Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

“Багдадиге ант бергендер бар”


“Ислам мамлекети” радикал уюшмасынын мүчөсү. Ирак.
“Ислам мамлекети” радикал уюшмасынын мүчөсү. Ирак.

“Ислам мамлекети” радикал уюшмасы Кыргызстан үчүн да олуттуу коркунуч жаратат. Бул тууралуу 22-октябрда Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө айтылды.

Ага катышкан коопсуздук жана дин жаатындагы эксперттер бийликти жарандардын Сириядагы согуштук аракеттерге баруусуна жол бербөөгө, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууга чакырышты.

Президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Замир Турсунбековдун айтымында, бул уюмдун өз курамына Борбор Азия чөлкөмүн кошуп алуу планы бар:

- “Ислам мамлекети” тобу Кыргызстан үчүн өтө олуттуу коркунуч жаратат. Бул уюмдун башкы "халифи" деп жарыяланган Абу Бакр Багдади Орто Азияны, анын ичинде Кыргызстанды "Ислам мамлекетинин" бир вилаети же бөлүгү катары жарыялаган. Ага Кыргызстандагы айрым жарандар интернет аркылуу ант бергени да жашыруун эмес. Мындан сырткары бул уюмга кошулуп кете турган ар кыл деструктивдүү күчтөр, “Хизб-ут-Тахрир” уюму жана башка такфирчи багыттагы жамааттар да бар.

Кыргызстанга үй-бүлөсү менен качып келген сириялык качкын.
Кыргызстанга үй-бүлөсү менен качып келген сириялык качкын.

Негизи Сирия жана Ирактын бир катар аймактарын басып алып, согушуп жаткан “Ислам мамлекети” радикал уюшмасынын Кыргызстанга коркунучу ал уюмдун катарында кыргыз жарандары согушуп жүргөнү дайын болгон соң өзгөчө айтыла баштаган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, учурда жүздөн ашык кыргыз жараны Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүрөт. Алардын сегизи мерт кеткени да кабарланган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Турсунбеков иш жүзүндө Сирияга кеткендерин саны көп болушу мүмкүн деген ойдо.

- Негизи 100дөн ашык деп айтылган. Бирок өлкөнүн түштүк аймактарында биз жүргүзгөн атайын мониторингдин жыйынтыгына карасак, андан да көп болушу мүмкүн деп ойлойбуз. Так санын билүү кыйын болуп жатат. Анын үстүнө Орусияда, Түркияда жана Перси булуңунун жээгинде иштеп жүргөн кыргызстандыктар да кеткен учурлар болууда. Аны биз көзөмөлдөй албайбыз. Жалпысынан мындай көрүнүш, ал жакка барууга үгүттөө токтобой жатат.

Сабатсыздык-башкы коркунуч

Жогорудагы пикирге Бишкектеги талкууга катышкан дин жана коопсуздук жаатындагы эксперттер да кошулат. Маселен, Бишкектеги Стратегиялык талдоо жана божомолдоо институтунун диний коопсуздук боюнча эксперти Аман Салиевдин айтымында, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү менен гана жарандарды бул уюмдун таасиринен коргоп калууга болот:

- Бул жерде негизги аракетти адамдарды агартуу, түшүндүрүү иштерине жумшашыбыз керек болуп турат. Буга өлкөдөгү ресурстар жетиштүү эле. Бардык эле намаз окугандар, ислам динине ишенгендер ушул уюмду колдойт деп ойлойсуңарбы? Андай эмес. Тескерисинче, ал жакка дин тууралуу түшүнүгү тайкы адамдар кетип жатат. Көпчүлүк жарандарыбыздын Сирияда эмне болуп жатканы, "Ислам мамлекети" деген эмне, анын максаты тууралуу эч кандай маалыматы жок.

Ал эми Кыргызстандын коопсуздук боюнча мурунку вице-премьер-министри, генерал Токон Мамытовдун пикиринде, бул уюшманын тескери таасирине Кыргызстан жалгыз туруштук бере албайт. Ошондуктан аталган коркунучту алдын алуу үчүн ЖККУ алкагында биргелешкен аракеттер көрүлүүгө тийиш:

- Учурда мындай коркунучка Кыргызстан жалгыз туруштук бере албайт. Бул жаатта ЖККУнун алкагында биргелешип күрөшүү зарыл. "Ислам мамлекети" уюму ошол аймактагы баш аламандыктардан улам жаралган уюм. Ал күчтүү. Аны менен күрөшүү үчүн бирдиктүү чара көрүү керек.

Сестенткен "динчил каралар"

Ошондой эле эксперттер "Ислам мамлекети" сыяктуу уюмдардын таасирин азайтуу үчүн кылмыш топтору менен да күрөштү жандантуу керектигин билдирүүдө. Эксперт Марс Сариевдин айтымында, учурда кылмыш топтору диний радикал уюшмалар менен жуурулушуп калган. Ошондуктан өлкөдөгү диний жана кылмыштуу топтордун тизгинин тартпаса, алар "Ислам мамлекети" сыяктуу радикал уюмдарга курал болушу мүмкүн:

- Азыр түрмөлөрдө диндин таасири аябай күчтүү. Абакта отурган салафиттик-экстремисттик топтордун мүчөлөрү ал жакта радикал идеяларды бат эле жайылтышат. Бул жерде коркунуч эмнеде? Кылмыш дүйнөсүнүн өз алдынча мыйзамдары бар. Диний уюмдар да ушул сыяктуу эле тартип менен иш алпарат. Ушул эки катмар биригип кала турган болсо, абдан чоң күчкө айланат. Анын үстүнө акча да бар. Мисалы, азыр Сирияга идея үчүн эмес, эң алгач акча үчүн кеткендер бар.

Буга чейин укук коргоо органдары радикал топторго каршы күрөш күчөтүлгөнүн кабарлаган.

"Ирак жана Левант ислам мамлекети" радикал уюму Сирия жана Ирактын көпчүлүк мамлекеттерин басып алып, халифат түзгөнүн жарыялаган. АКШ баштаган НАТО мүчөлөрү жана Перс булуңундагы он араб өлкөсү “Ислам мамлекети” уюшмасына каршы сентябрь айында коалиция түзгөн. Ага жакында Түркия кошулган. Коалицияга кирген өлкөлөр учурда жихадчыларга абадан сокку урууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG