Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

ИМ Ирактагы тарыхый жайды талкалоодо


Нимруд
Нимруд

“Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери тарыхый эстеликтерди кыйратууну улантышууда. Ирактын өкмөтү согушкерлер байыркы Ассирия мамлекетинин борбору Нимруд шаарынын урандыларын бульдозер менен сүрдүрүп жатышканын билдирди.

Туризм жана байыркы эстеликтер министрлигинин маалымдашынча, жума намазынан кийин согушкерлер тарыхый жайды жок кылууга киришти.

Мосул шаарынан алыс эмес жерде орун алган байыркы эстеликтерди сүрдүрүү үчүн бульдозер, жүк ташыган машинелер алынып келген. Байыркы Месопотамия, азыркы Ирактын аймагында, Тигр дарыясынын боюндагы Калху деген аталыш менен бегилүү тарыхый шаарча мындан 3 миң 300 жыл мурда түптөлгөн. Ал ассирлердин дооруна таандык эң баалуу эстеликтердин катарына кирет.

ЮНЕСКОнун башкы директору кийин арабча Нимруд деп аталып калган шаардын эстеликтерин бүлүндүрүү согуш кылмышы катары сыпатталарын билдирди.

Байыркы шаардын орду, Ирак.
Байыркы шаардын орду, Ирак.

- Үн катпай отура албайбыз. Маданий мурасты атайылап талкалоо согуш кылмышы болуп эсептелет. Региондогу бардык саясий жана диний лидерлерди бул жапайчылыкка каршы турууга чакырат элем, - деп жазылган Ирина Бокованын билдирүүсүндө.

Өткөн жумада “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери барскандар менен куралданып алып, Мосул шаарынын музейинде байыркы ассирлердин айкел, тарыхый скульптуралардын таш-талканын чыгарып жатканы тартылган видеону интернетте жарыялашкан.

Ошондо Бокова согушкерлер маданияттын бириктирүүчү күчүнөн арылууну, бөлүп-жаруу, коркуу сезимин жайылтууну көздөшөт деген:

- Бул трагедияны маданий гана эмес олуттуу коопсуздук маселеси деп кабыл алыш керек. Террорчулар адамзаттын мурастарын жок кылуу менен кырдаалды дестабилдештирүүнү, калкка өз көз караштарын таңуулоону, үстөмдүгүн орнотууну максат кылышат.

Археологдор жана байыркы мурастар боюнча эксперттер муну 2001-жылы Ооганстандагы Бамиян буддаларынын талиптер тарабынан кыйратылышы менен салыштырышууда.

Согушкерлер январда Мосулдун борбордук китепканасында сакталган миңдеген жыл тарыхы бар кол жазмаларды өрттөп жиберишкен.

Ирак бийлиги радикалдар өткөн жайда ээлеп алган түндүк аймактардагы байыркы эстеликтерди жок кылууну улантышат деп чочулайт. Адистердин баамында, согушкерлер көзөмөлдөгөн жерлерде 2 миңге жакын тарыхый археологиялык жайлар, анын ичинде ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Хатра шаары бар.

Согушкерлер эски айкелдер менен күмбөздөрдү "сыйынуучу буркан" деп атап, аларды исламга каршы келген көрүнүш катары талкалаш керек дешет.

Нимруддун калдыктарын казуу иштери 19-кылымдан бери жүргүзүлүп келатат. Археологдор ал жерде чеп, ибадаткана, көптөгөн айкелдердин урандыларын, чегилген таштардын, хан сарайдын боорундагы барельефтердин фрагменттерин табышкан.

1988-жылы казылып алынган байыркы сейрек зергердик буюмдардын коллекциясы Ирактын улуттук музейине коюлган. Бирок көп узабай асыл таш, алтындан жасалган буюмдар ал жактан алынган. Тарыхый артефакт 2003-жылы АКШ аскерлери Иракка киргенден кийин болгон талап-тоноо учурунда сакталып калган.

Нимруд. Ирак
Нимруд. Ирак

Маалыматтарга караганда, коллекция учурда Ирактын борбордук банкында сакталууда.

Нимруддагы көпчүлүк баа жеткис байыркы буюмдарды Мосул, Багдад, Париж, Лондон өңдүү шаарлардын музейлеринен көрсө болот.

Бирок чегилген чоң таштар, барельфтер, ламассу же башы адамдыкындай канаттуу букалардын скульптуралары ошол жерде эле калган.

Нимруд биздин доорго чейинки 13-кылымда Салманасар Биринчи тарабынан негизделген. Андан 400 жыл өткөндөн кийин шаар Ассириянын борбору болуп калган. Биздин доорго чейинки 612-жылы мидиялыктар менен халдейлердин уруулары аны талкалап салышкан.

Шаардын урандылары 360 гектар жерде жайгашкан.

Ал аймакта бүгүнкү күндө да көбү христиан ирактык ассирлер жашайт. Өткөн жайда “Ислам мамлекетинин” согушкерлери алар мусулманчылыкка өтпөсө, өлтүрүлөт деп коркутушкан.

Ал тапта Ирактын коопсуздук күчтөрү жана эл аралык коалиция радикалдар ээлеп алган жерлерди кайтаруу аракеттерин улантышууда. Учурда Багдаддан 100 километрдей алыс орун алган Тикрит шаары үчүн уруш жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG