Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

"Иракка кеткен уулумду көрүп келдим"


Сириядагы казак согушкерлери.
Сириядагы казак согушкерлери.

Жакында эле Жезказгандык кенчи Мухамедкали Даниханов Иракта согушуп жүргөн уулуна барып жолугуп, "жихадчылардын” жашоосун өз көзү менен көрүп келди.

Анын 27 жаштагы уулу Ержан Даниханов Сатпаев шаарында кенчи болчу, жубайы Жылдыз жогорку окуу жайды артыкчылык менен аяктап, шаардагы колледжде мугалим болуп иштеп келген.

Ушул жылдын февраль айында эки кичине баласын алып жубайлар Алматы аркылуу белгисиз тарапка жөнөп кетишкени маалым болгон. Мухамедкали Даниханов Иракка болгон сапары тууралуу "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Асылхан Мамашулыга айтып берди.

"Азаттык": Уулуңузга качан барып келдиңиз?

Даниханов: Быйыл май айынын этегинде кетип, кайра июндун башында кайтып келдим.

"Азаттык": Сириянын өзүндө болдуңузбу?

Даниханов: Сириянын жанынан өттүм. Балдарым жашаган жер Багдадга жетпей бурулат экен. Ал жердин аталышын так айта албайм, болбойт.

"Азаттык": Уулуңуз шаарда жашайт бекен же айыл жергесиндеби?

Даниханов: Уулум үй-бүлөсү менен биздин эле Сатпаев же Жезказганга окшош Ирак аймагында жайгашкан чакан шаарда турушат экен.

"Азаттык": Ал жакка кайсы өлкөлөр аркылуу бардыңыз?

Даниханов: Түркия аркылуу бардым.

"Азаттык": Түркия - Сирия чек арасын кантип өткөнүңүздү айтып бересизби?

Даниханов: Бул жөнүндө айтып бергеним балдарга жакпай калат. Кесепеттери да мен үчүн жаман болуп калышы мүмкүн. Анткени мен кийинки жылы ал жакка барып, неберелеримдин бирөөн же экөөсүн тең алып келүүнү көздөп жатам.

"Азаттык": Жезказгандан барган башка жердештериңизди Ирактан же Сириядан жолуктура алдыңызбы? Алар чогуу турушат бекен?

Даниханов: Жезказгандык беш-алты адамды көрдүм. Так саны эсимде жок. Ал жактагылар Казакстандын ар кайсы шаарларынан чогулушуптур. Жезказган, Караганда, Алматыдан барышыптыр. Жашырганда эмне, көп жаш балдар набыт кетиптир. Мен алардын сүрөттөрүн көрдүм. Ал жактагылар өзүлөрү деле каякта жүргөнүн билип турушса керек. Айрымдары дайынсыз жоголуп, таппай калышат экен.

"Азаттык": Жихадга кеткендер кандай шарттарда жашаqт экен? Кайсы каражатка?

Даниханов: Жашоо-шарттары жакшы эле экен. Кийим сатып алышат экен. “Тойота” деген жаңы автоунааларды тээп жүрүшөт. Бул жактан андай жаңы машине ала албайсың. Акчаны кайдан алышаарын билбейм. Мен алар үчүн жат кишимин да, түшүнүп турасыңарбы? Бул алардын ички иши. Алар ашыкча эч нерсе сүйлөшпөйт. Согуш жөнүндө гана ойлонушат. Алар урушта жүрүшөт. Эгер тирүү калса жакшы, айрымдары ошол бойдон жан беришет.

"Азаттык": Алар ким менен согушуп жатканын айтышат бекен?

Даниханов: Согуш Сириянын президенти Башар Асад бар жерде жана Багдадда жүрүп жатыптыр. Американын жана Башар Асаддын солдаттары менен согушуп жатса керек. Алардын өзүлөрүнүн жетекчилери - амирлери бар экен. “Халифат” түзөбүз деп айтып жатышты.

"Азаттык": Уулуңузду, неберелериңизди, келиниңизди көрдүңүзбү?

Даниханов: Неберлеримдин жанында болдум. Алар араб, казак тилдеринде окушат экен. Бул жактан барган диплому барлар балдарга үйдөн билим берип жатышыптыр. Атайын мугалим да дайындап коюшкан экен.

"Азаттык": Сиздин уулуңуз сыяктуу эле, Сирияга жихадга кеткен башка балдардын ата-энелери абдан сарсанаа болушууда. Алар балдарын кайра кантип Казакстанга кайтарып келүүнү да ойлонуп жатышат. Сирия жана Иракта жүргөн жаш балдар Казакстанга кайтууну көздөшөт бекен?

Даниханов: Мен өз уулум менен, башка балдар менен да сүйлөштүм. Эч кимдин кайтуу ою жок. Алар Казакстанга кайтып келгендер сот алдында жооп берип, жаза алышканы тууралуу кабардар экен. Балким үй- бүлөлөрү кайтып келишет чыгаар. Эгер каалашса, үй-бүлөлөрүн чек ара аркылуу өткөрүп жиберишет. Жолдо эч кандай маселе болбойт. Ал жактан күйөөлөрү өлгөн жесирлер гана кайтышат окшойт. Эгер балдар кайтып келгенде эч ким тийишпейт деп кепилдик беришсе, алар акырындап баары келишет.

"Азаттык": Уулуңузга барып келгенден кийин укук коргоо органдары суракка чакырыштыбы?

Даниханов: Ооба, аларды менин кайсы жол менен барганым гана кызыктырды. Мага ашыкча эч нерсе айтылган жок. Эгер документтеримдин баары так болсо, чет жакка чыгууда эч кандай маселе болбостугун айтышкан.

"Азаттык": Сиздей болуп жихадга кеткен балдарын издеп, чет өлкөгө барып келген башка ата - энелер бар бекен?

Даниханов: Мен келгенден кийин ал жакка дагы экөө барып келишти. Алар кетээрде менден жетүү жолдору тууралуу маалымат алышкан.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG