боюнча бир бүтүмгө келиши абзел.

XS
SM
MD
LG