Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Казакстан: оппозициялык гезит жабылууда


Алматыда чыгуучу “Ассанди-Таймс” гезитинин нускасы жети жарым миңге жеткен.
Алматыда чыгуучу “Ассанди-Таймс” гезитинин нускасы жети жарым миңге жеткен.

Казакстанда сот чечими менен өлкөдөгү оппозициячыл гезиттердин акыркыларынын бири-“Ассанди-Таймс” жабылуу алдында турат.

Алматынын Медеу райондук соту 21-апрелде чыгарган токтомго ылайык, “Ассанди-Таймс” гезити оппозициялык “Республика” гезитинин бир канаты деп таанылды жана мындан улам өз ишмердигин токтотууга тийиш.

Сот мындай чечимди жарыш сөз аяктагандан жарым сааттан кийин эле чыгарган. Бул тууралуу редакция кызматкерлери социалдык сайттардагы өз баракчаларына жазып чыгышты.

Сот чечиминде “Медеу райондук прокурорунун өтүнүчүн орундатып, “Ассанди-таймс” гезитин “Республика” басылмасынын бир бөлүгү катары таануу керек” деп жазылат.

Бирок редакция өкүлдөрүнүн ырастоосунда, доо арыз жазган тарап сотто “Ассанди-таймс” “Республиканын” басылмасынын структурасында экенин бир дагы далил менен көрсөтө алган эмес.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысына Медеу райондук соту гезити иши боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

“Ассанди Таймастын” редактору Сергей Дуванов “сот бийликтин түздөн түз буйругун аткарып жатат” деп эсептеп, кийинки инстанциядагы сотко аппеляциялык арыз жазуудан эч майнап чыкпасын айтууда:

- Бул жерде жогору жактан буйрук болгону ачык эле көрүнүп турат. Ал судьялардын аракетинен, процесстин өтүшүнөн, мыйзамсыз каралоолордон эле байкалууда. Эми элге чындыкты жеткирүүнүн башка жолдорун ойлошубуз керек. Бирок ал кандай чындык экенин азыр айта албайбыз. Айтсак, ал жолду дагы эртең эле бууп коюшат. 20 жылдан бери бул өлкөдө эч качан доо арыз берген гезит уткан эмес, ошондуктан биз дагы арыз менен кайрылышыбыздын кажети жок.

Прессанын укугун коргоо менен алектенген “Адил сөз” уюмунун президенти Тамара Калееванын пикиринде, Казакстанда соңку кездери маалымат каражаттарына каршы сот жараяндарында, журналисттер же гезиттердин редакторлору эмес, гезиттердин өзү жоопкерчиликке тартылганы таң калычтуу көрүнүш.

Укук коргоочу “Ассанди таймс” гезитинин жабылышын ошол “мыйзамсыз аракеттердин уланышы ” деп эсептейт.

2012 –жылдын аягында, 2013-жылдын башында “К-плюс” телеканалы жана “Республика” гезити баштаган 28 массалык маалымат каражаты соттун “бирдиктүү экстремисттик маалымат каражаттары” деп таанылсын деген чечиминин негизинде жабылган.

Өткөн жылдын аягында Жогорку Сот бул медиалардын өкүлдөрүнүн аппеляциялык арызын канааттандырган эмес.

“Ассанди-Таймс” боюнча биринчи сот иши жоопкер тараптын катышуусусуз өткөн. Ага чейин 1-апрелде, сот аткаруучулар гезиттин кеңселерин жаап, мөөр басып кетишкен эле.

Алматыда чыгуучу “Ассанди-Таймс” гезитинин нускасы жети жарым миңге жеткен.
Басылма Казакстанда чыгып жаткан саналуу оппозициялык гезиттердин бири эле. Өткөн жумада сот Алматыда дагы бир оппозициялык басылма - “Правдивая газетаны” жабуу чечимин чыгарган.
XS
SM
MD
LG