Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

"Ислам мамлекети" аймагын кеңейтүүдө


БУУнун башкатчысынын Сириядагы атайын чабарманы Стэффан де Мистура ИМ Иракта жана Сирияда ээлеген аймактын картасын көрсөтүүдө. Женева. 15-январь 2015
БУУнун башкатчысынын Сириядагы атайын чабарманы Стэффан де Мистура ИМ Иракта жана Сирияда ээлеген аймактын картасын көрсөтүүдө. Женева. 15-январь 2015

“Ислам мамлекети” радикал тобунун согушчандары 22-майда Ирактын батышындагы Анбар провинциясындагы Хусейба шаарчасын да ээлешти.

Бир жума мурда Ирак армиясы бул провинциянын борбору Рамадини халифатчыларга калтырып кеткен. Шаршемби күнү жихадчылар коңшулаш Сирияда байыркы Палмира шаарын өкмөттүк күчтөрдөн тартып алган.

Ирак өкмөтү Анбар провинциясын акырындап колдон чыгарууда. 22-майда өкмөттүк күчтөр ок-дарысы түгөнгөндөн улам Хусейби шаарчасын согушчандарга калтырып кетти. Бул шаарча провинциянын административдик борбору Рамадиден 7 чакырым алыста жайгашкан. Рамадини “Ислам мамлекети” тобу, же арабча айтканда, ДАИШтин желдеттери бир жума мурда басып алган болчу.

Бир күн мурда даишчилердин колуна ушул провинциянын Ирак-Сирия чек арасындагы ал-Валид бекети да өткөн.

Бул окуялардын илеби Иорданияда өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумга да жетти. Ирактын вице-премьер-министри Салех ал-Мутлаг 22-майда Аммандагы жыйындан тыш убакта "Ислам мамлекети" маселеси чөлкөмдүн чегинен чыкканына көңүл бурду:

- ДАИШ менен салгылашуу жергиликтүү маселе болбой калды. Эл аралык коомчулук же бул коркунуч бизден алыс деп ишенгендер айкын стратегия иштеп чыгышы абзел. ДАИШ менен күрөшүүнүн стратегиясы болбосо, бүтүн дүйнөгө коркунуч жаралат.

Бирок Вашингтондогу Ирак борборунун жетекчилеринин бири Ахмед Алимайдын пикиринче, жихадчылардын Рамадини алганы Анбар провинциясы колдон чыкты дегенди түшүндүрбөйт. “Себеби Ирак өкмөтү аймактагы маанилүү аскердик инфраструктураларды, анын ичинде эки авиабазаны дале көзөмөлдөөдө”,-деп жазат А. Алимай “Нью-Йорк Таймс” гезитиндеги макалада.

Б.з.I-II кылымдарында курулган Палмиранын шаарынын урандылары. Учактан тартылган сүрөт. 13-январь 2009
Б.з.I-II кылымдарында курулган Палмиранын шаарынын урандылары. Учактан тартылган сүрөт. 13-январь 2009

Жихадчылар 20-майда Сириянын ортолугундагы байыркы Палмираны да ээлешти. Алар шаардын археологиялык дөөлөттөрүн кыйратып, эстеликтерини тоношу ыктымал деп кооптонгон ЮНЕСКО эл аралык коомчулукту Пальмираны сактап калууга чакырды.

“Биз жалпы эл аралык коомчулукту мобилизациялообуз зарыл,- деп кайрылды 21-майда ЮНЕСКОнун башкатчысы Ирина Бокова. - Биз Нимруд, Хатрадагыдай кыйратуулардын, Мосул музейиндегидей талап-тоноолордун кайталанышын каалабайбыз”.

Соңку бир аптада даишчилердин Ирак жана Сириядагы стратегиялык жактан маанилүү сунни калктуу эки шаарды ээлегени - расмий Багдад жана Дамаск үчүн чоң жоготуу. Анткени Ирактын башка жерлериндеги сунни азчылыктары ДАИШке каршылык көрсөткөндөн мурда “жети мертебе ойлончу болот”, - дейт "Рейтерс" агенттигине Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Хасан Хасан.

Батыш агенттиктеринин маалымдашынча, жихадчылар азыр Ирактын жана Сириянын үчтөн бир бөлүгүндө өз бийлигин орноткон. Бул территориядагы мунай кендери, кара май иштетүүчү ишканалар жана айыл чарба жерлери да алардын башкаруусуна өткөн.

ДАИШтин Ирак жана Сириядагы баш кеңсеси, АКШда чыкчу Foreign Policy журналынын чалгындоо кызматтарына шилтеп жазышынча, Египеттеги, Тунистеги бучкактарын каржылап, Нигериядагы "Боко Харамдын" согушчандарына кеп-кеңеш берет.

Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия жана Африкада жайылып бараткан “Ислам мамлекети” тобунун желдеттерине каршы күрөшүү 2-июнда Парижде өтчү жыйында талкууланчу негизги маселе болот.

XS
SM
MD
LG