Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:24

Борбор Азия

Казакстан: баш ийбеген батыш бийлик чеңгелинде

Батыш Казакстанда полиция менен ишсиз калган мунайчылардын кагылышынан кеминде 15 адам өлүп, 85и жарадар болгондон кийин, бийликтегилер көзөмөлдү колго алышканын айтышууда.

Жаңы-Өзөндөгү абал, 18-декабрь, 2011
Текст көлөмү - +
Бирок азыр киргизилген өзгөчө кырдаал жана бийликтердин катуу көзөмөлү, абалдын улам курчуп баратышы кан төгүүлөрдүн жаңы толкуну башталышы канчалык мүмкүн экенин аныктоого жолтоо болуп жатат.

Казакстанда бир нече айлап өкмөткө нааразылыгын улантып келген мунайчылардын абалына байланыштуу кырдаал 16-декабрда кескин курчуп кетти. Мангыстау регионунда мунайчылар менен полициянын кагылышынан кийин тараптар дагы эле кан төгүүлөргө ким себепчи болгонун аныктай албай жатышат.

Полициянын саны артты

Бийлик болсо жагдайды көзөмөлгө алыш үчүн катуу чараларга барды. Президент Нурсултан Назарбаев нааразылык чыккан Жаңы-Өзөн шаарында өзгөчө абал киргизген жарлыгын чыгарды.

Жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер шаарга бийликтердин жандоочусу менен гана бара алышат. Алардын катарында “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Казис Тогузбаев да бар. Анын айтымында, азыр Жаңы-Өзөндүн көчөлөрүндө полициядан башка эл көрүнбөйт. Полиция болсо көчөдө кимди көрсө документ текшерет.

"Ар бир көчөдө, жолдун четтеринде куралданган ОМОНдун күчтөрү турушат", - дейт кабарчыбыз.

Жаңы-Өзөндө тополоң чыгаары менен сыртка телефон жана интернет байланыштары үзүлгөн. Шаарга кетчү негизги жолду коопсуздук күчтөрү бууп турушат.

Биздин кабарчыбыздын айтымында, демонстранттардын бири менен сүйлөшөм деген бир блоггерди полисмен башына тапанча такап коркуткан. Журналисттердин тобун бийликтер моргго жана борбордук ооруканага алып барышкан экен. Ал жерде жума күнкү башаламандыктарда жарадар болгондор жатышат.

Жагдайды көзөмөлгө алыш үчүн ал жакка өлкөнүн Ички иштер министри Калмухамбет Касымов жиберилген. Кабарчыбыз министр журналисттердин ооруканага киришине араң көнгөнүн, ал жерде оорукананын дарыгери менен гана маекке уруксат бергенин айтты.

Анткен менен бүгүн Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында сүйлөп жатып, казак тышкы иштер министри Эржан Казыханов расмий бийликтер окуя болгон жерде журналисттердин ишине толук шарт түзүп беришкенин айтты.

"Абалды чагылдырууга бүт маалымат каражаттарына уруксат берилген, эч кимге тоскоолдук болгон жок. Журналисттер баардык объектилерге киргенге мүмкүндүк алышты, - деди казак тышкы иштер министри. - Массалык адам өлтүрүүлөр жөнүндөгү маалымат чындыкка жатпайт. Башынан эле Казакстандын өкмөтү жана коопсуздук кызматтары ар бир ишинде толук ачыктыкты камсыз кылып келатышат".

Жаңы-Өзөндөгү окуянын эртеси, ишембиде, Шетпе деген айылда да кагылышта бир адам өлгөнү кабарланды. Ал эми жекшембиде нааразылык толкуну регионалдык борбор эсептелген Актауга да жайылып, жүздөгөн адам демонстрацияга чыкты.

Бүгүн Актауда “Азаттыктын” кабарчысы кайрадан эки миңдей эл көчөгө чыкканын билдирди.

Мунайга бай Маңгыстау регионунда кенчилер быйыл майдан бери эле нааразылык билдирип келишкен. Алар мунай кенинде иш шарттарын жакшыртып, айлык акыны көтөрүп берүүнү талап кылышкан.

Алардын көбүн Жаңы-Өзөндө “Казмунайгазга” караштуу ишкана жай ичи эле иштен айдаган, бирок эл нааразылык акциясын улантып келди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.12.2011 21:30
Казак тугандарга 32 жылы аш койгонбуз.Казактар бизге таш койду.Биз эми аш койолу.Кыргыздан тараган Каракыргыз экенин билишсин биз кыргыз эли айкол элбиз.

кимден: dyikan каяктан: bishkek
20.12.2011 19:20
казакстандын бийлигинин кылганы туура эмес. Эл жон чыкпайт. Назарбаев озунун диктатор экендигин дуйно элине тастыктады. 7-апрелде кыргыз элин тоноочу деп атаганы ошондо эле анын диктаторлук жузун корсоткон.

кимден: кыргыз кан каяктан: бишкек
20.12.2011 14:29
чек-араны жаап сууну бууш керек дегенге такыр кошулбайм.биз казактарга окшош эмеспиз,аларга боордош экенибизди корсотушубуз керек.жамандык корбогон адам жакшылыкты билбейт дейт го аларга сабак болсун.
Пикирге жооп

кимден: Altynai каяктан: Germany
20.12.2011 18:27
Bischkektik kyrgyz kan en tuura aitasyn, saga koschulam.
Jamanga jakschylyk kylsan bul duinodo kaitpasa, oo duinogo barganda kaitat. Koldon kelse echkimden jakschylykty ayiabasch kerek.

кимден: elvira
20.12.2011 13:28
казахстандын өкмөтү журналистерге маалыматты туура берууго тоскоолдук жаратканы демократияга жатпайт. Дуйнолук уюмдар бул нерсеге коз жумбоо керек.

кимден: Эрнур каяктан: Туштук Корея
20.12.2011 09:38
Мына сага казак диктаторунун куну бутойун деп калыптыр. Негизи баарын алмаштырыш керек россиядан Путин Медведевди да кетириш керек. Чойрон кандай болсо турмушун ошондой болот. Кыргыз эли азамат эр журок. Жакынкы коншулар эми бизден улгу алып жатышат, Буйруса кыргызстан коч башында болот!!!

кимден: Жаны Кыргыз каяктан: АКШ
20.12.2011 01:21
"Кулгонду кууп жетет" деген ушул. Шылдындап жатышты эле казактар, эми оздору корсун ошону да. Эгерде абал аябай начарлап кетсе, биз де чек арабызды жаап салышыбыз керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)